Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Ош, Баткен жана Талас областтарынын жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 11-февралы № 5 Кыргыз Республикасынын Ош, Баткен жана Талас областтарынын жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын Ош, Баткен жана Талас областтарынын жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" 2011-жылдын 10-февралындагы № 31 Жарлыгын аткарып, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 80-беренесинин 1-пунктунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 6-пунктунун 4-пунктчасын жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ош областынын Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл округунун, Алай районунун Коңур-Дөбө, Кабылан-Көл айыл округдарынын, Кара-Суу районунун Сары-Колот, Отуз-Адыр айыл округдарынын, Ноокат районунун Н.Исанов, Көк-Бел айыл округдарынын, Баткен областынын Баткен районунун Самаркандек, Аксай, Актатыр айыл округдарынын, Талас областынын Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке, Бакыян айыл округдарынын кеңештеринин депутаттарын 2011-жылдын 17-апрелине дайындалган шайлоону даярдоо жана өткөрүүгө 1533500 (бир миллион беш жүз отуз үч миң беш жүз) сом (сметалар тиркелет) суммасындагы чыгымдардын сметасы бекитилсин.
2. Финансалык жана материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмү (Б.Салыкбаева) Кыргыз Республикасынын Ош, Баткен жана Талас областтарынын жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүүгө бекитилген сметага ылайык каржылоону өткөрсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо финансалык жана материалдык-камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Б.Д.Салыкбаевага жүктөлсүн.
Төрага
А Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2011-жылдын 10-февралындагы ПЖ №31 "Кыргыз Республикасынын Ош, Баткен жана Талас облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө"…Указ · 10.02.2011 · № 31 · Күчүн жоготкон