Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 47 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын жардамчылары жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун ишинин башка маселелери жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2010-жылдын 12-февралы ПЖ № 47 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын жардамчылары жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун ишинин башка маселелери жөнүндө (КР Президентинин 2012-жылдын 25-январындагы ПЖ № 16, 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237, 2014-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 201, Жарлыгынын редакциясына ылайык) Сот адилеттигин жүргүзүүнүн сапатын жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун ишин оптималдаштыруу жана соттук иштерди жана материалдарды кароодо алардын жүгүн азайтуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун аппараттарына 2010-жылдын 1-мартынан баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын жардамчыларынын (мындан ары - судьянын жардамчысы) кызмат орду киргизилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- жогорку юридикалык билими бар жана мамлекеттик кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген талаптарга жооп берген адамдар судьянын жардамчысы боло алат;
- судьянын жардамчысынын негизги милдети болуп судьяларга сот адилеттигин жүргүзүүдө жардам берүү саналат;
- судьянын жардамчысы судьянын тапшырмасы боюнча жана анын түздөн-түз жетекчилиги астында судьяга келип түшкөн соттук иштерди жана материалдарды иликтейт, аларды кароого даярдоону камсыз кылат, соттук иштерди жана материалдарды кароонун маңызы боюнча чыгарылган актылардан тышкары сот актыларынын долбоорлорун даярдайт, сот адилеттигин жүргүзүү менен байланышкан судьянын ишине башкача жардам берүүнү камсыз кылат.
3. (КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Президентинин 2014-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 201 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Президентинин 2014-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 201 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
6. (КР Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы ПЖ № 58 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
7. (КР Президентинин 2012-жылдын 25-январындагы ПЖ № 16 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
8. (КР Президентинин 2012-жылдын 25-январындагы ПЖ № 16 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту, Кыргыз Республикасынын Сот департаменти бир айлык мөөнөттө ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу жана башка маселелерди чечсин.
10. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын юридикалык кызматына жүктөлсүн.
11. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К. Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 10 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (10)
- Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 21-апрелиндеги № 143 Жарлыгы менен бекитилген)Положение · 21.04.2008 · № 143
- КР Президентинин 2014-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 201 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.11.2014 · № 201
- КР Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы ПЖ № 58 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 12-февралындагы "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын…Указ · 24.03.2020 · № 58
- КР Президента КР от 25 января 2012 года № 16 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгыУказ · 25.01.2012 · № 16
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-августундагы №176 "2010-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 26.08.2010 · № 176
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 3-майындагы № 216 "Кыргыз Республикасынын сотторунун ишин андан ары өркүндөтүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 03.05.2007 · № 216 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 27-августундагы ПЖ № 385 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" жарлыгыУказ · 27.08.2007 · № 385 · Күчүн жоготкон
- КР Президента 2009-жылдын 20-июлундагы ПЖ № 313 "Кыргыз Республикасынын сот системасынын ишин өркүндөтүүнүн кээ бир маселелери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 20.07.2009 · № 313 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын…Указ · 30.12.2013 · № 237 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-августундагы №176 "2010-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 26.08.2010 · № 176 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Президентинин 2014-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 201 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.11.2014 · № 201
- КР Президента КР от 25 января 2012 года № 16 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгыУказ · 25.01.2012 · № 16
- КР Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы ПЖ № 58 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 12-февралындагы "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын…Указ · 24.03.2020 · № 58
- КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын…Указ · 30.12.2013 · № 237 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борбору жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 21-апрелиндеги № 143 Жарлыгы менен…Положение · 21.04.2008 · № 143
- КР Президентинин 2008-жылдын 21-апрелиндеги ПЖ № 143 "Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын окуу Борбору…Указ · 21.04.2008 · № 143 · Күчүн жоготкон