Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ №31 «Кыргыз Республикасынын Ош, Баткен жана Талас облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 31 мая 2022 года УП № 172 " О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-05-31.
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2011-жылдын 10-февралы ПЖ №31 Кыргыз Республикасынын Ош, Баткен жана Талас облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кеңеш айылдык округунун кеңешинин, Алай районундагы Коңур-Дөбө, Кабылан-Көл айылдык округдарынын кеңештеринин, Кара-Суу районундагы Сары-Колот, Отуз-Адыр айылдык округдарынын кеңештеринин, Ноокат районундагы Н.Исанов, Көк-Бел айылдык округдарынын кеңештеринин, Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек, Ак-Сай, Актатыр айылдык округдарынын кеңештеринин, Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер, Бейшеке, Бакыян айылдык округдарынын кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрүнүн аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 80-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алуу менен ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кеңеш айылдык округунун кеңешинин, Алай районундагы Коңур-Дөбө, Кабылан-Көл айылдык округдарынын кеңештеринин, Кара-Суу районундагы Сары-Колот, Отуз-Адыр айылдык округдарынын кеңештеринин, Ноокат районундагы Н.Исанов, Көк-Бел айылдык округдарынын кеңештеринин, Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек, Ак-Сай, Актатыр айылдык округдарынын кеңештеринин, Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер, Бейшеке, Бакыян айылдык округдарынын кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2011-жылдын 17-апрелине дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык өткөрүүнү камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- шайлоону өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык зарыл финансы каражаттарын бөлсүн;
- шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа, Алай, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун, Баткен облусунун Баткен районунун, Талас облусунун Кара-Буура районунун мамлекеттик администрацияларынын башчылары шайлоо комиссияларына шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 11-февралындагы № 4 "Кыргыз Республикасынын Ош, Баткен жана Талас областтарынын…Постановление · 11.02.2011 · № 4
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 11-февралындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын Ош, Баткен жана Талас областтарынын…Постановление · 11.02.2011 · № 5
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон