Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Мамлекеттин менчигинде турган жер участогун ижаранын шарттарында мөөнөттүү пайдаланууга берүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительство КР от 18 марта 2021 года № 100 "О признании утратившим силу постановления Правительства Кыргызской Республики "О предоставлении в срочное пользование земельного участка, находящегося в государственной собственности, на условиях аренды" от 15 января 2018 года № 19"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-03-18.
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 18-мартындагы № 100 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 15-январы № 19
Мамлекеттин менчигинде турган жер участогун ижаранын шарттарында мөөнөттүү пайдаланууга берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү, 3/11 -Суеркулов көчөсү, 1/3 дареги боюнча жайгашкан жалпы аянты 0,8 га жер участогун медицина мекемесинин имаратын жана турак жай куруу үчүн «Экиз Иншаат ве Тижарет» жоопкерчилиги чектелген коомуна (мындан ары - «Экиз Иншаат ве Тижарет» ЖЧК) ижара келишиминин шартында берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участогу медицина мекемесинин имаратын жана турак жай куруу үчүн «Экиз Иншаат ве Тижарет» ЖЧКга курулуш аяктагандан кийин медицина мекемесинин имаратын мамлекеттин менчигине өткөрүп берүү шарты менен 49 жылдык мөөнөткө ижарага берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарды эске алып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер участогу боюнча «Экиз Иншаат ве Тижарет» ЖЧК менен ижара келишимин түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жана Бишкек шаарынын мэриясы менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн 2006-жылдын 21-ноябрындагы № 805 токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын Башкы планына ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизсин;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участогун максаттуу пайдаланууну камсыздасын;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы белгиленген тартипте:
- ушул токтомдун 2-пунктунда аталган объекттерди мамлекеттик каттоодон өткөрсүн;
- жерди эсепке алуу документтерине жана максаттуу арналышына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Дж.Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-ноябрындагы № 805 " 2025-жылга чейинки мезгилге Бишкек шаарынын башкы планы жөнүндө" токтомуПостановление · 21.11.2006 · № 805
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 18-мартындагы № 100 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 19 "Мамлекеттин менчигинде турган жер участогун…Постановление · 18.03.2021 · № 100
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15