Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
5-берене. Даярдоочунун (аткаруучунун, сатуучунун) товардын (иштин) колдонулуу мөөнөтүн, жарактуулук мөөнөтүн, ошондой эле товардын (иштин) кепилдик мөөнөтүн белгилөө жагындагы укуктары жана милдеттери
Күчүндө · 29.10.2025 редакциясы · I бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 22 июня 2023 года № 125
1. Узакка пайдаланылуучу товарга (ишке) даярдоочу (аткаруучу) колдонулуу мөөнөтүн - даярдоочу (аткаруучу) керектөөчүгө товарды (ишти) тиешесине жараша пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жана анын күнөөсү менен пайда болгон олуттуу кемчиликтер үчүн жоопкерчилик тартуу аралыгында милдеттенген мезгилди белгилөөгө укуктуу.
2. Даярдоочу (аткаруучу) узак пайдаланылуучу товардын (иштин), анын ичинде белгилүү мезгил өткөндөн кийин керектөөчүнүн өмүрү, ден соолугу үчүн коркунуч келтирүү, анын мүлкүнө же курчаган чөйрөгө зыян келтириши мүмкүн болгон комплектилөөчү жасалгалардын (тетиктердин, тоомдордун, агрегаттардын) колдонулуу мөөнөтүн белгилөөгө милдеттүү. Мындай товарлардын (иштердин) тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
3. Товардын (иштин) колдонулуу мөөнөтү убакыт бирдиктери, ошондой эле товардын функциялык багыттарына (иштин натыйжасына) негизденүү менен башка өлчөө бирдиктери (километр, метр жана башка бирдиктер) менен эсептелиши мүмкүн.
4. Тамак-аш азыктарына, парфюмериялык-косметикалык товарларга, медикаменттерге, турмуш-тиричилик химиясынын товарларына жана башка ушул сыяктуу товарларга (иштерге) даярдоочу (аткаруучу) жарактуулук мөөнөтү - өтүп кеткенден кийин товар (иш) максатына жараша пайдалануу үчүн жараксыз жана керектөөчүлөргө сатып өткөрүүгө болбойт деп эсептеле турган мезгилин белгилөөгө милдеттүү. Мындай товарлардын (иштердин) тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
5. Белгиленген мөөнөтүнөн өтүп кеткен товарды, ошондой эле колдонулуу мөөнөтү же жарактуулук мөөнөтү белгиленүүгө тийиш болгону менен, андай мөөнөт коюлбаган товарды сатууга (иштерди аткарууга) тыюу салынат.
6. Даярдоочу (аткаруучу) товарга (ишке) кепилдик мөөнөт - анын ичинде товарда (иште) кемчилиги табылган учурда даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) ушул мыйзамдын 17 жана 38-беренелеринде белгиленген керектөөчүнүн талабын аткарууга милдетүү болгон мезгилин белгилөөгө милдеттүү.
Товардын кемчилдиги айкындалган учурда сатуучу тарабынан белгилиленген кошумча кепилдик мөөнөттүн ичинде сатуучу ушул Мыйзамдын 17 жана 38-беренелеринде белгиленгендей керектөөчүнүн талабын канааттандырууга милдеттүү. Керектөөчү сатуучу тарабынан белгиленген кепилдик мөөнөттүн ичинде товардын кемчилиги табылган учурда сатуучуга коюуга укуктуу болгон талаптар, ушул талаптарды канааттандыруу тартиби жана мөөнөттөрү, ошондой эле сатуучунун жоопкерчилиги керектөөчү менен сатуучунун ортосунда түзүлүүчү келишим менен белгиленет. (Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-мартындагы № 42, 2015-жылдын 21-февралындагы № 38, 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 22 июня 2023 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 февраля 2015 года № 38 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 марта 2002 года № 42 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
22.06.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…чөйрөгө зыян келтириши мүмкүн болгон комплектилөөчү жасалгалардын алынып салынды: ( тетиктердин, кошулду: (тетиктердин, тоомдордун, агрегаттардын) колдонулуу мөөнөтүн белгилөөгө милдеттүү. кошулду: Мындай товарлардын (иштердин) тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
3. Товардын (иштин) колдонулуу мөөнөтү убакыт бирдиктери, ошондой эле … Мындай товарлардын (иштердин) тизмеси Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
5. Белгиленген мөөнөтүнөн өтүп кеткен товарды, … менен сатуучунун ортосунда түзүлүүчү келишим менен белгиленет.
алынып салынды: (КР кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-мартындагы № 42, 2015-жылдын 21-февралындагы № алынып салынды: 38 кошулду: 38, 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/590/st-5" title="5-берене - Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>