Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу» Мыйзамы
Бишкек шаары
2007-жылдын 5-февралы № 11
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана
өзгөртүүлөр киргизүү тууралу
29-майындагы № 100
2006-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республика-
сынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору,
1998-ж., № 8, 248-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр кирги-
зилсин:
1. 2-статьяга:
статья төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"транспорт каражатынын айдоочусу - транспорт каражатын башкарууга
укугу бар адам;";
тогузунчу абзац "орнотулган жабдыктарды" деген сөздөрдөн кийин ",
ошондой эле тракторлорду жана өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды"
деген сөздөр менен толукталсын.
2. 5-статьянын сегизинчи абзацында "автомототранспорт" деген сөз
"транспорт" деген сөз менен алмаштырылсын.
3. 16-статья төмөндөгүдөй мазмундагы 2-пункт менен толукталсын:
"2. Транспорт каражаттарынын базасында орнотулган, коркунучтуу
өндүрүш объекттеринде колдонулуучу жабдууларды же техникалык
түзүлмөлөрдү мамлекеттик техникалык кароо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө
кырдаалдар министрлигине караштуу Өндүрүш коопсуздугуна көзөмөл кылуу
жана тоо көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекция органдары тарабынан
жүргүзүлөт.";
2-пункт 3-пункт деп эсептелсин.
4. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-майындагы № 100 Мыйзамы-
на ылайык күчүн жоготту)
5. 25-статьянын 2-пункту төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи-жетинчи
абзацтар менен толукталсын:
"- 14 кНга чейинки тракторлорду жана өзү жүрүүчү шассини ("А" ка-
тегориясы) - он алты жашка чыккан адамдарга;
- 14 кНдан ашкан тракторлорду ("Б" категориясы) - он жети жашка
чыккан адамдарга;
- казтамандуу тракторлорду ("В" категориясы) - он жети жашка чык-
кан адамдарга;
- механикалык трансмиссиясы бар өзү жүрүүчү машиналарды ("Г" кате-
гориясы) - "А", "Б", "В" графаларында уруксат берилген белгилери жана
бир жылдык үзгүлтүксүз иш стажы бар он сегиз жашка чыккан адамдарга;
- тракторлорду, гидравликалык трансмиссиясы бар өзү жүрүүчү техно-
логиялык машиналарды ("Д" категориясы) - "А", "Б", "В" графаларындагы
уруксат берилген белгилери жана бир жылдык үзгүлтүксүз иш стажы бар он
сегиз жашка чыккан адамдарга;
- мелиоративдик, жер казуучу, жол-курулуш машиналарын, анын ичинде
экскаваторлорду ("Е" категориясы) - "А", "Б", "В" графаларындагы урук-
сат берилүүчү белгилери жана бир жылдык үзгүлтүксүз иш стажы бар адам-
дарга;".
6. 27-статьянын 3-пункту "айдоочунун күбөлүгүн" деген сөздөрдөн
кийин ", ошондой эле тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн" деген сөздөр
менен толукталсын.
2-статья.
Бул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-майындагы № 100 Мыйзамынын
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөЗакон · 20.04.1998 · № 52
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөЗакон · 20.04.1998 · № 52
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 29.05.2008 · № 100
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.