6-статья. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары
Күчүндө · 05.06.2026 редакциясы · II БӨЛҮМ
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин карамагына төмөнкүлөр алынат:
- Кыргыз Республикасынын аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жагындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүргүзүү;
- жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуунун укуктук негиздерин аныктоо;
- жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча эрежелердин, стандарттардын, техникалык өлчөмдөрдүн жана башка ченемдик документтердин бирдиктүү тутумун аныктоо;
- жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жагындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен ушул Мыйзамга ылайык келишин контролдоо;
- жол кыймылынын Коопсуздугун камсыз кылуу жагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыз кылган органдарды түзүү;
- жол кыймылынын коопсуздугун чыңдоо программасын иштеп чыгуу менен бекитүү жана алардын каржылоосун камсыз кылуу;
- жол кыймылынын коопсуздугун камсыздандыруу боюнча атайын фонд түзүү;
- жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында аткаруу бийлик органдары алардын жана анын регионалдык структуралары тарабынан жүргүзүлүүчү иш-аракеттерге мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду уюштуруу жана ишке ашыруу;
- жол кыймылынын Коопсуздугун камсыз кылуу жагында органдардын иш-аракеттерин шайкеш келтирүү;
- жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы эл аралык келишимдерди түзүү укугу.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жагындагы өз ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн ишке ашырууну аларга бере алат.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз компетенциясынын чегинде жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелерин өз алдынча чечет.
4. Кыргыз Республикасынын жолдорунда мамлекеттик контролдоонун ыйгарым укуктуу органдарынын станционардык постторун уюштуруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча гана ишке ашырылат.
5. Ушул Мыйзамды колдонуунун натыйжалуулугун аныктоо максатында компетенциясынын чөйрөсүнө ушул Мыйзамды жөнгө салуу предмети кирген мамлекеттик органдар ушул Мыйзамдын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону жүзөгө ашырат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 05.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере безопасности дорожного движения"Редакцияларды салыштыруу
15.02.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары
1. Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтүнүн кошулду: Министрлер Кабинетинин карамагына төмөнкүлөр алынат:
- Кыргыз Республикасынын аймагында жол … эл аралык келишимдерди түзүү укугу.
2. Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча … маселелерин өз алдынча чечет.
4. Кыргыз Республикасынын жолдорунда алынып салынды: МАИнин, Бажы инспекциясынын кошулду: мамлекеттик контролдоонун ыйгарым укуктуу органдарынын станционардык постторун уюштуруу Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтүнүн кошулду: Министрлер Кабинетинин чечими боюнча гана ишке ашырылат.
кошулду: 5. Ушул Мыйзамды колдонуунун натыйжалуулугун аныктоо максатында компетенциясынын чөйрөсүнө ушул Мыйзамды жөнгө салуу предмети кирген мамлекеттик органдар ушул Мыйзамдын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону жүзөгө ашырат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (13)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-февралындагы № 50 "2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугунун улуттук стратегиясын…Постановление · 06.02.2023 · № 50
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-октябрындагы № 688 "Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз…Постановление · 12.10.2026 · № 688
- Постановление Жалал-Абадского городского кенеша от 2 февраля 2002 года № 3 "Об упорядочении движения пассажирского транспорта на улицах города"Постановление · 02.02.2007 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 613 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 "Жол кыймылынын эрежелерин жана…Постановление · 21.11.2023 · № 613
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 23.06.2017 · № 407 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-октябрындагы № 504 "2018-2019-жылдарга Кыргыз Республикасында жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин…Постановление · 29.10.2018 · № 504 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн2017-жылдын 30-августундагы № 546 "Кыргыз Республикасында жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин аткаруунун иш-чаралар планын бекитүү…Постановление · 30.08.2017 · № 546 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 14-августундагы № 445 " Кыргыз Республикасында автотранспорт каражаттары менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташыганда жол кыймылынын…Постановление · 14.08.2008 · № 445 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-октябрындагы № 504-токтомуПостановление · 29.10.2018 · № 504
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-августундагы № 546 токтомуПостановление · 30.08.2017 · № 546
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы №407 токтомуПостановление · 23.06.2017 · № 407
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-июнундагы № 358 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын…Постановление · 23.06.2025 · № 358 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-июнундагы № 293 "Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери…Постановление · 17.06.2019 · № 293 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/60/st-6" title="6-статья - Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>