Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 612 „Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин маселелери“ жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 15 декабря 2009 года № 764 "О Министерстве юстиции Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-12-15.
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 19-октябры № 650 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 612 "Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 177 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана мекемелеринде ички аудит кызматтарын түзүү жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 612 "Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин маселелери" жөнүндө токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги жөнүндө жободо:
- 6-пункттун төртүнчү абзацындагы "жана аларды белгиленген тартипте кабыл алууну" деген сөздөр алып салынсын;
- 7-пунктта:
- "а" пунктчасынын тогузунчу-онунчу абзацтары алып салынсын;
- "а" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзөт.";
- "д" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- юстиция органдарында ички контролдоо системасынын адекваттуулугун жана натыйжалуулугун, финансылык жана башкаруу маалыматтарынын ишенимдүүлүгүн жана тактыгын, иштин жана башкаруунун натыйжалуулугун, үнөмдүүлүгүн жана эффективдүүлүгүн, активдердин сакталуусун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын талдоону, баалоону жана аларга мониторингди жүргүзөт;";
- 9-пункттун жетинчи абзацы алып салынсын;
- 12-пунктта:
- он биринчи абзац алып салынсын;
- жыйырма биринчи абзацтагы "нормативдик" деген сөз "ведомстволук" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Положение о Министерстве юстиции Кыргызской Республики (утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 23 декабря 2005 года № 612)Положение · 23.12.2005 · № 612 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери" токтомуПостановление · 15.12.2009 · № 764 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- кр Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы №177 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана мекемелеринде ички аудит кызматтарын түзүү жөнүндө"токтомуПостановление · 13.03.2009 · № 177
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы №612 "Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин маселелери" токтомуПостановление · 23.12.2005 · № 612 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери" токтомуПостановление · 15.12.2009 · № 764 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.