Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин Маалыматтык-консультациялык борбору жөнүндө»жобосу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 27-декабрындагы
№ 727 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке
орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин
Маалыматтык-консультациялык борбору жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. "Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча
мамлекеттик комитетинин Маалыматтык-консультациялык борбору" мекемеси
(мындан ары - МКБ) "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан
коргоо министрлигинин Калкты ишке орноштуруу мамлекеттик департаменти-
нин Маалыматтык-консультациялык борбору" мекемесинин укук улантуучусу
болуп саналат.
2. МКБ калктын бардык катмарынын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө
ишке орноштуруу жана окутуу жөнүндө маалыматка кењири ээ болуусун кам-
сыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын жарандарына кесиптик багыт берүү
кызматын көрсөтүү үчүн түзүлгөн.
3. Өз ишинде МКБ Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин,
Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин, башка ченемдик укуктук
актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. МКБ юридикалык жак болуп саналат, өзүнүн мөөрү жана Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарында каралган алыш-бериш эсеби, ошондой эле
МКБнын иши үчүн зарыл болгон башка реквизиттери болот.
5. Уюштуруу-укуктук формасы боюнча МКБ - оперативдүү башкаруу уку-
гундагы мекеме, Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу
боюнча мамлекеттик комитетинин түзүмүнө караштуу мекеме болуп саналат.
6. Мекеменин толук аталышы: "Кыргыз Республикасынын Миграция жана
ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин Маалыматтык-консультаци-
ялык борбору".
7. МКБнын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Токтогул көчөсү, N 237.
II. МКБнын негизги милдеттери
8. Кыргыз Республикасында, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө ишке
орноштуруу маселеси боюнча жарандарга маалыматтык жана консультациялык
кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуу.
9. Кыргыз Республикасынын жарандарын кесиптик билим алуу, кайра
окуу, квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат ме-
нен камсыз кылуу.
10. Бош орундардын жарманкесин, кесиптик багыт берүү иш-чараларын
өткөрүү, практикадан жана стажировкадан өтүү үчүн орун издөө ж.б. аркы-
луу иш издөө процессинде инновациялык технологияларды ишке киргизүү жа-
на иш издөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу.
11. Кыргыз Республикасынын жарандарына кесиптик багыт берүү кыз-
маттарын көрсөтүү.
12. Кыргыз Республикасынын жумушсуз жарандарына психологиялык жар-
дам көрсөтүүгө көмөктөшүү.
III. МКБнын негизги функциялары
13. Республиканын ичинде, ошондой эле анын чегинен сыртта мамле-
кеттик миграциялык саясатты жана калкты ишке орноштуруу саясатын жүзөгө
ашырууга катышат.
14. Жарандарга Кыргыз Республикасында, жакынкы жана алыскы чет
өлкөлөрдө ишке орноштуруу жана окутуу боюнча маалымат жана консультация
берет, аларды ишке орноштурууга көмөк көрсөтөт.
15. Бош орундар (анын ичинде Кыргыз Республикасынын жана жакынкы
жана алыскы чет өлкөлөрдүн аймагында), ички жана тышкы эмгек мигранттар
(Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сыртта иштөөнү жана окууну
каалаган жарандар) боюнча маалыматтар базасын түзөт жана системалуу
түрдө толуктайт.
16. Чет өлкөгө барып иштөөнү каалаган жарандарга маалымат берүү
үчүн Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамле-
кеттик комитетинин региондук түзүмдүк бөлүмдөрү менен чет өлкөлүк иш
берүүчүлөр жана бош орундар жөнүндө маалымат алмашат.
17. Эмгек миграциясы процессин жөнгө салуучу ченемдик жана мыйзам
актыларынын маалымат банкын түзөт.
18. Иш берүүчүлөргө МКБнын маалымат банкынан маалыматтарды берет
жана Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен сыртта иштөө
үчүн адистерди тандайт.
19. Бош орундардын жарманкелерин жана окуу курстарын, окуу жайла-
рынын "ачык эшик" күндөрүн жана жумушсуз жарандар жана жаштар, ошондой
эле чет өлкөдө иштөөнү каалаган жарандар үчүн башка иш-чараларды
өткөрөт.
20. МКБнын ишинин негизги багыттары боюнча эмгек мигранттары, окуу
жайларынын өкүлдөрү менен иштеген иш берүүчүлөр, фирмалар, уюмдар менен
өнөктөштүк мамилелерди түзөт.
21. Маалыматтар базасын, веб-сайттарды, программалык тесттерди жа-
на башкаларды түзөт жана туруктуу жањылап турат.
22. МКБнын компьютердик жабдууларынын, бирдиктүү компьютердик тар-
магынын жана маалыматтар базасынын иштешин камсыз кылат.
23. Кыргыз Республикасынын региондору боюнча МКБнын программалык
камсыз кылуусун таркатат, аны пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын
Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин аймактык
органдарынын кызматкерлерин окутууну уюштурат.
24. МКБнын ишинин негизги багыттары боюнча экономикалык жана соци-
алдык-психологиялык изилдөөлөрдү жүргүзөт.
25. Жумушсуз жарандарды психологиялык жактан колдоого алуунун на-
тыйжалуу ыкмаларын жана формаларын иштеп чыгат жана киргизет.
26. Кесиптик багыт берүү, жумушсуз жарандарды окутуу жана кайра
окутуу, потенциалдуу эмгек мигранттарына маалымат жана консультация
берүү жагында иш жүргүзгөн адистерге жардам көрсөтөт, окутуу семинарла-
рын уюштурат жана жүргүзөт.
27. Кесиптик багыт берүү боюнча миграция жана ишке орноштуруу кыз-
матынын региондук бөлүмдөрүнө усулдук жетекчилик кылат жана ишин коор-
динациялайт.
IV. МКБнын укуктары
28. Миграция жана ишке орноштуруу маселелери боюнча республикада
өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте
жүргүзгөн мамлекеттик органдар, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн жана
эл аралык уюмдардын ишканалары, уюмдары, фирмалары менен кызматташууну
жүзөгө ашырууга.
29. Эл аралык келишимдерди, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн
экономикалык тармактарында республиканын эмгектик потенциалы бар жаран-
дарын пайдалануу боюнча максаттуу программаларды жана долбоорлорду ишке
ашырууга катышууга.
30. Миграция жана ишке орноштуруу маселелери боюнча эл аралык,
республикалык жана региондук конференцияларга, кењешмелерге жана башка
иш-чараларга катышууга.
31. МКБнын ишинин багыттарына ылайык жеке жана юридикалык жактарга
акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүгө.
32. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бюд-
жеттен тышкаркы каражаттарды пайдаланууга.
33. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык МКБга таандык фи-
нансылык жана техникалык каражаттарды тескөөгө.
34. МКБ үчүн зарыл болгон жабдууларды жана сарпталуучу материал-
дарды сатып алуу боюнча тендер өткөрүүгө.
35. Конкурстук негизде МКБнын кадрларын тандоого жана жайгаштыруу-
га.
36. Ар кандай, анын ичинде эл аралык долбоорлорго келишимдик же
тендердик негизде катышууга.
37. Миграция жана Кыргыз Республикасынын калкын ишке орноштуруу
жагында саясатты жана стратегияны иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын
Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети менен макул-
дашуу боюнча сунуш киргизүүгө.
V. МКБнын ишин уюштуруу
38. МКБнын ишине Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орнош-
туруу боюнча мамлекеттик комитети жетекчилик кылат.
39. МКБ жөнүндө Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен
бекитилет.
40. МКБ түзүмү ушул Жобонун тиркемеси менен аныкталат, ал ушул Жо-
бонун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
41. МКБ жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик
комитетинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен
жүргүзүлөт.
42. МКБнын директору Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке ор-
ноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин сунушу боюнча Кыргыз Республи-
касынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошо-
тулат.
43. Башкы бухгалтер Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке ор-
ноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын чечими боюнча кыз-
мат ордуна дайындалат жана бошотулат.
44. МКБнын кызматкерлери мамлекеттик кызматчылар болуп саналат жа-
на Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте МБКнын ди-
ректору тарабынан дайындалат.
45. Директор МКБнын ишин уюштурат жана ал үчүн толук жоопкерчилик
тартат, МБКнын атынан аракеттенет, бардык уюмдарда, мекемелерде, ишка-
наларда МБКнын атынан чыгат, ишеним кат берет, Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында каралган эсептерди ачат.
46. МКБнын директору эмгек мыйзамдарына ылайык өз компетенциясынын
чегинде кызматкерлерди, анын ичинде бекитилген штаттык расписаниеге
ылайык техникалык кызматкерлерди ишке кабыл алат жана аларды иштен бо-
шотот.
47. Директор МКБнын компетенциясынын чегинде борбордун бардык кыз-
маткерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат.
48. Директор жок болгон учурда анын милдеттерин аткаруу жогору
турган органдын чечимине ылайык МКБнын кызматкерине жүктөлөт. Зарыл
болгон учурда биринчи кол коюу укугу Кыргыз Республикасынын Миграция
жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын буйругу
менен аныкталат.
VI. МКБнын мүлкү
49. МКБнын мүлкү негизги жана жүгүртүү каражаттарынан, ошондой эле
материалдык-техникалык баалуулуктардан турат, анын наркы МКБнын өз ал-
дынча балансында чагылдырылат.
50. МКБга мүлк оперативдүү башкаруу укугунда өткөрүп берилет. МБК
алган мүлкүн пайдалануу жана тескөө укугун Кыргыз Республикасынын мый-
замдарына ылайык жүргүзөт.
VII. МКБны каржылоо
51. МКБ жана анын иши республикалык бюджеттин каражаттарынын эсе-
бинен каржыланат.
52. МКБ мамлекеттик отчеттуулуктун белгиленген формасы боюнча бух-
галтердик эсеп жана отчет жүргүзөт.
53. МКБ бюджеттин аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мигра-
ция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетине отчет берет.
54. Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча
мамлекеттик комитети өз кезегинде бюджеттик каражаттардын пайдаланышы
жөнүндө отчетту белгиленген формада жана мөөнөттө Кыргыз Республикасы-
нын Финансы министрлигине берет.
VIII. МКБны өзгөртүп кайра түзүү же жоюу
55. МКБ өзгөртүп кайра түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын мый-
замдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын
Миграция жана ишке орноштуруу
боюнча мамлекеттик комитетинин
Маалыматтык-консультациялык
борбору жөнүндө жобого
тиркеме
Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке
орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин
Маалыматтык-консультациялык борборунун
ТҮЗҮМҮ
| ----- | Директор | ------ |
| Ишке орноштуруу жана | Сектор - бухгалтерия | |
| кесиптик багыт | ||
| берүүгө көмөк | ||
| көрсөтүү боюна бөлүм |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-декабрындагы №727 "Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин Маалыматтык-консультациялык…Постановление · 27.12.2008 · № 727 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон