50520-статья. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын акча каражаттары же башка мүлк менен болгон операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүлөрдү жана документтерди берүү боюнча талаптарын аткарбоо
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 353-ГЛАВА
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 июля 2015 года № 200
50520-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 50520-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Акча каражаттары же мүлк менен болгон, милдеттүү түрдө контролго алынуучу операция (бүтүм) тууралуу билдирүүнү бербөө же болбосо акча каражаттары же мүлк менен болгон, милдеттүү түрдө контролго алынуучу операция (бүтүм) тууралуу билдирүүнү анык эмес берүү же өз убагында бербөө, - эскертүү берүүгө же кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Акча каражаттары же мүлк менен болгон шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) критерийлерине туура келген операция (бүтүм) тууралуу билдирүүнү бербөө же мындай операция (бүтүм) тууралуу билдирүүнү өз убагында бербөө, - эскертүү берүүгө же кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жетимиш, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн үч жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын акча каражаттары же мүлк менен болгон татаал, адаттагыдан ири операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө, ошондой эле экономикалык мааниси же мыйзамдуу максаты айкын болбогон, өзгөчө схема боюнча жүргүзүлгөн операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүнү документтик белгилеп жазуу жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүү боюнча талаптарын аткарбоо, - кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Финансылык чалгындоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же көзөмөлдөө органынын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча суралган маалыматты же документти жүйөсүз себептер менен бербей коюу же толук эмес берүү же өз убагында бербөө же болбосо анык эмес маалыматты же документти билип туруп берүү, - эскертүү берүүгө же болбосо кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жетимиш, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн үч жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Террористтик жана/же экстремисттик мүнөздөгү кылмыш жасагандыгы үчүн жазасын өтөгөн адамдардын Тизмегине киргизилген адам тарабынан жасалган, акча каражаттары же мүлк менен болгон операция (бүтүм) тууралуу билдирүүнү жүйөсүз себептер менен бербөө же өз убагында бербөө, - кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жетимиш, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн үч жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи - бешинчи бөлүктөрүндө каралган ошол эле аракеттер бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, - кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2015-жылдын 28-июлундагы № 200 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
50520-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 28 июля 2015 года № 200 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
30.07.2015 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
кошулду: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын акча каражаттары же башка мүлк менен болгон операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүлөрдү жана документтерди берүү боюнча талаптарын аткарбоо Акча каражаттары же мүлк менен болгон, милдеттүү түрдө контролго алынуучу операция (бүтүм) тууралуу билдирүүнү бербөө же болбосо акча каражаттары же мүлк менен болгон, милдеттүү түрдө контролго алынуучу операция (бүтүм) тууралуу билдирүүнү анык эмес берүү же өз убагында бербөө, - эскертүү берүүгө же кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Акча каражаттары же мүлк менен болгон шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) критерийлерине туура келген операция (бүтүм) тууралуу билдирүүнү бербөө же мындай операция (бүтүм) тууралуу билдирүүнү өз убагында бербөө, - эскертүү берүүгө же кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жетимиш, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн үч жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын акча каражаттары же мүлк менен болгон татаал, адаттагыдан ири операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө, ошондой эле экономикалык мааниси же мыйзамдуу максаты айкын болбогон, өзгөчө схема боюнча жүргүзүлгөн операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүнү документтик белгилеп жазуу жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүү боюнча талаптарын аткарбоо, - кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Финансылык чалгындоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же көзөмөлдөө органынын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча суралган маалыматты же документти жүйөсүз себептер менен бербей коюу же толук эмес берүү же өз убагында бербөө же болбосо анык эмес маалыматты же документти билип туруп берүү, - эскертүү берүүгө же болбосо кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жетимиш, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн үч жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Террористтик жана/же экстремисттик мүнөздөгү кылмыш жасагандыгы үчүн жазасын өтөгөн адамдардын Тизмегине киргизилген адам тарабынан жасалган, акча каражаттары же мүлк менен болгон операция (бүтүм) тууралуу билдирүүнү жүйөсүз себептер менен бербөө же өз убагында бербөө, - кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жетимиш, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн үч жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи - бешинчи бөлүктөрүндө каралган ошол эле аракеттер бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, - кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2015-жылдын 28-июлундагы № 200 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-50520" title="50520-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>