Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
38-берене. Аткарылган иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) кемчиликтери табылганда керектөөчүнүн укуктары
Күчүндө · 29.10.2025 редакциясы · IV бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 марта 2002 года № 42
1. Керектөөчү аткарылган иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) кемчиликтери табылганда өз каалоосу боюнча төмөндөгүлөрдү талап кылууга укуктуу:
аткарылган иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) кемчиликтерин акысыз четтетүүнү; аткарылган иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) баасын тиешелүү түрдө азайтууну; ошондой эле сапаттагы окшош материалдан башка буюмду акысыз даярдап берүүнү же ишти кайтадан аткарууну. Мында керектөөчү ага аткаруучу мурда берген буюмду кайтарууга милдеттүү; аткарылган иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) кемчиликтерин өз күчү менен же башка бирөөлөр тарабынан четтетүүдө тарткан чыгымдарын өндүрүп берүүнү. Кемчиликтерди акысыз четтетүү жөнүндө, башка буюмду жасатуу жөнүндө же ишти (кызмат көрсөтүүнү) кайтадан аткаруу жөнүндө керектөөчүнүн талабы, аткарылган иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) баасын азайтуу жөнүндө талап менен коштолушу мүмкүн. Эгерде аткаруучу аткарылган иштин (көрсөткөн кызматтын) кемчиликтерин келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө четтете албаса, керектөөчү иштин аткарылышы (кызмат көрсөтүү) жөнүндө келишимди бузууга жана тарткан чыгашасын толук кайтарууну талап кылууга укуктуу. Керектөөчү ошондой эле аткарылган иштен (көрсөтүлгөн кызматтан) олуттуу кемчиликтерди же келишимдин шарттарынан башка да олуттуу четтөөлөрдү тапса, ишти аткаруу (кызмат көрсөтүү) жөнүндө келишимди бузууга укуктуу. Керектөөчү ошондой эле аткарылган иштин (көрсөткөн кызматтын) кемчиликтерине байланыштуу өзүнө келтирилген чыгашаны толук өндүрүп берүүнү талап кылууга укуктуу. Чыгаша керектөөчүнүн тийиштүү талаптарын канааттандыруу үчүн белгиленген мөөнөтүндө өндүрүлөт.
2. Аткарылган иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) ишти аткаруу (кызмат көрсөтүү) жөнүндөгү келишим бузулган учурда керектөөчүгө кайтарылуучу, ошондой эле аткарылган иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) баасын азайтууда эске алынуучу баасы ушул Мыйзамдын 23-беренесинин 3-пунктуна ылайык аныкталат.
3. Ушул берененин 1-пунктунда белгиленген талаптар аткарылган ишти (көрсөтүлгөн кызматты) кабыл алууда же ишти аткаруунун (кызмат көрсөтүү) жүрүшүндө кемчиликтер табылган учурда коюлушу мүмкүн, ал эми аткарылган ишти (көрсөтүлгөн кызматты) кабыл алууда кемчиликтерди табуу мүмкүн болбогон учурда, кепилдик мөөнөттүн ичинде же кепилдик мөөнөтү болбогон учурда, аткарылган ишти (көрсөтүлгөн кызматты) кабыл алган күндөн тартып алты айдын ичинде коюлушу мүмкүн. Аткарылган ишти (көрсөтүлгөн кызматты) кабыл алууда табуу мүмкүн болбогон курулуштагы же башка жылбас мүлктөгү кемчиликтерге карата талаптар аткарылган иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) кемчилиги табылганда кепилдик мөөнөттүн ичинде, ал жок болсо - он жылдын ичинде коюлушу мүмкүн.
4. Аткаруучунун күнөөсү менен аткарылган иште (көрсөтүлгөн кызматта) жол берилген олуттуу кемчиликтер табылган учурда керектөөчү аткаруучуга аткарылган ишке (көрсөтүлгөн кызматка) аткаруучу тарабынан коюлган кепилдик мөөнөт өткөндөн кийин же ушул берененин 3-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөтү өткөндөн кийин аткарылган иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) кемчиликтерин акысыз четтетүү жөнүндө талап коюуга укуктуу. Керектөөчүнүн көрсөтүлгөн талаптары аткарылган иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) белгиленген мөөнөтүнүн ичинде же аткарылган иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) колдонулуу мөөнөтү белгиленбесе, аткарылган ишти (көрсөтүлгөн кызматты) кабыл алган күндөн тартып он жылдын ичинде коюлушу мүмкүн.
Эгерде мындай талап ушул Мыйзамдын 39-беренесинде белгиленген мөөнөттө канааттандырылбаса, керектөөчү өз каалоосу боюнча төмөндөгүлөрдү талап кылууга укуктуу: аткарылган иш (көрсөтүлгөн кызмат) үчүн бааны тийиштүү түрдө азайтууну; аткарылган иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) кемчиликтерин өз күчү же башка бирөөлөрдүн күчү менен четтетүү боюнча тарткан чыгымдарын өндүрүүнү; иш аткаруу (кызмат көрсөтүү) жөнүндө келишимди бузууну жана чыгашасын өндүрүп берүүнү. (КР 2002-жылдын 20-мартындагы № 42 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 29.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/590/st-38" title="38-берене - Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>