Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 26-февралы № 40 "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу (КР 2016-жылдын 27-июнундагы № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене. "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 248-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"рулдук башкаруусу сол тарабында жайгашкан транспорт каражаты - айдоочунун орду жана рулдук дөңгөлөгү транспорт каражатынын жүрүү багытына карата сол тарабында жайгашкан транспорт каражаты; рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаты - айдоочунун орду жана рулдук дөңгөлөгү транспорт каражатынын жүрүү багытына карата оң тарабында жайгашкан транспорт каражаты.".
2. 21-статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Коммуналдык чарба, айыл чарбасы, жолдорду куруу (күтүү) үчүн арналган транспорт каражаттарын (автокрандарды, автобургулоочуларды, автобетон аралаштыргычтарды, чачып жуугуч машиналарды), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу транспорт каражаттарынын башка түрлөрүн кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагында рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарын каттоо, пайдаланууга жол берүү жана жол кыймылына катышуу үчүн алып кирүүгө тыюу салынат. Кайра алып кетүү жөнүндө милдеттенмеси менен 6 айдан ашпаган мөөнөткө Кыргыз Республикасынын аймагына чет элдик жактар тарабынан алынып келинген, эл аралык кыймылга катышкан мамлекеттердин айырмалоочу каттоо белгиси болгон транспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын аймагында ээликтен ажыратууга жана каттоого жатпайт.".
2-берене. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин алынып келинген рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарына ушул Мыйзамдын колдонулушу жайылтылбайт. (КР 2016-жылдын 27-июнундагы № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ушул Мыйзамдан келип чыгуучу чараларды көрсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөЗакон · 20.04.1998 · № 52
- Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 26-февралындагы № 40 Мыйзамына…Закон · 27.06.2016 · № 90
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 10-февралындагы № 253-VI "2015-жылдын 26-февралындагы № 40 "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 10.02.2016 · № 253-VI
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 26-майындагы № 593-VI "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 26.05.2016 · № 593-VI
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 12-майындагы № 508-VI "2015-жылдын 26-февралындагы № 40 "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 12.05.2016 · № 508-VI
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөЗакон · 20.04.1998 · № 52
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.