Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-04-13.
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 21-июлу № 186 Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 7-глава төмөнкүдөй мазмундагы 65-1-статья менен толукталсын:
"65-1-статья. Балдардын ден соолугуна зыян келтирүүнүн алдын алуу жана алардын өнүгүүсү боюнча чараларды камсыз кылууга карата талаптарды сактабоо Балдардын ден соолугуна зыян келтирүүнүн алдын алуу, алардын дене-бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-аклактык өнүгүүсү боюнча чараларды камсыз кылууга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген талаптарды сактабоо, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн бешке чейинки, кызмат адамдарына - бештен онго чейинки, юридикалык жактарга - жүздөн жүз элүүгө чейинки администрациялык айып салууга алып келет. Ошол эле жосун жыл ичинде кайталанып жасалганда, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен онго чейинки, кызмат адамдарына - ондон он бешке чейинки, юридикалык жактарга - жүз элүүдөн эки жүзгө чейинки администрациялык айып салууга алып келет.".
2. 506-статьянын 3-пунктунда "жашы жетпегендердин" деген сөздөр "балдардын" деген сөзгө алмаштырылсын.
3. 510-статьяда:
аталышында жана текстинде "жашы жетпегендердин" деген сөздөр "балдардын" деген сөзгө алмаштырылсын; статья "65," деген цифралардан кийин "65-1," деген цифралар менен толукталсын.
4. 556-1-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасынын алтынчы абзацы "65," деген цифралардан кийин "65-1," деген цифралар менен толукталсын.
5. 584-статьянын 6-бөлүгүндө "жашы жете электердин" деген сөздөр "балдардын" деген сөзгө алмаштырылсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон