Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президента ПЖ № 313 «Кыргыз Республикасынын сот системасынын ишин өркүндөтүүнүн кээ бир маселелери жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 5 ноября 2014 года УП № 201 "О некоторых решениях Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2014-11-05.
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-ноябрындагы №201 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 20-июлу ПЖ № 313 Кыргыз Республикасынын сот системасынын ишин өркүндөтүүнүн кээ бир маселелери жөнүндө (КР Президентинин 2010-жылдын 12-февралындагы ПЖ № 47 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын сот системасында сот - жана иш кагаздарын жүргүзүү процесстерин башкаруунун автоматташтырылган системасын киргизүү, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38, 39-беренелерин жүзөгө ашыруу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Сот - жана иш кагаздарын жүргүзүү процесстерин башкаруунун автоматташтырылган системасынын иштешин камсыз кылуучу мамлекеттик кызматчынын 2 бирдигин кошуп алганда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун аппаратынын мамлекеттик кызматчыларынын санынын чеги 92 бирдиктен белгиленсин.
2. Сот - жана иш кагаздарын жүргүзүү процесстерин башкаруунун автоматташтырылган системасынын иштешин камсыз кылуучу мамлекеттик кызматчынын 16 бирдигин кошуп алганда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун аппараттарынын мамлекеттик кызматчыларынын санынын чеги 929 бирдиктен белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 21-апрелиндеги № 143 "Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын окуу Борбору жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 5-пункттун экинчи абзацындагы "273" деген сан "275" деген сан менен алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасына, Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин директоруна бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун, Кыргыз Республикасынын тийиштүү жергиликтүү сотторунун жана Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин аппараттарынын штаттык санына, түзүмүнө жана чыгымдарынын сметасына ушул Жарлыкка ылайык өзгөртүүлөрдү киргизүү сунуш кылынсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- бир айлык мөөнөттө ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу, финансылык жана башка маселелерди чечсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын укуктук саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 15-июлундагы № 230 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун аппаратынын штаттык саны жөнүндө" Жарлыгынын 1-пунктунун экинчи абзацы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 3-майындагы № 216 "Кыргыз Республикасынын сотторунун ишин андан өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгынын 7-пункту.
8. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Президентинин 2014-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 201 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.11.2014 · № 201
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 3-майындагы № 216 "Кыргыз Республикасынын сотторунун ишин андан ары өркүндөтүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 03.05.2007 · № 216 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2008-жылдын 21-апрелиндеги ПЖ № 143 "Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын окуу Борбору…Указ · 21.04.2008 · № 143 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- КР Президентинин 2014-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 201 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.11.2014 · № 201
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндөЗакон · 18.07.2003 · № 153 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 3-майындагы № 216 "Кыргыз Республикасынын сотторунун ишин андан ары өркүндөтүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 03.05.2007 · № 216 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2008-жылдын 21-апрелиндеги ПЖ № 143 "Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын окуу Борбору…Указ · 21.04.2008 · № 143 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 15 июля 2003 года № 230 "О штатной численности аппарата Верховного суда Кыргызской Республики"Указ · 15.07.2003 · № 230 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.