Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык тариздөө жана бажылык контролдоо боюнча нускамага өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Окмотун Токтому №250 200жыл 30 май
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 10 августа 2015 года № 564 "О мерах по реализации требований статей 95, 101, 102, 105, 128, 135, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232 Закона Кыргызской Республики "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-08-10.
КР Өкмөтүнүн
2015-жылдын 10-августундагы N 564 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 30-майы № 250
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке
ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 токтому менен
бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы аркылуу
өткөрүлүүчү товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык
тариздөө жана бажылык контролдоо боюнча нускамага
өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы №
464 "Тышкы соода чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өнүктүрүү жана экспор-
ттук-импорттук жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлы-
гына ылайык, ошондой эле экспорттук-импорттук жол-жоболорду өркүндөтүү
жана ишкердиктин субъекттери тарабынан берилүүчү документтердин тизме-
син кыскартуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу
боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын
28-декабрындагы N 961 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын
Бажы чегарасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды жана транспорт каражатта-
рын бажылык тариздөө жана бажылык контролдоо боюнча нускамага
төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 3-пункттун экинчи абзацында "жана жањы календардык жыл келгенде
жањыланышы керек. Өзгөртүүлөргө учураган маалыматтар гана жањыланууга
тийиш." деген сөздөр алып салынсын.
- 4 жана 5-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Тышкы экономикалык иштин катышуучусу маалымат түзүү үчүн тышкы
экономикалык иштин катышуучусу жөнүндө зарыл маалыматтарды камтыган
белгиленген үлгүдөгү билдирмени бажы органына берет (№ 10 тиркеме).
Тышкы экономикалык иштин катышуучусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары-
на ылайык билдирмеде камтылуучу берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн
жоопкерчилик тартат. Билдирмеде көрсөтүлгөн маалыматтарда өзгөртүүлөр
пайда болгон учурда тышкы экономикалык иштин катышуучусу жањыланган ма-
алыматтар менен билдирмени 10 жумуш күнүнөн кечиктирбестен бажы органы-
на берет. Билдирмеде көрсөтүлгөн маалыматтар тышкы экономикалык иштин
катышуучусу тарабынан документтердин түп нускасын берүү менен ырасталы-
шы мүмкүн .".
- 7.2-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык № 10 тиркеме менен толуктал-
сын.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети өзүнүн чечим-
дерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн тартып
күчүнө кирет.
Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 20-майындагы
№ 250 токтомуна
тиркеме
"№ 10 тиркеме
___________________________________ Бажы органынын аталышы
Юридикалык жактар үчүн тышкы экономикалык иштин
катышуучусу тууралуу маалыматтарды түзүүгө билдирме
Аталышы___________________________________________________________
Жактын юридикалык статусун
аныктаган документ
________________________________________________________(*)
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоо-
дон өткөндүгү тууралуу маалымат
_______________________________________________________________(*)
(күбөлүктүн №, күнү)
Салык төлөөчүнүн идентификациялык салыктык номери _____________(*)
Маалымдаректер
__________________________________________тел.____________________
Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердик жүргүзүү боюнча укуктук
мүмкүнчүлүгүн тастыктаган маалыматтар
______________________________________________________________(**)
(*) - Билдирмеге маалыматтарды камтыган документтердин
күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү кошо тиркелет.
(**) - чет өлкөлүк юридикалык жактын филиалы же өкүлчүлүгү тарабы-
нан толтурулат.
Маалыматтардын тууралыгын ырастайм М.О.
__________________________(жетекчинин аты-жөнү, колу)
___________________________________ Бажы органынын аталышы
Жеке адамдар үчүн тышкы экономикалык иштин катышуучусу
тууралуу маалыматтарды түзүүгө билдирме
Аты-жөн___________________________________________________________
Паспорт___________________________________________________(*) (**)
(сериясы, №, ким тарабынан берилген, күнү)
Социалдык камсыздандыруу органдары берүүчү жеке идентификациялык
номер______________________________________________________________(**)
Жашаган жери _________________________________ тел.___________
Ыктыярдуу билдирилүүчү башка маалыматтар__________________________
__________________________________________________________________
(*) - Чет өлкөлүк адам дипломаттык паспорт, чет өлкөлүк адамдар
үчүн аккредитациялык карточка жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер
министрлигинин же ыйгарым укуктуу органдын тастык-каты тууралуу маалы-
маттар көрсөтүлөт.
(**) - Табыштамага маалыматтарды камтыган документтердин
күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү кошо тиркелет.
Маалыматтардын тууралыгын ырастайм М.О.
________________________________
(Жетекчинин аты-жөнү, колу)
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95 ,101, 102, 105, 128…Постановление · 10.08.2015 · № 564
- (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 токтому менен бекитилген) Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды жана транспорт…Инструкция · 28.12.2004 · № 961 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2015-жылдын 10-августунун № 564 токтомуПостановление · 10.08.2015 · № 564
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95 ,101, 102, 105, 128…Постановление · 10.08.2015 · № 564
- КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 28.12.2004 · № 961 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы ПЖ № 464 "Тышкы соода чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өнүктүрүү жана экспорттук-импорттук жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча чаралар…Указ · 23.10.2007 · № 464 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Инструкция по проведению посттаможенного контроля (Утверждена постановлением Правительства Кыргызской Республики от 28 декабря 2004 года № 961)Инструкция · 28.12.2004 · № 961 · Күчүн жоготкон