Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
4-берене. Товардын (иштин, кызматтын) сапаты жана саны
Күчүндө · 29.10.2025 редакциясы · I бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37
1. Сатуучу (аткаруучу) керектөөчүгө сапаты жана саны келишимге ылайык келген товарды берүүгө (ишти аткарууга, кызмат көрсөтүүгө) милдеттүү.
2. Келишимде товардын (иштин, кызматтын) сапаты жөнүндө шарттар айтылбаса сатуучу (аткаруучу) керектөөчүгө адатта ошол максатта пайдаланылуучу товарды (ишти, кызматты) берүүгө (ишти аткарууга, кызмат көрсөтүүгө) милдеттүү.
3. Эгерде сатуучу, аткаруучу келишим түзгөн учурда товарды сатып алуунун (ишти аткаруунун, кызмат көрсөтүүнүн) конкреттүү максаттары жөнүндө керектөөчү тарабынан кабарландырылса сатуучу (аткаруучу) керектөөчүгө ушул максатка ылайык пайдалануу үчүн жарактуу болгон товарды берүүгө (ишти аткарууга, кызмат көрсөтүүгө) милдеттүү.
4. Үлгүсү жана (же) сүрөттөлүшү боюнча товарды сатууда сатуучу керектөөчүгө үлгүгө жана (же) сүрөттөлүшүнө ылайык келген товарды берүүгө милдеттүү.
5. Эгерде техникалык жөнгө салуу жаатындагы ченемдик укуктук актыларда, стандарттарда, эрежелердин жыйындысында жана келишимдердин шарттарында товардын коопсуздугуна карата милдеттүү талаптар жана товардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) сапатына карата талаптар каралса, сатуучу (аткаруучу) керектөөчүгө ушул талаптарга ылайык келген товарды өткөрүп берүүгө (ишти аткарууга, кызмат көрсөтүүгө) милдеттүү.
6. Керектөөчү товардын (иштин, кызматтын) иш жүзүндө алынган саны үчүн төлөөнүн накталай жана/же накталай эмес формасында акы төлөйт. Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында же тараптардын макулдашуусунда каралган учурларда товарларга, иштерге жана кызматтарга акы төлөө алдын ала төлөөнү киргизүү жолу менен да жүргүзүшү мүмкүн.
Керектөөчү чыны менен алган товардын (иштин, кызматтын) эсебин алуу таразалардын, приборлордун, аспаптардын, эсептегичтердин жана башка өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык текшерүүдөн өткөн, бекитилген типтеги өлчөө каражаттарынын көрсөтүүлөрү боюнча сатуучу (даярдоочу, аткаруучу) тарабынан жүргүзүлөт, камсыз кылынат. Аталган жана керектөөчү алган товарлардын (иштердин, кызматтардын) санынын жекече эсебин алуунун башка чен-өлчөм приборлору сатуучунун (даярдоочунун, аткаруучунун) менчиги болуп эсептелет жана ал тарабынан тейленет. Эгерде сатуучу (даярдоочу, аткаруучу) керектөөчүгө келишимде каралгандан аз санда товар (иш, кызмат) берсе, келишимде башкача каралба- са, мындай учурда сатуучу керектөөчү тарткан чыгымдын ордун толук төлөп берүүгө милдеттүү.
7. Сатуучу (даярдоочу, аткаруучу) төлөмдү накталай эмес формада жүзөгө ашыруу үчүн банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды жана/же улуттук стандарттагы штрихкоддун (QR-коддун) эки өлчөмдүү символдорун пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн багытталган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүшү) колдонууга милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-мартындагы № 42, 2013-жылдын 13-февралындагы № 15, 2015-жылдын 31-январындагы № 29, 2015-жылдын 21-февралындагы № 38, 2023-жылдын 22-июнундагы № 125, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 22 июня 2023 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 февраля 2015 года № 38 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 января 2015 года № 29 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 февраля 2013 года № 15 "О внесении изменения и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 марта 2002 года № 42 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
12.02.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…керектөөчү тарткан чыгымдын ордун толук төлөп берүүгө милдеттүү.
кошулду: 7. Сатуучу (даярдоочу, аткаруучу) төлөмдү накталай эмес формада жүзөгө ашыруу үчүн банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды жана/же улуттук стандарттагы штрихкоддун (QR-коддун) эки өлчөмдүү символдорун пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн багытталган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүшү) колдонууга милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-мартындагы № 42, 2013-жылдын … № 29, 2015-жылдын 21-февралындагы № 38, 2023-жылдын 22-июнундагы № алынып салынды: 125 кошулду: 125, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кара-Балтинского шаардык кеңешинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 05 "Кара-Балта шаарын 2023-2026-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы жөнүндө, Кара-Балта…Постановление · 16.03.2023 · № 05
- Постановление Правительства КР от 15 мая 2020 года № 254 "О заключении Правительства Кыргызской Республики на проект Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в Закон…Постановление · 15.05.2020 · № 254
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-мартындагы № 212 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 28.03.2012 · № 212
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/590/st-4" title="4-берене - Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>