Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 300 „Бирдиктүү төлөөчү тутумундагы медициналык-санитардык жардамды каржылоо методдорун оптималдаштыруу жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 25 февраля 2025 года № 86 "О порядке формирования и исполнения бюджета системы здравоохранения"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-02-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 18-февралы № 53 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 300 "Бирдиктүү төлөөчү тутумундагы медициналык-санитардык жардамды каржылоо методдорун оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 12-июлундагы №14 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жана анын административдик ведомстволору жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы №300 "Бирдиктүү төлөөчү тутумундагы медициналык-санитардык жардамды каржылоо методдорун оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик гарантиялар программасы боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарына көрсөтүлүүчү медициналык-санитардык жардамды каржылоонун базалык ченемдерин эсептөө методикасында:
- бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилет" деген сөздөр ар кандай жөндөмөдө "ММК фонду тарабынан бекитилет" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 86 "Саламаттык сактоо системасынын бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 25.02.2025 · № 86
- КР Окмотунун токтому 2008-жылдын 13-июну № 300 " Бирдиктүү төлөөчү тутумундагы медициналык-санитардык жардамды каржылоо методдорун оптималдаштыруу жөнүндө".Постановление · 13.06.2008 · № 300 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 86 "Саламаттык сактоо системасынын бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 25.02.2025 · № 86
- КР Окмотунун токтому 2008-жылдын 13-июну № 300 " Бирдиктүү төлөөчү тутумундагы медициналык-санитардык жардамды каржылоо методдорун оптималдаштыруу жөнүндө".Постановление · 13.06.2008 · № 300 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2010-жылдын 12-июлундагы ПЖ №14 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана анын администрациялык ведомстволорунун түзүмү жөнүндө" жарлыгыУказ · 12.07.2010 · № 14 · Күчүн жоготкон