Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу «Тышкы соода чөйрөсүндөгү «Бирдиктүү терезе борбору» мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңеши жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 2-февралы № 54 Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңеши жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-октябрындагы № 756, 2013-жылдын 25-мартындагы № 149, 2014-жылдын 3-февралындагы № 67, 2008-жылдын 18-июлундагы № 433,Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 59, 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 528 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы № 464 "Тышкы соода чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты өнүктүрүү жана экспорттук-импорттук жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы № 539 "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бир терезе борбору" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңеши түзүлсүн.
2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңешинин курамы;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңешинин жобосу.
Премьер-министр
Д.Үсөнов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 54 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңешинин КУРАМЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 59, 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 528 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары, Байкоочу кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы, Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун директору; Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча); "Сатуучулардын (өндүрүүчүлөрдүн жана дистрибьюторлордун) ассоциациясы" ЮЖБнын президенти (макулдашуу боюнча); Шайкештикти баалоо жана контролдоо боюнча органдардын ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча); Кыргызстандын жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы №54 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик…Постановление · 02.02.2010 · № 54
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине…Постановление · 07.02.2022 · № 59 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 18-июлундагы № 433 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу “Тышкы…Постановление · 18.07.2017 · № 433 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (8)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-августундагы №539 ""Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бир терезе" борбору" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.08.2009 · № 539
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы №54 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик…Постановление · 02.02.2010 · № 54
- КР Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы ПЖ № 464 "Тышкы соода чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өнүктүрүү жана экспорттук-импорттук жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча чаралар…Указ · 23.10.2007 · № 464 · Күчүн жоготкон
8 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 661 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 "Кыргыз…Постановление · 12.12.2023 · № 661
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.