Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПУ № 300 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-аракеттерин материалдык-техникалык жана финансы жагынан камсыз кылууну андан ары өркүндөтүү жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 4 июля 2013 года УП № 157 "О некоторых вопросах Управления делами Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-07-04.
КР Президентинин 2013-жылдын 4-июлундагы ПЖ № 157 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2001-жылдын 19-октябры ПУ № 300 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-аракеттерин материалдык-техникалык жана финансы жагынан камсыз кылууну андан ары өркүндөтүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 4-июлундагы ПЖ № 264 Жарлыгынын, 2005-жылдын 30-августундагы ПЖ № 341 Жарлыгынын, 2005-жылдын 15-октябрындагы ПЖ № 464 Жарлыгынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-аракеттерин материалдык-техникалык жана финансы жагынан камсыз кылууну талдоо алардын финансы-чарбалык кызматтарында кемчиликтер жана мүчүлүштүктөр бар экендигин, милдеттердин кайталануучулугуна жана регламенттелген бюджеттик каражаттардын ашыкчы чыгымдалышына жол бериле тургандыгын көрсөттү. Булардын бардыгы жарандардын адилеттүү нааразычылыгын пайда кылып, алардын мамлекеттик органдарга карата болгон мамилесине терс таасирин тийгизүүдө. Белгиленген кемчиликтерди жоюу жана финансы тартибин чыңдоо, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-аракеттерин материалдык-техникалык жана финансы жагынан камсыз кылуу системасын андан ары оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы (мындан ары - Иш башкармасы) Кыргыз Республикасынын Президентине түздөн-түз баш ийген жана отчет берген мамлекеттик орган катары төмөнкүлөрдү ишке ашыра тургандыгы белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын жана Эл өкүлдөр жыйынынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын Аппаратынын ишин материалдык-техникалык жана финансы жагынан камсыз кылууну;
- Кыргыз Республикасынын Президентин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын жана Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттарын, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасын жана аудиторлорун социалдык-тиричилик жана медициналык жактан тейлөөнү;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын жана Эл өкүлдөр жыйынынын, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараттарынын кызматкерлерин социалдык-тиричилик жана медициналык жактан тейлөөнү.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 4-июлундагы ПЖ № 264 Жарлыгынын, 2005-жылдын 30-августундагы ПЖ № 341 Жарлыгынын, 2005-жылдын 15-октябрындагы ПЖ № 464 Жарлыгынын редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталарынын Материалдык-техникалык жана финансы жагынан камсыз кылуу департаменти функцияларын Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына өткөрүп берүү менен жоюлсун.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынына функцияларын Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына өткөрүп берүү менен палатанын финансы-чарбалык башкармасын жоюу сунуш кылынсын.
3. Быйылкы жылдын аягына чейин Иш башкармасынын иш-аракеттерин финансылоо 2001-жылга карата Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталарынын ишин материалдык-техникалык жана финансы жагынан камсыз кылуу департаменти, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, Кыргыз Республикасынын Жогорку Арбитраждык соту, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын чектеринде ишке ашырыла тургандыгы аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталарынын материалдык-техникалык жана финансы жагынан камсыз кылуу департаментинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын финансы-чарбалык башкармасынын, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын финансы-чарбалык кызматтарынын карамагындагы материалдык-техникалык жана башка мүлктү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Сот департаментинин финансы каражаттарынын бир бөлүгүн, материалдык-техникалык жана башка мүлкүн белгиленген тартипте Иш башкармасынын балансына кабыл алсын;
- 2001-жылдын 1-декабрына чейин Иш башкармасынын кызматкерлеринин санын 30 процентке кыскартуу менен анын структурасы жана кызмат орундарынын саны, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө Жобо даярдалсын жана бекитүүгө киргизилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, Кыргыз Республикасынын Жогорку Арбитраждык соту менен бирдикте 2002-жылдын 1-январына чейин ушул Указдан келип чыккан тийиштүү мыйзамдардын долбоорлорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин жана аларды 2002-жылдын 1-апрелине чейин кабыл алууну камсыз кылсын;
- ушул Указдан келип чыккан уюштуруу, финансы жана башка маселелерди чечсин;
- өз чечимдерин ушул Указга ылайык келтирсин.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин төмөнкү Указдары күчүн жоготту деп таанылсын:
- 1994-жылдын 1-ноябрындагы № 290 "Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жөнүндөгү";
- 1996-жылдын 21-майындагы № 170 "Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жөнүндөгү";
- 1998-жылдын 31-июлундагы № 242 "Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жөнүндөгү";
- 1998-жылдын 1-сентябрындагы № 269 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин материалдык-техникалык жана финансы жагынан камсыз кылуу жөнүндөгү";
- 1998-жылдын 6-октябрындагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 1-сентябрындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин материалдык-техникалык жана финансы жагынан камсыз кылуу жөнүндөгү" Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу";
- 2000-жылдын 14-апрелиндеги № 85 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталарынын ишин материалдык-техникалык жана финансы жагынан камсыз кылуу Департаменти жөнүндөгү";
- 2000-жылдын 29-июнундагы № 165 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 1-сентябрындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин материалдык-техникалык жана финансы жагынан камсыз кылуу жөнүндөгү" жана "2000-жылдын 14-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталарынын ишин материалдык-техникалык жана финансы жагынан камсыз кылуу Департаменти жөнүндөгү" Указдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу".
7. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.
8. Бул Указ жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 10 · цитата келтиргендер: 12 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (12)
- КР Президентинин 2013-жылдын 4-июлундагы ПЖ № 157 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын кээ бир маселелери жөнүндө" жарлыгыУказ · 04.07.2013 · № 157
- Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 4-июлундагы ПЖ № 264 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын ишин материалдык- техникалык жана…Указ · 04.07.2005 · № 264 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-августундагы ПЖ № 341 "Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун ишин…Указ · 30.08.2005 · № 341 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 31 июля 1998 года УП №242 "О Судебном департаменте Кыргызской Республики"Указ · 31.07.1998 · № 242 · Күчүн жоготкон
- Положение о Судебном департаменте Кыргызской Республики (Утверждено Указом Президента Кыргызской Республики от 31 июля 1998 года УП №242)Положение · 31.07.1998 · № 242 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 1 сентября 1998 года УП №269 "О материально-техническом и финансовом обеспечении деятельности Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"Указ · 01.09.1998 · № 269 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 1 ноября 1994 года УП №290 "О Судебной администрации при Совете судей Кыргызской Республики"Указ · 01.11.1994 · № 290 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 21 мая 1996 года УП N 170 "О Судебном департаменте Кыргызской Республики"Указ · 21.05.1996 · № 170 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 14 апреля 2000 года УП № 85 "О Департаменте материально-технического и финансового обеспечения деятельности палат Жогорку Кенеша Кыргызской РеспубликиУказ · 14.04.2000 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 25 марта 2002 года №159 "О внесении изменений и дополнений в Положение о Судебном департаменте при Министерстве юстиции Кыргызской Республики…Постановление · 25.03.2002 · № 159 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 29 июня 2000 года УП №165 " О внесении изменений и дополнений в указы Президента Кыргызской Республики "О материально-техническом и финансовом обеспечении…Указ · 29.06.2000 · № 165 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 6 октября 1998 года №302 "О внесении изменений и дополнения в Указ Президента Кыргызской Республики "О материально-техническом и финансовом обеспечении…Указ · 06.10.1998 · № 302 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (10)
- КР Президентинин 2013-жылдын 4-июлундагы ПЖ № 157 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын кээ бир маселелери жөнүндө" жарлыгыУказ · 04.07.2013 · № 157
- Указ Президента КР от 1 сентября 1998 года УП №269 "О материально-техническом и финансовом обеспечении деятельности Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"Указ · 01.09.1998 · № 269 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 4-июлундагы ПЖ № 264 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын ишин материалдык- техникалык жана…Указ · 04.07.2005 · № 264 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 1 ноября 1994 года УП №290 "О Судебной администрации при Совете судей Кыргызской Республики"Указ · 01.11.1994 · № 290 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 21 мая 1996 года УП N 170 "О Судебном департаменте Кыргызской Республики"Указ · 21.05.1996 · № 170 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 14 апреля 2000 года УП № 85 "О Департаменте материально-технического и финансового обеспечения деятельности палат Жогорку Кенеша Кыргызской РеспубликиУказ · 14.04.2000 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 6 октября 1998 года №302 "О внесении изменений и дополнения в Указ Президента Кыргызской Республики "О материально-техническом и финансовом обеспечении…Указ · 06.10.1998 · № 302 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 29 июня 2000 года УП №165 " О внесении изменений и дополнений в указы Президента Кыргызской Республики "О материально-техническом и финансовом обеспечении…Указ · 29.06.2000 · № 165 · Күчүн жоготкон
10 ичинен 8 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Распоряжение Правительства КР от 26 октября 1995 года №316-р (О служебном автотранспорте)Распоряжение · 26.10.1995 · № 316