Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
19-берене. Даярдоочу (сатуучу) тарабынан товардын кемчилигин четтетүү
Күчүндө · 29.10.2025 редакциясы · II бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 22 июня 2023 года № 125
1. Товардан табылган кемчиликтер керектөөчү товардын кемчилигин четтетүү туурасында талап койгон күндөн тартып жыйырма күндүн ичинде аны менен түзүлгөн келишимдин негизинде даярдоочу (сатуучу) же даярдоочунун (сатуучунун) милдетин аткарган уюм тарабынан четтетилүүгө тийиш.
2. Узак мезгилге пайдаланылуучу товарларга карата даярдоочу (сатуучу) же даярдоочунун (сатуучунун) милдетин аткаруучу уюм аны менен түзүлгөн келишимдин негизинде керектөөчү тарабынан көрсөтүлгөн талап коюлганда жети күндүк мөөнөттө керектөөчүгө ремонт жүрүп жаткан мезгилге ошондой товарды акысыз берип, өз эсебинен жеткирип берүүнү камсыз кылууга милдеттүү. Көрсөтүлгөн талап жайылтылбаган узакка пайдаланылуучу товарлардын тизмесин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт.
3. Товардын кемчилиги четтетилген учурда анын кепилдик мөөнөтү товар пайдаланылбаган мезгилге узартылат. Бул мезгил товардын кемчилигин четтетүү жөнүндө керектөөчү талап коюп кайрылган күндөн тартып ремонт бүткөндөн кийин, аны кайтадан берген күнгө чейин эсептелет.
4. Кепилдик мөөнөтү коюлган негизги товардын комплектилөөчү жасалгасы же составдуу бир бөлүгү алмаштырылып, товардын кемчилиги четтетилген учурда негизги товардын жаңы комплектилөөчү жасалгасына же составдуу бөлүгүнө кепилдик мөөнөт ремонт бүткөндөн кийин ушул товар керектөөчүгө берилген күндөн тартып эсептелет.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 29.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 22 июня 2023 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"Редакцияларды салыштыруу
22.06.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…узакка пайдаланылуучу товарлардын тизмесин Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети белгилейт.
3. Товардын кемчилиги четтетилген учурда анын кепилдик … кийин ушул товар керектөөчүгө берилген күндөн тартып эсептелет.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/590/st-19" title="19-берене - Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>