Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына („Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 11-июну № 93 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. ("Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 248-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьяда:
а) мамлекеттик тилдеги онунчу абзацта "унаа" деген сөз "түзүлүш" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"жөө жүрүүчү - транспорт каражатына түшпөй жолдо, же болбосо жөө жүрүүчү же велосипед жүрүүчү жолчодо жүргөн жана аларда иш аткарбаган адам. Жөө жүрүүчүлөргө майыптардын коляскасында бараткан, жеке мобилдүүлүк каражатын, велосипедди, мопедди, мотоциклди жетелеген, чананы, арабаны, балдардын же майыптардын коляскасын сүйрөгөн, ошондой эле жүрүү үчүн ролик конькилерин, самокаттарды жана башка ушул сыяктуу каражаттарды пайдаланган адамдар теңештирилет; жеке мобилдүүлүк каражаты - кыймылдаткычты (кыймылдаткычтарды) пайдалануу аркылуу адамдын жекече жүрүүсүнө арналган, бир же бир нече дөңгөлөктөрү (роликтери) бар транспорт каражаты (электросамокаттар, электроскейтборддор, гироскутерлер, сигвейлер, монодөңгөлөктөр жана башка ушул сыяктуу каражаттар). Жеке мобилдүүлүк каражаттарын эксплуатациялоо (киреге, ижарага берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр ж.б.) менен байланышкан юридикалык жана жеке жактардын ишин жөнгө салуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.";
2) 5-статьянын төртүнчү абзацы "автомобиль" деген сөздүн алдында "жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражаттарында, анын ичинде" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-123) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
190-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "190-берене. Жөө жүрүүчүнүн, жүргүнчүнүн, велосипедди, жеке мобилдүүлүк каражатын, мопедди, арабаны башкарган жана мал айдаган адамдын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу
1. Жөө жүрүүчүнүн, жүргүнчүнүн, велосипедди, жеке мобилдүүлүк каражатын, мопедди, арабаны башкарган жана мал айдаган адамдын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу, -
жеке жактарга эскертүү берүүгө же 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдардын жол кыймылынын эрежелерин мас абалда бузуусу, -
жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.".
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 14-июнундагы № 45 (3598) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
2024-жылдын 24-апрелинде
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөЗакон · 20.04.1998 · № 52
- Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 128
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөЗакон · 20.04.1998 · № 52