Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Мамлекеттик органдардын штаттык санын көбөйтүүгө мораторий киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 13 декабря 2023 года № 675 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики, Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-13.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 25-июлу № 414 Мамлекеттик органдардын штаттык санын көбөйтүүгө мораторий киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-ноябрындагы № 744, 2018-жылдын 20-декабрындагы № 595 , 2019-жылдын 28-июнундагы № 333 , 2019-жылдын 1-июлундагы № 335, 2019-жылдын 22-августундагы № 423, 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 594 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Мамлекеттик бюджеттин каражаттарын натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-2019-жылдарга төмөнкүлөргө мораторий белгиленсин:
- иштеп жаткан министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагында турган уюмдардын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын, ушул токтомдун 2 , 2-1 жана 2-2 пункттарында аталган учурларды кошпогондо, штаттык санынын чегин көбөйтүүгө;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-ноябрындагы № 744 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-ноябрындагы № 744, 2018-жылдын 20-декабрындагы № 595, 2019-жылдын 22-августундагы № 423 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Ушул токтомдун 1-пунктунун таасири Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына, Куралдуу күчтөрүнө жана башка аскердик түзүмдөрүнө жайылтылат, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин тиешелүү чечимдеринде каралгандан башка учурларда.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-ноябрындагы № 744 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Ушул токтомдун 1-пунктунун иш-аракети Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын эксплуатациялоо үчүн башкармалык түзүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу, жеке жактарды жеке ишкер катары каттоо, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин декларацияларын чогултуу, иштеп чыгуу жана талдоо, Кыргыз Республикасына ташып кирүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соодалашуунун алкагында кыйыр салыктарды башкаруу, этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны импорттоону, өндүрүүнү жана/же жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча функциялар салык кызматынын органдарына өткөрүлүп берилгендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына жайылтылбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 595, 2019-жылдын 1-июлундагы № 335, 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 594 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2.2. Ушул токтомдун 1-пункту Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемесин түзүүгө карата колдонулбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык) 2-2. Ушул токтомдун 1-пункту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматка карата колдонулбайт. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-августундагы № 423 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты менен бирге мамлекеттик органдардын сметалык-штаттык тартипти сакташын системалуу контролдоону камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарда катары менен он эки айдан ашык бош турган кызмат орундар бар экендиги жана ушуга байланыштуу эмгек акы фондунун үнөмдөлүшү жөнүндө маалыматтардын негизинде төмөнкүлөргө укук берилсин:
- мамлекеттик органдардын штаттык санын катары менен он эки айдан ашык бош турган кызмат орундардын санынчалык белгиленген тартипте кыскартууну демилгелөөгө;
- мамлекеттик органдардын эмгек акы фондун ушул бош кызмат орундарга тиешелүү суммага кыскартууга.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө жана финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 12 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (12)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 689 "Саясий партиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө" токтомуПостановление · 17.12.2019 · № 689
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы № 602 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам" программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 100…Постановление · 22.09.2017 · № 602
- "ОСНОВНЫЕ НАПРАВЛЕНИЯ фискальной политики Кыргызской Республики на 2020-2022 годы" к постановлению Правительства Кыргызской Республики от 12 сентября 2019 года № 469Направления · 12.09.2019 · № 469
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 594 "Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо чаралары…Постановление · 01.11.2019 · № 594 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-ноябрындагы № 744 токтомуПостановление · 15.11.2017 · № 744
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 594 токтомуПостановление · 01.11.2019 · № 594
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 595-токтомуПостановление · 20.12.2018 · № 595
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы №333 токтомуПостановление · 28.06.2019 · № 333
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-ноябрындагы № 744 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-июлундагы № 414 "Мамлекеттик органдардын штаттык санын…Постановление · 15.11.2017 · № 744 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-августундагы № 423 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук-эксперттик ишти уюштуруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"…Постановление · 22.08.2019 · № 423 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 595 "Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын гидротехникалык…Постановление · 20.12.2018 · № 595 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (8)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-ноябрындагы № 744 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-июлундагы № 414 "Мамлекеттик органдардын штаттык санын…Постановление · 15.11.2017 · № 744 · Күчүн жоготкон
8 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.