Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 464 «Тышкы соода чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өнүктүрүү жана экспорттук-импорттук жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента Кыргызской Республики от 15 августа 2022 года УП № 283 "О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-08-15.
КР Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ N 283 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2007-жылдын 23-октябры ПЖ № 464 Тышкы соода чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өнүктүрүү жана экспорттук-импорттук жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө
(КР Президентинин 2008-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 452 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Тышкы соода чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өнүктүрүү жана турмушка ашыруу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачыктыгын, сапатын жогорулатуу жана керектөөчүгө багыттоо, ишкердин акниеттүүлүк принцибин киргизүү, ошондой эле мамлекеттин жана бизнес субъекттердин ортосундагы өнөктөштүктү жана ишенимди өнүктүрүү максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жана башка мамлекеттик органдар төмөнкүлөрдү көрсөтүлгөн чөйрөдө мамлекеттик саясаттын негизги багыттары деп эсептесин:
- тышкы сооданын администрациялык жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана оптималдаштыруу;
- тышкы соодага тиешелүү бардык жөнгө салуучу талаптарды аткаруу максатында бирдиктүү өткөрүү каналын пайдалануу менен маалыматты жана документтерди стандартташтырууга мүмкүндүк берген "бирдиктүү терезе" механизмин киргизүү;
- тышкы соода ишин жүзөгө ашыруунун учурдагы маалыматтык технологияларын жана жаңы механизмдерин киргизүү;
- эларалык стандарттарга ылайык келүү максатында тышкы соода чөйрөсүндө региондук транзиттик системаларды түзүүгө багытталган чараларды киргизүү.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: тышкы сооданын администрациялык жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана оптималдаштыруу максатында:
- бир айлык мөөнөттө экспорт жана импорт чөйрөсүндө учурдагы администрациялык жол-жоболорду оптималдаштыруу жана кыскартуу боюнча чараларды көрсүн;
- бажы жыйымдарын төлөө учурунда товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык тариздөө боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн бажы органдарынын чыгымдарынын наркынын чегин бир айлык мөөнөттө аныктасын жана бекитсин;
- жүктөрдү өткөрүү пункттарынын жалпы санынын ичинен чегарада баштапкы санитардык контролдун милдеттүү түрдө болушун жана аны жүзөгө ашырууну камсыз кылуу зарыл болгон пункттардын тизмесин бир айлык мөөнөттө аныктасын;
- жүктөрдү өткөрүүнүн жогоруда аталган пункттарында мамлекеттик органдардын өзара аракеттенүүсүнүн тартибин аныктасын;
- жогоруда көрсөтүлгөн өткөрүү пункттарын 2008-жылга бюджеттин долбооруна киргизүү үчүн аларды материалдык-техникалык жактан жабдуу жана уюштуруу жактан камсыз кылуу боюнча сунуштарды эки айлык мөөнөттө иштеп чыксын;
соодага жана жүк ташууларга көмөктөшүү боюнча чараларды координациялоо максатында:
- бир айлык мөөнөттө Соодага жана транспортко көмөктөшүү боюнча улуттук кеңешти түзсүн, Улуттук кеңештин Жобосун жана курамын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитсин;
-тышкы соода операциялары боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүү учурунда "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү максатында:
- "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү Концепциясын, ошондой эле тышкы соода ишин жүзөгө ашыруунун учурдагы жаңы маалыматтык технологияларын төрт айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин;
тышкы соода ишин жүзөгө ашыруунун учурдагы жаңы маалыматтык технологияларын жана жаңы механизмдерин киргизүү максатында:
- Экономикалык иштин субъекттеринин бирдиктүү мамлекеттик маалымат базасын түзүү жөнүндө маселени бир айлык мөөнөттө иликтесин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик маалыматтык ресурстар жана технологиялар агенттиги ишке тиешелүү мамлекеттик башкаруу органдарын тартуу укугу менен Экономикалык иштин субъекттеринин бирдиктүү мамлекеттик маалымат базасын түзүү жана техникалык коштоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
Экономикалык иштин субъекттеринин каттоо, маалыматтык жана башка идентификациялык маалыматтарын чагылдырган колдо бар ведомстволук маалыматтар базасынын негизинде экономикалык иштин субъекттеринин Бирдиктүү мамлекеттик маалыматтар базасын (мындан ары - Бирдиктүү база) түзүү жана киргизүү этап боюнча жүзөгө ашырылсын:
- эки айлык мөөнөттө ведомстволук маалыматтар базасынын негизинде Бирдиктүү базанын түзүмү аныкталсын (I этап);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик маалыматтык ресурстар жана технологиялар агенттиги:
- үч айлык мөөнөттө Бирдиктүү базаны түзүү жана Бирдиктүү базадан маалыматтарды алуу (II этап) үчүн маалыматтарды берүүнүн регламентин иштеп чыксын;
- таламдаш жактарга Бирдиктүү базага ээ болуу (III этап) каражаттарын берсин.
(КР Президентинин 2008-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 452 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 17 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (17)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 54 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик…Постановление · 02.02.2010 · № 54
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы №390 "«Бирдиктүү терезе» принциби боюнча тышкы соода операцияларын ишке ашыруу үчүн документтерди тариздөөдө мамлекеттик органдардын жана…Постановление · 11.06.2012 · № 390
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-февралындагы №120 "Тез бузулуучу продукциялардын тизмесин бекитүү жөнүндө"токтомуПостановление · 12.02.2009 · № 120
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 283 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.08.2022 · № 283
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы № 677"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган…Постановление · 05.12.2008 · № 677
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-июнундагы № 300-б (Ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлүшү боюнча) буйругуРаспоряжение · 12.06.2009 · № 300-р · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын 29 январь 2008ж. №29 Окмотунун "Кыргыз Республикасынын Соода жана транспорт чөйрөсүнө көмөк көрсөтүү боюнча улуттук кеңешин түзүү жөнүндө ТоктомПостановление · 29.01.2008 · № 29 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-апрелиндеги №140 "Бажылык тариздөөнү жүргүзүүдө бажы органдарынын сарптоолорунун чектик наркын белгилөө жөнүндө"токтомуПостановление · 10.04.2008 · № 140 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-июнундагы №315 "Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү концепциясы жөнүндө"токтомуПостановление · 19.06.2008 · № 315 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-апрелиндеги №206 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүдө Кыргыз Республикасына ташып келинүүчү фитосанитардык контролдоого жана…Постановление · 01.04.2009 · № 206 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-мартындагы № 101 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин жаныбарлар…Постановление · 09.03.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-февралындагы №76 "Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси…Постановление · 04.02.2009 · № 76 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2008-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 452 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы "Тышкы соода чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өнүктүрүү…Указ · 18.12.2008 · № 452 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-майындагы №241"Экспорт жана импорт лицензиялар боюнча ишке ашырылуучу товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 26.05.2008 · № 241 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-мартындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"токтомуПостановление · 05.03.2008 · № 72 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 токтому менен бекитилген…Постановление · 30.05.2008 · № 250 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январы № 13 "Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү долбоорунун…Постановление · 15.01.2010 · № 13 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 283 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.08.2022 · № 283
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Президентинин 2008-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 216 "Ж.Шарипов жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 16.06.2008 · № 216