21-статья. Банкроттук процессин козгоо же баштоо тобокели болгондо карыз тараптардын активдерин колдонуу
Күчүндө · 29.10.2025 редакциясы · 1-ГЛАВА
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 апреля 2015 года № 87
1. Ушул статьянын жоболору төмөнкү окуялардын бири башталганда:
1) карыз тараптын катышуучуларынын же жетекчилеринин өздөрүнүн бардык кредиторлоруна кандайдыр-бир ыкма менен карыз тараптын төлөөгө жөндөмсүздүгү (төлөөгө кудуретсиздиги) тууралу билдирүүсү;
2) карыз тараптын кредиторлордун чогулушун чакырышы же анын кредиторлорунун банкроттук процессин козгоо тууралу биринчи кулактандырууну газетада жарыялаганда;
3) соттун карыз тарапты банкрот деп таануу тууралу арызды алышы;
4) ушул Мыйзамга ылайык банкроттук процесси башталганда;
5) карыз тараптын банкроттук процессинде төлөөгө жөндөмдүү юридикалык жакты жоюу жөнүндө мүлктүн ээси болгон юридикалык жактын уюштуруу документтери же чечим менен ушуга ыйгарым укуктуу катышуучулардын же органдын чечим кабыл алганда колдонулат.
2. Ушул статьянын 1-пунктунда каралган окуялардын бири башталгандан кийин карыз тараптын катышуучусу башталгыч капиталдан өз үлүшүн (салымын) алууга (акчалай же натуралай түрүндө) же/жана башкача ыкма менен бул салымды (үлүштү) алууга укуктуу эмес.
3. Ушул статьянын 1-пунктунда каралган окуялардын бири башталгандан кийин эч кандай жак же мамлекеттик орган (анын ичинде кредитор дагы) карыз тараптын эч кандай мүлкүн басып алышы, камакта кармашы, тартып алышы же ээлеп алышы, анын ичинде банктагы счетторуна ээлик кылышы мүмкүн эмес, ал эми карыз тараптын катышуучулары же жетекчилери болбосо жекече ишмер, төмөнкү органдардан же жактардан тышкары же алардын макулдугу менен, карыз тараптын активдерин колдонууга же милдеттерин төмөнкүлөрдүн:
1) соттун;
2) администратордун;
3) кредиторлордун чогулушунун (эгерде администратор дайындалбаса), макулдугусуз өз эрки менен аткарууга (өзүнө алууга) укуктуу эмес.
4. Эгерде сот же администратор тыюу салбаса, карыз тарап, ушул статьянын 3-пунктунда көрсөтүлгөн органдар жана жактар менен макулдашпастан төмөнкү төлөөлөрдү жүргүзүүгө укуктуу:
1) штаттык расписаниеде көрсөтүлгөн өлчөмгө ылайык жумушчуларга (мында бир эле учурда карыз тараптын катышуучулары болгон жумушчулар эске алынбайт) ай сайын айлык акы төлөө;
2) карыз тараптын өндүрүштүк ишмердигин (газ, телефон, коммуналдык жактан тейлөөлөр, электр энергиясы же өндүрүштө колдонулуучу суроо-талап берилген материалдарды алып келүү) камсыз кылуу үчүн кезектеги чыгымдар, мында ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн учурлардын бири башталганга чейин жасалган чыгымды төлөө эске алынбайт;
Ушул пункттун аткарылышы үчүн керектүү эрежелер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган банкроттук боюнча башка ченемдик укук актылар менен аныкталат.
5. Карыз тарап ушул статьяга ылайыксыз колдонгон карыз тараптын бардык активдери администратор тарабынан ынтасы жок үчүнчү жактардан суратып алынат.
Карыз тараптын активдерин мыйзамга ылайыксыз басып алышкан, камакка алышкан, тартып алышкан же ээлеп алышкан кредиторлор же башка жактар (органдар) соттун, администратордун, карыз тараптын талабы боюнча карыз тарапка активдерди жана аларды контролдоону кайтарып берүүгө тийиш. Бул учурда активди кайтарууну талап кылып жаткан жак же орган мындай кредитор же башка жактар менен органдар ынтасыз иштеди деп далилдөөгө милдеттүү эмес. Ынтасыз кредиторлор, жактар же органдар активдерди кайтарууга же алардын наркын администраторго төлөп берүүгө милдеттүү.
6. Сот активдерди (болбосо алардын наркын) үчүнчү жактарга кайтарып берүү тууралу чечимди кабыл алат, эгерде алар активдерди акылга сыярлык наркта (базар наркында) алышкандыгын жана ушул статьянын 1-пунктунда каралган окуялардын башталгандыгы тууралу билишпегенин далилдей алышса.
7. Ушул статьянын 1-пунктунда каралган окуялардын бири башталгандан кийин карыз тараптын активдерин мыйзамга ылайыксыз колдонушкан, карыз тараптын активдерин басып алышкан, камакка алышкан жана тартып алышкан жактар кредиторлордун жоготууларынын ордун толтурууга милдеттүү, ошондой эле ушул Мыйзамдын 18-статьясына ылайык жоопкерчиликтүү болушат.
8. Карыз тараптын активдери кредитке берилиши мүмкүн эмес.
Карыз тараптын активдери кредиторлордун чогулушунун макулдугу менен банкроттук процессинин жол-жоболорун өткөрүү мөөнөтүнүн чегинде (соттук эмес тартипте) же сот тарабынан (соттук тартипте) мөөнөтү узартылып сатылышы мүмкүн. Сатып алуучу активдердин толук сатып алуу наркын белгиленген мөөнөттө төлөбөгөн учурда мөөнөтүн узартууга киргизилген акча каражаттары кайтарып берилбейт.
9. Ушул статьянын жоболору төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
1) күрөө менен камсыз кылынган кредитордун күрөөнү төлөтүп алуу укугуна, эгерде күрөө юридикалык күчкө ээ болсо жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 102-статьясынын жана ушул Мыйзамдын 76-статьясынын талаптарын эске алуу менен ушул статьянын 1-пунктунда каралган учурлардын бири башталганга чейин докумекттештирилсе;
2) мүлктүн катышуучунун же катышуучу (ээлик кылууга же колдонууга берүү тууралу макулдашуунун негизинде) карыз тарапка мүлктү берүү укугун берген башка жактын укуктарына. Макулдашууда каралган шарттардын келип чыгышында катышуучу же ушул мүлккө укуктуу башка жак карыз тараптан бул мүлктү кайрадан суратып алууга укуктуу.
10. Карыз тарапты банкрот деп таануудан баш тартуу тууралу соттун чечими күчүнө киргенден кийин же кредиторлордун чогулушу сотсуз тартипте карыз тараптын банкроттук процессин баштабоо тууралу чечимди кабыл алган учурдан тартып ушул статьянын жоболору колдонулбайт.
(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 103, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 20 апреля 2015 года № 87 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 июля 2009 года № 247 "О внесении изменений и дополнений в законы Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)" и "О консервации, ликвидации и банкротстве банков"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 июня 2002 года N 103 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/574/st-21" title="21-статья - Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>