2-статья. Негизги терминдер
Күчүндө · 05.06.2026 редакциясы · I БӨЛҮМ
2-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 2-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги терминдер колдонулат:
1) жеке мобилдүүлүк каражаты – кыймылдаткычты (кыймылдаткычтарды) пайдалануу аркылуу адамдын жеке жүрүүсү үчүн арналган, бир же бир нече дөңгөлөктөрү (роликтери) бар, узак күч келтирүү режиминде номиналдык максималдуу кубаттуулугу 0,25 кВттан ашпаган жана/же максималдуу ылдамдыкты 25 км/с ашык эмес жогорулатууга мүмкүндүк берген транспорт каражаты (электросамокаттар, электроскейтборддор, гироскутерлер, сигвейлер, монодөңгөлөктөр жана башка ушул сыяктуу каражаттар). Жеке мобилдүүлүк каражаттарын эксплуатациялоо (киреге, ижарага берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр ж.б.) менен байланышкан юридикалык жана жеке жактардын ишин жөнгө салуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипке ылайык жүзөгө ашырылат;
2) жол – транспорт каражаттарынын жүрүүсү үчүн жасалган же ыңгайлаштырылган жана пайдаланылган жер тилкеси же болбосо жасалма курулуштун үстүнкү бети. Жол жүрүүгө арналган бир же бир нече бөлүктөрдү, ошондой эле жанжолду (тротуар), жол четин, автомобиль жолдорунун жээгинде жайгашкан жана аны бойлоп өтүүчү жол четиндеги жер тилкелерин, бак-дарактарды, газондорду, арыктарды жана башка сугат тармактарын жана (эгер бар болсо) бөлүштүргүч тилкелерди өз ичине камтыйт;
3) жол кыймылы – жолдордун чегинде транспорт каражаттары менен же алардын жардамысыз эле адамдардын жана жүктөрдүн ордун которуштуруу процессинде пайда болгон коомдук мамилелердин топтому;
4) жол кыймылын уюштуруу – жолдордогу кыймылды башкаруу боюнча уюштуруу-укуктук, уюштуруу-техникалык иш-чаралардын жана тескөө аракеттеринин комплекси;
5) жол кыймылынын катышуучусу – транспорт каражатынын айдоочусу, мал айдоочу, жөө жүрүүчү же транспорт каражатынын жүргүнчүсү катары жол кыймылынын процессине түздөн-түз катышкан адам;
6) жол кыймылынын коопсуздугу – жол-транспорт кырсыктарынан жана алардын кесепеттеринен бул процесске катышуучулардын корголуу даражасын чагылдырган абал;
7) жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу – жол-транспорт кырсыктарынын жаралуу себептеринин алдын алууга, алардын кесепеттеринин күчүн жеңилдетүүгө арналган иш-аракет;
8) жол-транспорт кырсыгы – транспорт каражаты жана анын катышуусу менен жолдо жүрүү процессинде жаралган, адамдар өлүмгө кириптер болгон же жаракат алган, транспорт каражаттары, курулуштар, жүктөр зыянга учураган же болбосо материалдык чыгым келтирилген окуя;
9) жөө жүрүүчү − транспорт каражатына түшпөй жолдо, жанжолдо (тротуарда), жөө жүрүүчү жолчодо же болбосо жөө же велосипед менен жөө жүрүүчү жолчодо турган жана аларда иш аткарбаган адам.
Майыптар коляскасында жүргөн адамдар; жеке мобилдүүлүк каражатын, велосипедди, мопедди, мотоциклди же башка транспорт каражатын жанында жетелеп жүргөн адамдар; чана, араба, балдар же майыптар коляскасын сүйрөп бараткан адамдар; ролик конькилерди, кыймылдаткычы жок самокаттарды жана кыймылдаткыч менен жабдылбаган башка ушул сыяктуу каражаттарды колдонуп жөө жүргөн адамдар жөө жүрүүчүлөргө теңештирилет;
10) рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаты – айдоочунун орду жана рулдук дөңгөлөгү транспорт каражатынын жүрүү багыты боюнча оң тарабында жайгашкан транспорт каражаты;
11) рулдук башкаруусу сол тарабында жайгашкан транспорт каражаты – айдоочунун орду жана рулдук дөңгөлөгү транспорт каражатынын жүрүү багыты боюнча сол тарабында жайгашкан транспорт каражаты;
12) транспорт каражаты – адамдарды жана жүктөрдү же анда орнотулган жабдыктарды жол аркылуу ташууга арналган түзүлүш, атап айтканда:
велосипед – майыптардын коляскаларынан тышкары, бул транспорт каражатында жүргөн адамдардын булчуң энергиясы менен педалдардын же кармагычтардын жардамы менен кыймылга келүүчү транспорт каражаты жана ошондой эле узак күч келтирүү режиминде номиналдык максималдуу кубаттуулугу 0,25 кВттан ашпаган жана/же максималдуу ылдамдыкты 25 км/с ашык эмес жогорулатууга мүмкүндүк берген электр кыймылдаткычы да бар болушу мүмкүн; механикалык транспорт каражаты – кыймылдаткыч менен кыймылга келтирилүүчү транспорт каражаты. Термин мопедге, мотоциклге, автомобилге, электромобилге, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарга жана техниканын башка түрлөрүнө да жайылтылат. Термин жеке мобилдүүлүк каражаттарына, велосипеддерге жана майыптардын коляскаларына жайылтылбайт; мопед – максималдуу конструктивдик ылдамдыгы 50 км/с ашпаган, жумушчу көлөмү 50 куб. см ашпаган ичинен күйүүчү кыймылдаткычы же узак күч келтирүү режиминде номиналдык максималдуу кубаттуулугу 0,25 кВттан ашкан жана 4 кВттан кем электр кыймылдаткычы бар, максималдуу ылдамдыкты 25 км/с ашык, бирок 50 км/с ашык эмес жогорулатууга мүмкүндүк берген эки же үч дөңгөлөктүү механикалык транспорт каражаты. Мопеддерге мокиктер, мотороллерлер, скутерлер, электр скутерлер жана окшош техникалык мүнөздөмөлөргө ээ болгон башка транспорт каражаттары теңештирилет; мотоцикл – кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү (ичинен күйүүчү кыймылдаткыч болгон учурда) 50 куб. см ашкан же максималдуу конструктивдик ылдамдыгы (кандай болбосун кыймылдаткыч менен) 50 км/с ашкан каптал чиркегичи бар же анысы жок эки дөңгөлөктүү механикалык транспорт каражаты. Мотоциклдерге аккумуляторлордун массасын (электр транспорт каражаттары болгон учурда) эсепке албастан жүктөлбөгөн массасы 400 кгдан (жүктөрдү ташууга арналган транспорт каражаттары үчүн 550 кг) жана кыймылдаткычтын максималдуу натыйжалуу кубаттуулугу 15 кВттан ашпаган трициклдер, ошондой эле мотоциклетке орноочу же мотоцикл тибиндеги рулу бар квадрициклдер теңештирилет; өзү жүрүүчү технологиялык машиналар – тракторлор, өзү жүрүүчү жол-курулуш машиналары, коммуналдык, айыл чарба машиналары (квадроциклдер ж.б.) жана көлөмү 50 куб. см ашкан ичинен күйүүчү кыймылдаткычы же максималдуу кубаттуулугу 4 кВттан ашкан электр кыймылдаткычы бар жер үстүндө рельссиз жүрүүчү башка механикалык транспорт каражаттары; техниканын башка түрлөрү – өзү жүрүүчү технологиялык машиналардын чиркегичтери (жарым чиркегичтери), өзү жүрүүчү технологиялык машиналардын негизги жана (же) кошумча функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон агрегаттар, шаймандар жана жабдуулар, ошондой эле айыл чарба продукциясын өндүрүүдө жана кайра иштетүүдө колдонулуучу техникалык түзүлүштөр (опурталдуу өндүрүш объекттеринде колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдү кошпогондо);
13) транспорт каражатынын айдоочусу – транспорт каражатын башкарууга укугу бар адам. Жол кыймылынын эрежелеринде каралган учурларда жеке мобилдүүлүк каражаттарын, велосипеддерди башкарган, ошондой эле малды, үйүрлөрдү, чегилген, жүк артылган же минүүчү жандыктарды башкарып бараткан (айдаган) адамдар дагы айдоочуларга теңештирилиши мүмкүн;
14) электромобиль – электр энергиясынын көз карандысыз булагынан (аккумуляторлор, отун элементтери, конденсаторлор ж.б.) кубаттандыруусу бар, ичинен күйүүчү кыймылдаткычсыз, бир же бир нече электр кыймылдаткычтары менен кыймылга келүүчү автомобиль;
15) электромобилдер үчүн мамлекеттик каттоонун атайын жашыл түстөгү номердик белгиси – Кыргыз Республикасынын жарандарына жана Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жактарга таандык электромобилдерди мамлекеттик каттоодо берилүүчү, ак фондогу жашыл тилке менен аткарылган мамлекеттик каттоонун номердик белгиси. Ушуну менен бирге, мындай номердик белгилер чет өлкөлүк жарандарга жана чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө, консулдук мекемелерине жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө берилбейт.
(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 7-февралындагы № 15, 2007-жылдын 5-февралындагы № 11, 2015-жылдын 26-февралындагы № 40, 2024-жылдын 23-апрелиндеги № 80, 2024-жылдын 11-июнундагы № 93 , 2026-жылдын 5-июнундагы № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 05.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 5 июня 2026 года № 81 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обеспечения безопасности дорожного движения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 11 июня 2024 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О дорожном движении в Кыргызской Республике", Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 апреля 2024 года № 80 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об охране окружающей среды", "О дорожном движении в Кыргызской Республике")Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 февраля 2015 года № 40 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О дорожном движении в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 5 февраля 2007 года № 11 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О дорожном движении в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 7 февраля 2005 года № 15 "О внесении дополнений в Законы Кыргызской Республики "О транспорте", "О дорожном движении в кыргызской Республике" и Земельный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 183 "Жеке мобилдүүлүк каражаттарын эксплуатациялоо менен байланышкан юридикалык жана жеке жактардын ишин…Постановление · 07.04.2025 · № 183
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 14-мартындагы № 146("Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары…Распоряжение · 14.03.2024 · № 146
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү…Закон · 23.04.2024 · № 80
- КР Министрлер Кабинетинин токтому 07.04.2025-ж. №183Постановление · 07.04.2025 · № 183
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/60/st-2" title="2-статья - Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>