Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Экономика жана Финансы министрлигинин «Кыргыз Республикасындагы ички аудиттин стандарттарын бекитүү жөнүндө» буйругу
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 14-сентябрындагы № 112-Б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКОНОМИКА ЖАНА ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК 2021-жылдын 2-августу № 80-п Кыргыз Республикасындагы ички аудиттин стандарттарын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Ички аудит жөнүндө" Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, эл аралык ички аудиторлор институтунун стандарттарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын ички аудит системасын жана ички аудит стандарттарын өркүндөтүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун 1-пунктун ишке ашыруу үчүн, БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасындагы ички аудиттин стандарттары боюнча жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ички аудит жана бухгалтердик эсеп методология башкармалыгы:
1) бул буйрук катталгандан кийин үч жумуш күндүн ичинде «Эркин-Тоо» газетасына мамлекеттик жана расмий тилдерде жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий веб-сайтына жарыяласын;
2) бул буйрук расмий жарыялангандан кийин үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;
3) бул буйрук күчүнө киргенден кийин, үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жиберсин.
3. Коомчулук менен байланыш сектору ушул буйрук катталган күндөн баштап үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин сайтында расмий жарыялоону камсыздасын.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул буйрукту аткарууну контролдоону Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары А.К.Бакетаевге жүктөлсүн.
Министрдин м.а.
А.К.Бакетаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- кр Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы №177 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана мекемелеринде ички аудит кызматтарын түзүү жөнүндө"токтомуПостановление · 13.03.2009 · № 177
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабнетинин от 20 майы 2022 года № 280 "Кыргыз Республикасынын ички аудит системасын өркүндөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.05.2022 · № 280
- Кыргыз Республикасын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 14-сентябрындагы № 112-Б "Кыргыз Республикасындагы ички аудиттин стандарттарын бекитүү жөнүндө" буйругуПриказ · 14.09.2023 · № 112-П
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин 2021 жылдын 25 августундагы №80 буйругу менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы Ички аудиттин СТАНДАРТТАРЫ"Стандарт · 25.08.2021 · № 80-п
- КР Министрлер Кабинетинин 20.05.22 ж. №280 токтомуПостановление · 20.05.2022 · № 280
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 14-сентябрындагы № 112-Б "Кыргыз Республикасындагы ички аудиттин стандарттарын бекитүү жөнүндө" буйругуПриказ · 14.09.2023 · № 112-П
- Ички аудит жөнүндөЗакон · 26.01.2009 · № 25
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү тартиби жөнүндө Жобо" (Кыргыз Республикасынын…Положение · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон