Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугунун улуттук стратегиясын бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 6-февралы № 50 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугунун улуттук стратегиясын бекитүү жөнүндө "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, "Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугунун улуттук стратегиясы (мындан ары - Стратегия) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги кызыкдар мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) менен биргеликте Стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ишти уюштурсун.
3. Ушул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар ишке тартылган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү жылдарга каражаттарынын чегинде, ошондой эле "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруудан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт деп белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 10-февралындагы № 10 (3459)жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугунун УЛУТТУК СТРАТЕГИЯСЫ (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-февралындагы № 50 токтомуна)Стратегия · 06.02.2023 · № 50
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 655-т (2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугунун улуттук стратегиясын…Распоряжение · 25.10.2023 · № 655-р
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөЗакон · 20.04.1998 · № 52
- Автомобиль транспорту жөнүндөЗакон · 19.07.2013 · № 154