Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Ош, Баткен жана Талас областтарынын жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруучулук-практикалык иш чаралардын Календарлык планы жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 11-февралы № 4 Кыргыз Республикасынын Ош, Баткен жана Талас областтарынын жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруучулук-практикалык иш чаралардын Календарлык планы жөнүндө Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 1-4-пунктчаларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын Ош, Баткен жана Талас областтарынын жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" 2011-жылдын 10-февралындагы № 31 ПЖ Жарлыгынын негизинде, шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ош, Баткен жана Талас областтарынын жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруучулук-практикалык иш чаралардын Календарлык планы (тиркелет) бекитилсин.
2. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.
Төрага
А.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Кара-Бак айылдык кеңешинин 2013-жылдын 25-февралындагы № 03/09 "Баткен коогаланынын катышуучулары жонундо" токтомуПостановление · 25.02.2013 · № 03/09
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон