50521-статья. Операцияларды (бүтүмдөрдү) токтото туруунун жана каражаттарды тоңдуруунун тартибин бузуу
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 353-ГЛАВА
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Маалымат берүүчү жактын же акча каражаттары же мүлк менен болгон операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашыруучу башка жактын кардарды, бенефициардык менчик ээсин идентификациялоодо же акча каражаттары же мүлк менен болгон операцияны (бүтүмдү) жүргүзүүдө террористтик жана экстремисттик иш-аракетке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын Тизмегин колдонбоосу, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн миң, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки миң, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн он миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын террористтик жана экстремисттик иш-аракетке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын Тизмегине киргизилген жактарга таандык акча каражаттары же мүлк менен болгон же ошол жактар жүзөгө ашырган операцияларды (бүтүмдөрдү) токтото туруу, каражаттарды тоңдуруу же бөгөттөө боюнча талаптарын аткарбоо, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн миң, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки миң, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн он миң эсептешүү көрсөткүчтөрүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган ошол эле аракеттер бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн миң, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки миң, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн иш-аракеттин белгилүү бир түрүн токтото туруу менен, эсептешүү көрсөткүчүнүн он миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2015-жылдын 28-июлундагы № 200 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
50521-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-50521" title="50521-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>