Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнүн (ташып киргизүүнүн), анын аймагынан чыгуусунун (ташып чыгаруунун), аларды убактылуу каттоонун, эсепке алуунун жана эксплуатациялоонун тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-октябры № 688
Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнүн (ташып киргизүүнүн), анын аймагынан чыгуусунун (ташып чыгаруунун), аларды убактылуу каттоонун, эсепке алуунун жана эксплуатациялоонун тартибин бекитүү жөнүндө
Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнүн (ташып киргизүүнүн), анын аймагынан чыгуусунун (ташып чыгаруунун), аларды убактылуу каттоонун, эсепке алуунун жана эксплуатациялоонун маселелерин укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 21, 24-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнүн (ташып киргизүүнүн), анын аймагынан чыгуусунун (ташып чыгаруунун), аларды убактылуу каттоонун, эсепке алуунун жана эксплуатациялоонун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Шахимардан, Сох анклавдары багытында жана андан кайра артка жүрүүчү автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнүн (ташып киргизүүнүн) өзгөчө тартиби Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет деп;
- Ворух анклавы багытында жана андан кайра артка макулдашылган маршруттар боюнча жүрүүчү автотранспорт каражаттарына карата ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Тартип Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө колдонулат деп.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун ишинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринде:
8-главада:
8-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-глава. Эл аралык кыймылда болгон автотранспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды убактылуу каттоо жана эсепке алуу"; төмөнкүдөй мазмундагы 74-1-пункт менен толукталсын: "74-1. Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча эл аралык кыймылда болгон автотранспорт каражаттарын убактылуу каттоо "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-статьясынын 7-бөлүгүнө ылайык алардын эл аралык кыймылда болгон мөөнөтүнө, бирок алты айдан ашпаган мөөнөткө жүргүзүлөт. Убактылуу каттоону тариздөө транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоо органдарынан жана башка мамлекеттик органдардан электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу белгиленген тартипте алынуучу маалыматтардын негизинде жүзөгө ашырылат. Автотранспорт каражатын убактылуу каттоо жөнүндө маалыматтар ыйгарым укуктуу орган тарабынан катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар базасына киргизилет. Убактылуу каттоо үчүн автотранспорт каражаты жана анын ээси, автотранспорт каражатын каттоо жөнүндө документ, чет мамлекеттин мамлекеттик каттоочу номердик белгиси, идентификациялык номери (VIN), ал жок болгон учурда кузовдун, шассинин (раманын) номери же башка идентификациялык белги, автотранспорт каражаты кирген (ташып киргизилген) жана чыккан (ташып чыгарылган) дата жөнүндө маалыматтар, ошондой эле анын укуктук режимин жана Кыргыз Республикасынын аймагында болуу мөөнөтүн аныктоо үчүн зарыл болгон башка маалыматтар пайдаланылат. Евразия экономикалык бирлигинин товары статусуна ээ болбогон автотранспорт каражатына карата убактылуу ташып киргизүүнүн жана убактылуу ташып киргизүү мөөнөтү жөнүндө маалыматтар бажы органдары тарабынан берилет жана анын эл аралык кыймылда болуу мөөнөтүнөн өзүнчө эсепке алынат. Маалыматтык өз ара аракеттенүү аркылуу зарыл болгон маалыматтарды алуу мүмкүн болбогон учурда мындай маалыматтар автотранспорт каражатынын ээси тарабынан транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген документтердин негизинде киргизилет. Убактылуу каттоо мөөнөтү автотранспорт каражаты Кыргыз Республикасынын аймагына кирген (ташып киргизилген) күндөн тартып эсептелинет. Убактылуу каттоо мөөнөтүнүн аякташы автотранспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды электрондук маалыматтар базасынан алып салууга алып келбейт. Убактылуу каттоо мөөнөтүнүн аякташы жана автотранспорт каражатынын кайра ташып чыгарылбагандыгы жөнүндө маалыматтар алардын компетенциясынын чегинде чараларды КӨРҮҮ үчүн ички иштер чөйрөсүндөгү жана Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга автоматташтырылган режимде берилет. Автотранспорт каражатынын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары убактылуу каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин чыгуусу (ташып чыгарылышы), эгерде анын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары үзгүлтүксүз болуусунун узактыгы 30 календардык күндөн аз убакытты түзсө, бул мөөнөттүн өтүшүн үзгүлтүккө учуратпайт жана жаңы мөөнөтүн эсептөө үчүн негиз болуп саналбайт. Убактылуу каттоонун жаңы мөөнөтү автотранспорт каражаты Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары кеминде 30 календардык күн үзгүлтүксүз болгондон кийин Кыргыз Республикасынын аймагына кийинки кирген (ташып киргизилген) күндөн тартып эсептелинет. Убактылуу каттоо автотранспорт каражатынын башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органындагы каттоосунун токтотулушуна, каттоо документтеринин жана чет мамлекеттин мамлекеттик каттоочу номердик белгилеринин алып коюлушуна же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каттоочу номердик белгилеринин берилишине алып келбейт.";
2) жогоруда аталган токтомдун 11-тиркемесинде:
- 6-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-майындагы № 261 "Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнүн (ташып киргизүүнүн) жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатациялоо, ошондой эле автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгаруунун (ташып чыгуунун) тартибин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Тартипти ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдар жана уюмдар менен биргеликте маалыматтык системалардын электрондук өз ара аракеттенүүсүн белгиленген тартипте камсыз кылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Правила · 27.11.2025 · № 760
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана…Постановление · 27.11.2025 · № 760
- Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнүн (ташып киргизүүнүн), анын аймагынан чыгуусунун…Приложение · 12.10.2026 · № 688
- Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнүн (ташып кирүүнүн) жана аларды Кыргыз Республикасынын…Порядок · 17.05.2025 · № 261 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-майындагы № 261 "Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз…Постановление · 17.05.2025 · № 261 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөЗакон · 20.04.1998 · № 52
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана…Постановление · 27.11.2025 · № 760
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндөЗакон · 16.05.2015 · № 98
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-майындагы № 261 "Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз…Постановление · 17.05.2025 · № 261 · Күчүн жоготкон