Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
9-берене. Товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) жөнүндө маалыматтар
Күчүндө · 29.10.2025 редакциясы · I бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 22 июня 2023 года № 125
1. Даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) керектөөчүгө товарларды туура тандап алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) тууралуу зарыл жана так маалыматты өз убагында берүүгө милдеттүү.
Товарлар (жумуштар, тейлөө кызматтары) жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринде, ал эми зарыл учурларда - ошондой эле чет тилдеринде баяндалышы керек.
2. Товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) жөнүндө маалымат милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
товардын (иштин, кызмат көрсөтүүнүн) аталышын; сунушталып жаткан иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) түрлөрүн жана өзгөчөлүктөрүн; эгерде товар (иш, кызмат көрсөтүү) техникалык регламенттерде, стандарттарда белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн ырастоо жол-жобосунан өтүүгө тийиш болгон учурда, ылайык келүү белгисин; техникалык регламенттердин талаптарына ылайык келүүсү жөнүндө маркалоону; товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) негизги керектөөчүлүк касиеттери жөнүндө маалыматтарды, ал эми тамак-аш азыктарына карата - курамы жөнүндө маалыматтарды (анын ичинде аларды даярдоо процессинде пайдаланылуучу башка тамак-аш азыктарынын жана тамак-аш кошулмаларынын тизмегин), тамак-аш азыктарында гендик-инженердик-модификацияланган организмдерди колдонуу менен алынган компоненттердин болушу, тамак-аш азыктарынын салмагы жана көлөмү, калориялуулугу, аларда ден соолук үчүн зыяндуу заттардын камтылышы жөнүндө, ошондой эле оорулардын айрым түрлөрүндө колдонуу үчүн болбой турган жактары жөнүндө маалыматтарды (маркировкалоону); товардын (иштин натыйжасынын) санын (көлөмүн) же комплекттүүлүгүн; товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) улуттук валютадагы жана (же) пайыздык туюнтмадагы баасын, комиссиялык сый акыларын жана тарифтерин, ошондой эле сатып алуу шарттарын; эгерде ал ушул Мыйзамга ылайык белгиленсе, кепилдик мөөнөтүн; товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) натыйжалуу жана коопсуз пайдалануу эрежелерин жана шарттарын; товарлардын (иштердин) ушул Мыйзамга ылайык белгиленген даярдалган күнүн, колдонулуу мөөнөтүн же жарактуулук мөөнөтүн, ошондой эле көрсөтүлгөн мөөнөттөр өткөндөн кийин керектөөчүнүн зарыл болгон аракеттери жана эгерде товарлар (иштер) көрсөтүлгөн мөөнөттөр өткөндөн кийин керектөөчүнүн өмүрү, ден соолугу жана мүлкү үчүн коркунуч келтирсе же арналышы боюнча пайдалануу үчүн жараксыз болуп калса, мындай аракеттерди аткарбай коюунун мүмкүн болгон кесепеттери жөнүндө маалыматтарды; даярдоочунун (аткаруучунун, сатуучунун) жайгашкан жерин (юридикалык дарегин) жана даярдоочу (сатуучу) тарабынан керектөөчүлөрдөн дооматтарды кабыл алууга ыйгарым укук берилген жана товарды (ишти) оңдоочу жана техникалык жактан тейлөөчү уюмдун (уюмдардын) жайгашкан жерин; эгерде аларды белгилөө Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринде каралган болсо, товарлардын энергетикалык натыйжалуулугунун класстары тууралуу, ошондой эле имараттардын, курулмалардын энергетикалык натыйжалуулугунун имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына ылайыктуулугу тууралуу маалыматтарды; товарларды сатуу (иштерди аткаруу, кызматтарды көрсөтүү) эрежелери жөнүндө маалыматтарды. Эгерде керектөөчү сатып алган товар мурда колдонулган болсо же анын кемчилиги (кемчиликтери) четтетилсе, керектөөчүгө бул тууралуу маалымат берилүүгө тийиш.
3. Ушул берененин 2-пунктунда каралган маалыматтар товарларга (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) тиркелүүчү техникалык документацияда, этикеткаларында,маркаларында же товарлардын (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) айрым түрлөрү үчүн кабыл алынган башка ыкма менен керектөөчүгө маалымдалууга тийиш. Товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) ылайык келүүсүн ырастоо жөнүндө маалымат белгиленген тартипте маркалоо түрүндө жана сертификациялоо же декларациялоо жүргүзүлгөндүгү (ылайык келүүсү жөнүндө сертификаттын жана декларациянын номери) жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен берилет.
Эгерде товарлардын техникалык документтери (техникалык паспорт, пайдалануу боюнча көрсөтмө жана башкалар) чет тилде болсо, анын кыргыз жана/же орус тилиндеги котормосу сөзсүз болууга тийиш. Кыргыз Республикасынын аймагында кутуларга салынган же оролуп таңгакталган тамак-аш азыктары алардын даярдалган жери жана аларды жасаган жөнүндөгү маалыматтар менен жабдылууга тийиш. (Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-мартындагы № 42, 2008-жылдын 18-июлундагы № 158, 2009-жылдын 8-декабрындагы № 307, 2015-жылдын 21-январындагы № 22, 2015-жылдын 21-февралындагы № 38, 2020-жылдын 22-июлундагы № 84, 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 22 июня 2023 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 июля 2020 года № 84 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 февраля 2015 года № 38 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 января 2015 года № 22 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 декабря 2009 года № 307 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственном языке Кыргызской Республики", "О защите прав потребителей")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 июля 2008 года № 158 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 марта 2002 года № 42 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
22.06.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…тейлөөчү уюмдун (уюмдардын) жайгашкан жерин;
эгерде аларды белгилөө алынып салынды: мыйзамдарда, кошулду: Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык алынып салынды: регламенттерде кошулду: регламенттеринде каралган алынып салынды: учурларда, кошулду: болсо, товарлардын энергетикалык натыйжалуулугунун класстары алынып салынды: жөнүндө, кошулду: тууралуу, ошондой эле кошулду: имараттардын, курулмалардын энергетикалык натыйжалуулугунун имараттардын энергетикалык алынып салынды: натыйжалуулугунун мыйзамдардын кошулду: натыйжалуулугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына алынып салынды: ылайык келүүсү жөнүндө кошулду: ылайыктуулугу тууралуу маалыматтарды;
товарларды сатуу (иштерди аткаруу, кызматтарды … жана аларды жасаган жөнүндөгү маалыматтар менен жабдылууга тийиш.
алынып салынды: (КР кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-мартындагы № 42, 2008-жылдын 18-июлундагы № 158, … № 22, 2015-жылдын 21-февралындагы № 38, 2020-жылдын 22-июлундагы № алынып салынды: 84 кошулду: 84, 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/590/st-9" title="9-берене - Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>