Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 157 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын кээ бир маселелери жөнүндө» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2013-жылдын 4-июлу ПЖ № 157 Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын кээ бир маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ишин финансы жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылган мамлекеттик орган болуп саналгандыгын эске алуу менен, анын ишинин андан ары жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алуу менен ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына кайра аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы № 111 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1) аталышында, преамбуласында, 1- жана 2-пункттагы ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө Жободо:
- аталышында жана 1-пункттагы ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"6. Иш башкармасынын түзүмү жана штаттык саны Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусу (мындан ары - иш башкаруучусу) тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти белгиленген штаттык сандын чегинде бекитилет.";
- 11-пункт төмөнкү мазмундагы 16-1 жана 16-2-пунктчалар менен толукталсын:
"16-1) инвестицияларды тартуу менен турак-жайларды, социалдык-тиричилик жана өндүрүштүк багыттагы объекттерди, администрациялык имараттарды жана жайларды, анын ичинде үлүштүк катышуу тартибинде долбоорлоону жана курууну уюштурууга; 16-2) ишмердигин камсыз кылуу Иш башкармасына жүктөлгөн кызмат адамдарынын, Президенттин Аппаратынын, Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлеринин жана Иш башкармасынын кызматкерлеринин турак-жай-социалдык шарттарын жакшыртуу менен байланышкан кыймылсыз мүлктү сатып алуу жана башкаруу боюнча чараларды көрүүгө;";
- 16 жана 17-пункттар төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"16. Иш башкармасына иш башкаруучу жетекчилик кылат, ал Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордунан бошотулат.
17. Иш башкаруучунун орун басарлары, анын ичинде финансылык документтерге кол коюу укугу бар биринчи орун басары болот, алар иш башкаруучунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.";
- 18-пункттагы "финансы документтерине кол коюу укугу берилген" деген сөздөр алып салынсын;
- 19-пункттун 19-пунктчасындагы "антимонополиялык орган менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр "белгиленген тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 19-октябрындагы № 300 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-аракеттерин материалдык-техникалык жана финансы жагынан камсыз кылууну андан ары өркүндөтүү жөнүндө" Указы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 4-июлундагы № 264 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык жактан камсыз кылууну оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгынын 2-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-августундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун ишин материалдык-техникалык жана финансылык жактан камсыз кылууну оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгынын 2-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы № 464 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Жарлыгынын 2-пункту.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- КР Президентинин Иш башкармасы жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы № 111 Жарлыгы менен бекитилген)Положение · 13.05.2011 · № 111
- КР Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы ПЖ № 111 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" жарлыгыУказ · 13.05.2011 · № 111
- КР Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы ПЖ № 464 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" ЖарлыгыУказ · 15.10.2005 · № 464
- КР Президентинин 2001-жылдын 19-октябрындагы ПУ № 300 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-аракеттерин материалдык-техникалык жана финансы жагынан камсыз кылууну…Указ · 19.10.2001 · № 300 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 575 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.10.2013 · № 575 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- КР Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы ПЖ № 111 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" жарлыгыУказ · 13.05.2011 · № 111
- КР Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы ПЖ № 464 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" ЖарлыгыУказ · 15.10.2005 · № 464
- КР Президентинин 2001-жылдын 19-октябрындагы ПУ № 300 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-аракеттерин материалдык-техникалык жана финансы жагынан камсыз кылууну…Указ · 19.10.2001 · № 300 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 4-июлундагы ПЖ № 264 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын ишин материалдык- техникалык жана…Указ · 04.07.2005 · № 264 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-августундагы ПЖ № 341 "Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун ишин…Указ · 30.08.2005 · № 341 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон