Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 341 «Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун ишин материалдык-техникалык жана финансылык жактан камсыз кылууну оптималдаштыруу жөнүндө» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 31 мая 2022 года УП № 172 " О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2005-08-30.
КР Президентинин
2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына
ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 30-августундагы ПЖ № 341
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун
жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун ишин
материалдык-техникалык жана финансылык жактан
камсыз кылууну оптималдаштыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-статьясына ылайык жана
Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сстунун, Кыргыз Республикасынын
Жогорку Сотунун көзкарандысыз жана натыйжалуу иши үчүн зарыл шарттарды
түзүү, ошондой эле алардын ишин материалдык-техникалык жана финансылык
жактан камсыз кылууну андан ары оптималдаштыруу максатында токтом кы-
лам:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун жана Кыргыз Рес-
публикасынын Жогорку Сотунун ишин материалдык-техникалык жана финансы-
лык жактан камсыз кылуу аталган органдар тарабынан өзалдынча жүргүзүлө
тургандыгы белгиленсин.
2. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ишин материал-
дык-техникалык жана финансылык жактан камсыз кылууну андан ары
өркүндөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын
19-октябрындагы № 300 Указынын 1-пунктуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кирги-
зилсин;
- экинчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун,
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку
Арбитраждык сотунун" деген сөздөр алып салынсын;
- үчүнчү абзацта "жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Арбитраждык
сотунун" деген сөздөр алып салынсын;
- төртүнчү абзацта "жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Арбитраж-
дык сотунун" деген сөздөр алып салынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы белгиленген
тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун жана Кыргыз Рес-
публикасынын Жогорку Сотунун балансына төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Кыргыз Рес-
публикасынын Конституциялык Сотун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку
Сотун тейлеген кызматкерлеринин штатын:
Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун жана Кыргыз Респуб-
ликасынын Жогорку Сотунун ишин камсыз кылуу үчүн колдонулуучу финансы-
лык материалдык-техникалык жана башка мүлктү;
- төмөнкүдөй сунуштарды даярдасын жана киргизсин:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын түзүмүн жана
штаттык санын өзгөртүү:
Мамлекет башчынын ченемдик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ылайык
келтирүү боюнча.
4. Кыргыз Республикасынын Конституциялык Соту жана Кыргыз Респуб-
ликасынын Жогорку Соту белгиленген тартипте:
- төмөнкүлөрдү өз балансына кабыл алсын:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Кыргыз Рес-
публикасынын Конституциялык Сотун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку
Сотун тейлеген кызматкерлеринин штатын;
Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун жана Кыргыз Респуб-
ликасынын Жогорку Сотунун ишин камсыз кылуу үчүн колдонулуучу финансы-
лык, материалдык-техникалык жана башка мүлктү.
5. Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун жана Кыргыз Рес-
публикасынын Жогорку Сотунун Төрагаларына эки айлык мөөнөттө Кыргыз
Республикасынын Конституциялык Сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жо-
горку Сотунун аппараттарынын түзүмүнө жана штаттык санына тийиштүү
өзгөртүүлөрдү киргизүү сунуш кылынсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу, финансылык жана башка ма-
селелерди чечсин;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
7. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациялык Жетекчисине жүктөлсүн.
8. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 20-декабры № 703 Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун балансына администрациялык имаратты өткөрүп берүү жөнүндөПостановление · 20.12.2008 · № 703
- КР Президентинин 2013-жылдын 4-июлундагы ПЖ № 157 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын кээ бир маселелери жөнүндө" жарлыгыУказ · 04.07.2013 · № 157
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
- КР Президентинин 2001-жылдын 19-октябрындагы ПУ № 300 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-аракеттерин материалдык-техникалык жана финансы жагынан камсыз кылууну…Указ · 19.10.2001 · № 300 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
- КР Президентинин 2001-жылдын 19-октябрындагы ПУ № 300 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-аракеттерин материалдык-техникалык жана финансы жагынан камсыз кылууну…Указ · 19.10.2001 · № 300 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон