Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 143 «Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын окуу Борбору жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 8 сентября 2023 года УП № 228 "О признании утратившими силу некоторых решений Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-09-08.
КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 228 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2008-жылдын 21-апрели ПЖ № 143 Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын окуу Борбору жөнүндө (КР Президентинин 2008-жылдын 30-майындагы ПЖ № 188, 2008-жылдын 19-июнундагы ПЖ № 223 2009-жылдын 20-июлундагы ПЖ № 313, 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237, 2014-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 201, 2022-жылдын 18-июлундагы ПЖ № 244 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторун материалдык-техникалык жана финансылык жактан талаптагыдай камсыз кылуу жана сот актыларын аткаруу, судьяларды окутуунун жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруунун бирдиктүү системасын түзүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Сот департаменти Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин карамагынан чыгарылсын жана ал Кыргыз Республикасынын Сот департаментине кайра түзүү менен Кыргыз Республикасынын сот бийлик бутагынын системасына киргизилсин.
Кыргыз Республикасынын Сот департаментине Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторун, Кыргыз Республикасынын сот адилеттик иштери боюнча Улуттук кеңешти жана судьялардын өзалдынча башкаруу органдарын материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу, ошондой эле мыйзам менен каралган соттук жана башка актыларды аткаруу боюнча функциялар жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын аскердик сотторун материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунун мурдагы тартиби сакталып калсын.
2. Кыргыз Республикасынын судьяларын окутуу Борбору Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин карамагынан чыгарылсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борборуна кайра түзүү менен Кыргыз Республикасынын сот бийлик бутагынын системасына киргизилсин.
Судьяларды, Кыргыз Республикасынын сотторунун, Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин аппараттарынын мамлекеттик кызматчыларын окутуу жана квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлерди окутуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борборунда гана жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борборуна, Кыргыз Республикасынын Сот департаментине жана анын бөлүмдөрүнө алар мурда ээлеп турган имараттар (жайлар) жана пайдаланган мүлктөрү сакталып калсын.
4. (КР Президентинин 2014-жылдын 5-ноябырындагы ПЖ № 201 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Президентинин 2014-жылдын 5-ноябырындагы ПЖ № 201 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борборуна аянты судьяларды, Кыргыз Республикасынын сотторунун, Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин аппараттарынын кызматчыларын жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлерди окутууга жана Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңешинин ишин камсыз кылууга мүмкүндүк берген тийиштүү имарат бөлүү жөнүндөгү маселени чечсин же Кыргыз Республикасынын судьяларын окутуу борбору үчүн ушундай имаратты курууга каражат бөлсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту, Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борбору өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин жана ушул Жарлыктан келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
8. Кыргыз Республикасынын соттук жана укук коргоо органдарын реформалоонун иштелип чыккан Концепциясынын алкагында белгилүү администрациялык-аймактык бирдиктердин базасында пилоттук долбоорду пайдалануу менен 2010-жылга чейин соттук приставдардын институтун киргизүү маселесин иштеп чыгууну максатка ылайыктуу деп эсептесин.
2008-жылдын 1-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, Сот департаменти, Өкмөтү соттук приставдардын институтунун пилоттук долбоорун өткөрүү жана киргизүү боюнча макулдашылган сунуштарды киргизсин.
9. (КР Президентинин 2008-жылдын 19-июнундагы ПЖ № 223 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
10. (КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
11. (КР Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы ПЖ № 244 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
12. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 31-июлундагы "Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жонундо" Жарлыгына толуктоо киргизуу тууралу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 17 февралындагы № 33 Жарлыгы кучун жоготту деп табылсын.
(КР Президентинин 2008-жылдын 30-майындагы ПЖ № 188 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:
- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу, финансылык жана башка маселелерди чечсин;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
14. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын укуктук саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
15. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 17 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (17)
- КР Президентинин 2014-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 201 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.11.2014 · № 201
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы ПЖ № 244 "Сот системасынын органдарынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына атайын класстык чендерди ыйгаруу…Указ · 18.07.2022 · № 244
- Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 21-апрелиндеги № 143 Жарлыгы менен бекитилген)Положение · 21.04.2008 · № 143
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борбору жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 21-апрелиндеги № 143 Жарлыгы менен…Положение · 21.04.2008 · № 143
- Постановление Правительства КР от 15 января 2009 года №23 "Стратегия развития страны (2009-2011 годы)"Стратегия · 17.01.2009 · № 23
- КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 228 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 08.09.2023 · № 228
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 19-июнундагы №223 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик…Указ · 19.06.2008 · № 223
- Постановление Правительства КР от 10 ноября 2008 года N 616 "О внесении изменений и дополнений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики"Постановление · 10.11.2008 · № 616
- Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 27-августундагы ПЖ № 385 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" жарлыгыУказ · 27.08.2007 · № 385 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы ПЖ № 607 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" буйругуУказ · 30.11.2005 · № 607 · Күчүн жоготкон
- КР Президента 2009-жылдын 20-июлундагы ПЖ № 313 "Кыргыз Республикасынын сот системасынын ишин өркүндөтүүнүн кээ бир маселелери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 20.07.2009 · № 313 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын сотторунун аппараттарынын мамлекеттик кызматчыларына атайын класстык чендерди беруунун тартиби жонундогу Жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин…Положение · 08.04.2004 · № 132 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2010-жылдын 29-сентябрындагы ПЖ № 217 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 21-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жана Кыргыз…Указ · 29.09.2010 · № 217 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын…Указ · 30.12.2013 · № 237 · Күчүн жоготкон
- 2008-жылдын 30-майы ПЖ № 188 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин" ЖарлыгыУказ · 30.05.2008 · № 188 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтунун токтому 2008-жылдын 30-июлу № 408 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы №…Постановление · 30.07.2008 · № 408 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 17 февраля 2000 года УП №33 "О внесении дополнения в Указ Президента Кыргызской Республики "О Судебном департаменте Кыргызской Республики" от 31 июля 1998…Указ · 17.02.2000 · № 33 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (8)
- КР Президентинин 2014-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 201 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.11.2014 · № 201
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы ПЖ № 244 "Сот системасынын органдарынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына атайын класстык чендерди ыйгаруу…Указ · 18.07.2022 · № 244
- КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 228 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 08.09.2023 · № 228
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 19-июнундагы №223 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик…Указ · 19.06.2008 · № 223
- КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын…Указ · 30.12.2013 · № 237 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 17 февраля 2000 года УП №33 "О внесении дополнения в Указ Президента Кыргызской Республики "О Судебном департаменте Кыргызской Республики" от 31 июля 1998…Указ · 17.02.2000 · № 33 · Күчүн жоготкон
8 ичинен 6 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Президентинин 2010-жылдын 12-февралындагы ПЖ № 47 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын жардамчылары жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун…Указ · 12.02.2010 · № 47
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 8-апрелинин ПЖ N 132 "Кыргыз Республикасынын сотторунун аппараттарынын мамлекеттик кызматчыларына атайын класстык чендерди…Указ · 08.04.2004 · № 132 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2008-жылдын 26-декабрындагы ПЖ № 467 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 26.12.2008 · № 467 · Күчүн жоготкон