Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Адамүдүн районунун Ташдөбө айылдык кеңешинин жерлерин „Айыл чарба багытындагы жерлер“ категориясынан „Калктуу конуштардын жерлери“ категориясына которуу жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 2-июлу № 258
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Адамүдүн районунун
Ташдөбө айылдык кењешинин жерлерин "Айыл чарба багытындагы
жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери"
категориясына которуу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 10-августундагы № 327 токтомунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык жана
Кыргыз Республикасында турак жай курулушун өнүктүрүү максатында Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-
сынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык
комиссия менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын жарандарына жеке
менчик укугунда таандык 16,41 га сугат айдоосун которуу жөнүндө сунушу
кабыл алынсын, анын ичинде:
- Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Адамүдүн районунун
Ташдөбө айылдык кењешинин аймагында жаран М Токоевага - 2,04 га;
- жаран Ш.С.Токторовго - 2,0 га;
- жаран С.М.Рыскельдиевага - 1,75 га;
- жаран Н.И.Бослерге - 1,46 га;
- жаран В.О.Красильниковго - 9,16 га.
2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытында-
гы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына
которулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-
сы:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана куру-
луш боюнча мамлекеттик агенттик жана Бишкек шаарынын мэриясы менен бир-
дикте бул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участкаларына "2025-жылга
чейинки мезгилге Бишкек шаарынын башкы планы жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-ноябрындагы № 805 токтому менен беки-
тилген Бишкек шаарынын башкы планына бекем ылайык курууну камсыз кыл-
сын;
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-
син;
- жалпы пайдалануудагы автожолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сырт-
та зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникацияларды камсыз кылуу-
ну эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыксын.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-августундагы №
327 токтомунун редакциясына ылайык)
4 Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын агрардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-ноябрындагы № 805 " 2025-жылга чейинки мезгилге Бишкек шаарынын башкы планы жөнүндө" токтомуПостановление · 21.11.2006 · № 805
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.