50522-статья. Юридикалык жактын кылмыштуу кирешелерди легализациялоону (адалдоону) жүргүзүүгө же болбосо террористтик же экстремисттик иш-аракетти каржылоону жүргүзүүгө катышкандыгы үчүн жоопкерчилиги
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 353-ГЛАВА
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 июля 2015 года № 200
Юридикалык жактын кылмыштуу кирешелерди легализациялоону (адалдоону) жүргүзүүгө катышуусу, - юридикалык жакка - администрациялык укук бузууну жасоонун куралы же анын тикелей объектиси болгон нерселерди конфискациялоо жана иш-аракеттин белгилүү бир түрүн токтото туруу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн он миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Юридикалык жактын террористтик же экстремисттик иш-аракетти каржылоону жүргүзүүгө катышуусу, - юридикалык жакка - администрациялык укук бузууну жасоонун куралы же анын тикелей объектиси болгон нерселерди конфискациялоо жана иш-аракеттин белгилүү бир түрүн токтото туруу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн он миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган ошол эле аракеттер бир жылдын ичинде кайталанып жасалса же адам өлүмүнө же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнөн он миң эседен ашкан суммада мүлктүк зыянга алып келсе, - администрациялык укук бузууну жасоонун куралы же анын тикелей объекти болгон нерселерди конфискациялоо менен юридикалык жактарды жоюуга алып келет. Эскертүү. Юридикалык жактын ушул статья боюнча жоопкерчиликке тартуу үчүн кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча же болбосо террористтик же экстремисттик ишти каржылоо боюнча кылмыш ушул юридикалык жакты колдонуу менен жеке жак тарабынан жасалууга тийиш жана бул жеке жак ушул юридикалык жакта төмөндөгүлөргө негизделген башкы позицияны ээлеши керек:
1) ушул юридикалык жактын атынан чыгуу укугуна;
2) ушул юридикалык жактын атынан чечим кабыл алуу ыйгарым укуктарына;
3) ушул юридикалык жакта контролду жүзөгө ашыруу же аны башкаруу ыйгарым укуктарына.
Юридикалык жактын ушул статья боюнча жоопкерчилиги юридикалык жактын кылмыштуу кирешелерди легализациялоону (адалдоону) жүргүзүүгө же болбосо террористтик же экстремисттик ишти каржылоону жүргүзүүгө катышуу фактысы табылган жана бул факт тийиштүү жазык ишин кароонун алкагында чыгарылган, мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечимине ылайык тастыкталган учурда келип чыгат. Юридикалык жактын жоопкерчилиги кылмыштуу кирешелерди легализациялоону (адалдоону), же болбосо террористтик же экстремисттик ишти каржылоону жүргүзгөн жеке жактын жазык жоопкерчилигине залал келтирбестен келип чыгат. Ушул статья боюнча администрациялык укук бузуу тууралуу иш жазык иши боюнча тергөө жүргүзгөн укук коргоо органынын же болбосо финансылык чалгындоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өтүнүчүнүн же болбосо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банкка же Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнгө салуучу финансы-кредиттик мекемеге карата өтүнүчүнүн негизинде козголот. (КР 2015-жылдын 28-июлундагы № 200 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 35-4-глава Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын жарандык коргоо чөйрөсүндө администрациялык укук бузуулар (Глава КР 2012-жылдын 10-декабрындагы № 198 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
50522-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 28 июля 2015 года № 200 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 10 декабря 2012 года № 198 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-50522" title="50522-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>