Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
кр Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана мекемелеринде ички аудит кызматтарын түзүү жөнүндө»токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 13-марты № 177 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана мекемелеринде, жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдары ички аудит кызматтарын түзүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 733, 2012-жылдын 14-майындагы № 282, 2012-жылдын 22-ноябрындагы № 788, 2013-жылдын 30-майындагы № 306, 2014-жылдын 22-майындагы № 266, 2015-жылдын 27-октябры № 752, 2016-жылдын 23-августундагы № 452, 2018-жылдын 18-январындагы № 33, 2020-жылдын 10-февралындагы № 76, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 280, 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 490 токтомдорунун редакцияларына ылайык) "Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9 жана 12-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Ички аудит кызматы түзүлүүгө тийиш болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тизмеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык;
- Ички аудиторлордун кесиптик деңгээлине карата талаптар ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 33 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Тизмеде аталган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана мекемелери белгиленген:
- ички аудит кызматын түзүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү боюнча сунуштарды киргизишсин.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 266 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ички аудит кызматынын иштеши бекитилген штаттык сандын жана аларды күтүүгө чыгымдардын чегинде жүргүзүлөөрү белгиленсин.
4. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 733 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
И.Чудинов
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-мартындагы № 177 токтому менен бекитилген
Ички аудит кызматынын болушу милдеттүү болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тизмеси (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 280, 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 490 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аталышы
1
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
2
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
3
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги
4
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
5
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы
6
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы
61
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду
7
Бишкек шаарынын мэриясы
8
Ош шаарынын мэриясы
2-тиркеме Ички аудиторлордун кесиптик деңгээлине карата ТАЛАПТАР (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 33, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 280 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ички аудиторлордун кесиптик деңгээлине карата бул талаптар ички аудиторлордун кызматтык милдеттерин аткаруу жана ички аудиттин функцияларын натыйжалуу жүргүзүү үчүн зарыл болгон кесиптик сапаттарына карата белгиленет.
2. Ички аудиторлордун кесиптик деңгээлине карата талаптар
2. Ички аудиторлордун кесиптик деңгээлине карата төмөнкүдөй талаптар белгиленет:
1) төмөнкүлөрдү билүүсү:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;
- "Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
- "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
- "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 498 токтому менен бекитилген Ички аудит боюнча кеңеш жөнүндө жобону;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 721 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудиторлорунун этикалык стандарттарын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 722 токтому менен бекитилген Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоо жөнүндө жобону;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 296 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы ички аудиттин стандарттарын;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин 2021-жылдын 25-августундагы № 80-б буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы ички аудиттин стандарттарын;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2016-жылдын 28-декабрындагы № 212-Б буйругу менен бекитилген Кепилдиктер программасын түзүү жана ички аудиттин сапатын жогорулатуу боюнча колдонмону;
2) төмөнкүлөрдү аткара билүүсү:
- ички аудитти жүргүзүүнү пландоону жана уюштурууну;
- ички аудиттин объектисинин ишиндеги тобокелдиктерди башкаруу процессин баалоону жана жакшыртууну;
- ички аудиттин объектисиндеги ички контролдоо системасынын майнаптуулугун жана натыйжалуулугун баалоону;
- ички аудиттин объектисинин финансылык-чарбалык иши, иш процесстери жана ички контролдоо системасы жөнүндө маалыматты топтоону, талдоону, баалоону жана документтештирүүнү;
- иш процесстерин баяндоо, талдоо жана жакшыртуу боюнча ишти уюштурууну;
- ички аудиттин жыйынтыктары боюнча отчетторду түзүүнү;
- ички аудиттин объектисинин кызматкерлерине ички аудит функцияларын түшүндүрүүнү;
3) төмөнкүдөй көндүмдөрдүн болуусу:
- маалыматтык системалар жана коопсуздукту камсыздоо, документтерди жиберүү жана башкаруу технологиялары менен иштөө;
- анкеталык сурамжылоо жүргүзүү жана талдоо;
- ички аудитти пландаштыруу, аудитордук тапшырмаларды аткаруу жана жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча отчет даярдоодо программалык продуктуларды колдонуу.
3. Ички аудит кызматтарынын жетекчилеринин кесиптик деңгээлине карата төмөнкүдөй талаптар кошумча белгиленет:
1) төмөнкүлөрдү аткара билүүсү:
- ички аудит кызматтарынын ишин стратегиялык пландоону;
- ички аудит кызматтарынын ишинин натыйжалуулугун жана майнаптуулугун камсыздоону;
- ички аудиторлордун ишин так пландоону жана алардын ишин объективдүү баалоону;
- ички аудит процессинде ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну;
- чыр-чатактуу кырдаалдардын алдын алууну жана чечүүнү.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 23 · цитата келтиргендер: 18 · байланышкандар: 9
Цитата келтиргендер (18)
- "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жобо" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9 апрелиндеги №104 токтому менен бекитилгенПоложение · 09.04.2007 · № 104
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабнетинин от 20 майы 2022 года № 280 "Кыргыз Республикасынын ички аудит системасын өркүндөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.05.2022 · № 280
- КР Премьер-министринин 2009-жылдын 8-октябрындагы № 299 (Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин борбордук аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү…Распоряжение · 08.10.2009 · № 299
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 177 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик…Постановление · 18.01.2018 · № 33
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 266 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 177 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында…Постановление · 22.05.2014 · № 266
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 752 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 177 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик…Постановление · 27.10.2015 · № 752
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 490 "Мамлекеттик социалдык жана пенсиялык камсыздандыруу чөйрөсүндө ички аудит кызматы маселелери…Постановление · 09.09.2022 · № 490
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №733 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 04.12.2009 · № 733 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 33 токтомуПостановление · 18.01.2018 · № 33
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы №752 токтомуПостановление · 27.10.2015 · № 752
- КР Министрлер Кабинетинин 20.05.22 ж. №280 токтомуПостановление · 20.05.2022 · № 280
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 241 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 177 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик…Постановление · 23.04.2015 · № 241 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-февралындагы № 76 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 177 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик…Постановление · 10.02.2020 · № 76 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-ноябрындагы № 788 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 177 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик…Постановление · 22.11.2012 · № 788 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-майындагы № 282 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 177 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында…Постановление · 14.05.2012 · № 282 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 2-октябрындагы №617 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын…Постановление · 02.10.2009 · № 617 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы №650 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 612 "Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин маселелери"…Постановление · 19.10.2009 · № 650 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (23)
- Ички аудит жөнүндөЗакон · 26.01.2009 · № 25
- КР ӨКмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 498 "Ички аудит боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуПостановление · 09.09.2013 · № 498
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 721 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудиторлорунун этикалык стандарттарын бекитүү тууралуу"…Постановление · 31.12.2013 · № 721
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 722 "Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 31.12.2013 · № 722
- КР Финансы министрлигинин 2016- жылдын 28-декабрындагы №212-Б “Ички аудиттин сапатын кепилдөө жана жогорулатуу программасын түзүү боюнча колдонмону бекитүү жɵнүндɵ” буйругуПриказ · 28.12.2016 · № 212-п
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Бухгалтердик эсеп жөнүндөЗакон · 29.04.2002 · № 76
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 27.10.2021 · № 125
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 296 "Кыргыз Республикасындагы Ички аудиттин стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.06.2014 · № 296 · Күчүн жоготкон
- КР Экономика жана Финансы министрлигинин 2021-жылдын 2-августундагы № 80-п "Кыргыз Республикасындагы ички аудиттин стандарттарын бекитүү жөнүндө" буйругуПриказ · 25.08.2021 · № 80-п
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №733 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 04.12.2009 · № 733 · Күчүн жоготкон
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
23 ичинен 13 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (9)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "Ички аудит боюнча кеңеш жөнүндө" жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 498 токтому менен бекитилген)Положение · 09.09.2013 · № 498
- Кыргыз Республикасынын Фннансы миннстрлигинин маселелери (2007-жылдын 9-апрели № 104 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)Постановление · 09.04.2007 · № 104
- "Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоо жөнүндө жобо" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 722 токтому менен бекитилген)"Положение · 31.12.2013 · № 722
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомуПостановление · 30.09.2013 · № 530
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 30.05.2016 · № 75 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасындагы Ички аудиттин Стандарттары" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 296 токтомуменен бекитилген)Стандарт · 03.06.2014 · № 296 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-декабрындагы № 812 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.12.2012 · № 812 · Күчүн жоготкон