Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 464 «Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2005-жылдын 15-октябры ПЖ № 464 Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу (КР Президентинин 2012-жылдын 25-январындагы ПЖ № 16, 2013-жылдын 4-июлундагы ПЖ № 157 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясын көзкарандысыз жана натыйжалуу иши үчүн зарыл шарт түзүү, ошондой эле анын ишин материалдык-техникалык жана финансылык жактан камсыз кылууну андан ары оптималдашгыруу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык жактан камсыз кылуу аталган орган тарабынан өзалдынча жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
2. (КР Президентинин 2013-жылдын 4-июлундагы ПЖ № 157 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Президентинин 2012-жылдын 25-январындагы ПЖ № 16 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын ишин камсыз кылуу үчүн пайдаланылган Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын финансылык материалдык-техникалык каражаттарын жана башка мүлкүн өткөрүп берсин, ал эми Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы балансына кабыл алсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу финансы жана башка маселелерди чечсин;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- КР Президентинин 2013-жылдын 4-июлундагы ПЖ № 157 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын кээ бир маселелери жөнүндө" жарлыгыУказ · 04.07.2013 · № 157
- КР Президента КР от 25 января 2012 года № 16 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгыУказ · 25.01.2012 · № 16
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө Жобо (№ 1 тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 5-декабрындагы № 354 Указы менен бекитилген)Положение · 05.12.2001 · № 354 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2001-жылдын 19-октябрындагы ПУ № 300 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-аракеттерин материалдык-техникалык жана финансы жагынан камсыз кылууну…Указ · 19.10.2001 · № 300 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Президентинин 2013-жылдын 4-июлундагы ПЖ № 157 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын кээ бир маселелери жөнүндө" жарлыгыУказ · 04.07.2013 · № 157
- КР Президента КР от 25 января 2012 года № 16 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгыУказ · 25.01.2012 · № 16
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 5-декабрындагы № 354 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" жарлыгыУказ · 05.12.2001 · № 354 · Күчүн жоготкон