Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
18-берене. Товардын кемчилигине карата талаптарды керектөөчү тарабынан коюу мөөнөтү
Күчүндө · 29.10.2025 редакциясы · II бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 22 июня 2023 года № 125
1. Керектөөчү эгерде товардын кемчилиги ушул Мыйзамдын 5-беренесине ылайык даярдоочу белгилеген кепилдик мөөнөттүн же жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде табылса, ушул Мыйзамдын 17-беренесинде белгиленген товардын кемчиликтерине карата талаптарды коюуга укуктуу.
Эгерде товарлардын кемчилиги аны керектөөчүгө берген күндөн тартып алты айдын ичинде табылса, ал эми жылбас мүлккө карата аны керектөөчүгө берген күндөн тартып эки жылдан ашпаган мөөнөттүн ичинде берилсе жана мыйзамда же келишимде мындан узак мөөнөттөр белгиленбесе, кепилдик мөөнөтү же жарактуулук мөөнөтү коюлбаган товарларга карата керектөөчү жогоруда көрсөтүлгөн талаптарды коюуга укуктуу.
2. Товардын кепилдик мөөнөтү, ошондой эле анын колдонулуу мөөнөтү товар керектөөчүгө сатылган күндөн тартып эсептелет. Эгерде товар сатылган күндү тактоо мүмкүн болбосо, ушул мөөнөт товар даярдалган күндөн тартып эсептелет.
Мезгилдүү товарлар (бут кийим, кийим жана башкалар) үчүн ушул мөөнөттөр тийиштүү мезгил башталган учурдан тартып эсептелет, анын башталуу мөөнөтү керектөөчү жашаган жердин климаттык шарттарына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Товарлар үлгүлөрү боюнча почта аркылуу сатылган учурда, ошондой эле эгерде соода-сатык келишими түзүлгөн учур менен товарды керектөөчүгө өткөрүү учуру дал келбеген учурларда, ушул мөөнөттөр товарды керектөөчүгө жеткирип берген күндөн тартып эсептелет, ал эми товар атайын орнотуу (кошууга) же куроого муктаж болсо, аны (кошуу) же куроо күнүнөн тартып эсептелет. Эгерде товарды жеткирүү, орнотуу (кошуу) же куроо күнүн аныктоо мүмкүн болбосо, ушул мөөнөттөр соода-сатык келишими түзүлгөн күндөн тартып эсептелет. Жылбаган мүлкүн кепилдик мөөнөтү жана колдонулуу мөөнөтү жылбас мүлктү сатуу келишими мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып эсептелет. Товардын жарактуулук мөөнөтү аралыгында ал пайдаланууга жарактуу болгон күндөн тартып же ага чейин товар пайдаланууга жарактуу болгон күндөн тартып эсептелүүчү мезгил менен аныкталат. Товардын жарактуулук мөөнөтүнүн узактыгы техникалык регламенттер менен белгиленген товардын коопсуздугуна карата коюлуучу милдеттүү талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
3. Кепилдик мөөнөттөр негизги товардын комплектилөөчү жасалгаларына жана составдуу бөлүктөрүнө коюлушу мүмкүн. Комплектилөөчү жасалгаларга жана составдуу бөлүктөргө кепилдик мөөнөттөр негизги товарга кепилдик мөөнөт коюлгандай эле тартипте эсептелет.
Негизги товардын комплектилөөчү жасалгаларына жана составдуу бөлүктөрүнө кепилдик мөөнөттөр негизги товарга коюлуучу кепилдик мөөнөттөн аз болушу мүмкүн эмес. Эгерде комплектилөөчү жасалгаларга негизги товардын кепилдик мөөнөтүнө караганда узагыраак кепилдик мөөнөт коюлса, керектөөчү комплектилөөчү жасалганын кемчиликтери негизги товардын кепилдик мөөнөтүнүн өткөнүнө карабастан, ушул жасалгага кепилдик мөөнөттүн ичинде табылган шартта товардын кемчиликтерине карата талап коюуга укуктуу.
4. Ушул беренеде көрсөтүлгөн мөөнөттөр ушул Мыйзамдын 9-беренесине ылайык керектөөчүгө сунуш кылынуучу товар жөнүндөгү маалыматта керектөөчүгө билдирилет.
5. Даярдоочунун күнөөсү менен жол берилген товардын олуттуу кемчиликтери табылган учурда, керектөөчү ушул берененин 1-пунктунун экинчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин товардын кемчиликтерин акысыз четтетүү жөнүндө даярдоочуга талап коюуга укуктуу. Көрсөтүлгөн талап товардын белгиленген колдонулуу мөөнөтүнүн ичинде же товардын колдонулуу мөөнөтү белгиленбесе, товар берилген күндөн тартып он жылдын ичинде коюлушу мүмкүн. Эгерде керектөөчү мындай талап койгон күндөн тартып жыйырма күндүн ичинде талап канааттандырылбаса, керектөөчү өз каалоосу боюнча даярдоочуга ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 3-пунктунда белгиленген башка талаптарды коюуга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-февралындагы № 38, 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 Мыйзамдарынын редакцияларында ылайык)
Берененин тексти 29.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 22 июня 2023 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 февраля 2015 года № 38 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"Редакцияларды салыштыруу
22.06.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жердин климаттык шарттарына таянуу менен Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Товарлар үлгүлөрү боюнча почта аркылуу сатылган … 3-пунктунда белгиленген башка талаптарды коюуга укуктуу.
алынып салынды: (КР кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-февралындагы № алынып салынды: 38 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 38, 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 Мыйзамдарынын редакцияларында ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/590/st-18" title="18-берене - Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>