Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 „Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 27 ноября 2025 года № 760 "О вопросах деятельности Государственного центра по регистрации транспортных средств и водительского состава при Управлении делами Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-11-27.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 17-июну № 293 Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 49 жана 50-беренелерине ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуласы "Кыргыз Республикасында жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 241-беренелерине" деген сөздөрдөн кийин "жана Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 49 жана 50-беренелерине" деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринде:
- 6-главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Автомототранспорт каражаттарын каттоодо, кайра каттоодо жыйымдардын өлчөмү, аларды төлөө тартиби"; 69-пунктунда:
- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"69. Төмөнкү автомототранспорт каражаттарын каттоодо жана кайра каттоодо нөлдүк өлчөмдөгү жыйым аныкталат: ";
- төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи жана он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Тартуучу дөңгөлөктү кыймылга келтирүү үчүн энергиянын бирден ашык булагын колдонгон гибриддик автомототранспорттук каражатты каттоо (кайра каттоо) үчүн ушул Эрежелердин 68-пунктунда белгиленген транспорт каражаттарын каттоо үчүн жыйымдан 50 пайызга аз жыйым алынат. Каттоо (кайра каттоо) үчүн жайымды төлөөдөн электр кыймылдаткычтары бар автомототранспорттук каражаттарынын ээлери бошотулат.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана…Постановление · 27.11.2025 · № 760
- "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо" ЭРЕЖЕЛЕРИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Правила · 23.06.2017 · № 407 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 23.06.2017 · № 407 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөЗакон · 20.04.1998 · № 52
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана…Постановление · 27.11.2025 · № 760
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 23.06.2017 · № 407 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндөКодекс · 10.08.2018 · № 90