Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 49 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-03-03.
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2014-жылдын 26-июну № 96 Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 584-статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"Ушул Кодекстин 57-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 65-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 66, 66-9, 120, 132-139, 148, 179, 182, 184, 191-статьяларында, 220-статьясынын экинчи жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 221-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 282-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 364-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 367, 411, 488, 489, 505-14-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер алар жасалган жери боюнча же администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын жашаган жери боюнча каралат.".
2. 44-глава төмөнкүдөй мазмундагы 634-1 жана 634-2-статьялар менен толукталсын:
"634-1-статья. Коомдук иштерге тартууну уюштуруу жөнүндө токтомдун аткарылышы Коомдук иштерге тартуу жөнүндө токтомдун аткарылышын контролдоо ички иштер органдары тарабынан жүзөгө ашырылат. Укук бузуучуларды коомдук иштерге тартууну уюштуруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлөт.
634-2-статья. Коомдук иштерге тартуу жөнүндө токтомду аткаруу мөөнөтү Коомдук иштердин мөөнөтү ага коомдук иштерге тартуу жөнүндө токтом жарыялаган күндөн тартып эки айдан кечиктирбестен укук бузуучу тарабынан аткарылууга тийиш.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской РеспубликиЗакон · 03.03.2023 · № 49
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской РеспубликиЗакон · 03.03.2023 · № 49