22-статья. Карыз тарапты банкрот деп таануунун (жарыялоонун) кесепеттери
Күчүндө · 29.10.2025 редакциясы · 1-ГЛАВА
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 апреля 2015 года № 87
1. Карыз тарапты сот же соттон тышкаркы тартипте банкрот деп табуу (жарыялоо) жөнүндө чечим кабыл алынгандан тартып:
1) карыз тараптын бардык карыз милдеттенмелерин төлөө мөөнөттөрү башталды деп эсептелет, эгерде алар мурда башталбаса;
2) карыз тараптын бардык карыз милдеттенмелери боюнча айып төлөмдөрдү (айыптарды, туум-айыптарды) жана пайыздарды эсептөө токтотулат;
3) банкроттук процесси башталганда эсептелген айып төлөмдөрдү (айып, туум-айып) жана пайыздар, ушул Мыйзамга ылайык төлөнүүгө жатат;
4) карыз тараптын финансылык абалы тууралу маалыматтар жашыруун мүнөздөгү болбосо, коммерциялык жашыруун сыр болуп эсептелген маалыматтардын катарына кириши токтотулбайт, банктык сырды түзүүчү маалыматтарды кошпогондо;
5) карыз тараптын мүлкүн ээликтен ажыратууга байланышкан, болбосо анын мүлкүн үчүнчү жакка берүүгө алып келүүчү бүтүмдөрдү, ушул Мыйзам менен орнотулган тартипте гана жасоого жол берилет;
6) карыз тараптын карыздарын төлөө боюнча соттук жана башка чечимдерди аткарууга жана анын активдерин камакка алууга, ошондой эле карыз тараптын милдеттенмелерин аткарууга мажбур кылууга багытталган иш-аракеттер токтотулат;
7) банкроттук процессинин чегинде гана карыз тарапка мүлктүк мүнөздөгү бардык талаптар коюлушу мүмкүн;
8) күрөө менен камсыз болгон кредитор, ушул Мыйзамга ылайык администраторго өз талабын коюуга жана талаптарынан канааттандыруу алууга укуктуу.
2. Эгерде кредиторлор менен макулдашууда башкача айтылбаса, карыз тарап кредиторлор менен биргелешкен чечим боюнча өзүнүн банкроттугу тууралу жарыялоодо ушул статьянын 1-пунктунун эрежелери колдонулат.
(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2002-жылдын 17-июнундагы № 103, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 20 апреля 2015 года № 87 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 июня 2002 года №102 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 июня 2002 года N 103 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"Редакцияларды салыштыруу
20.04.2015 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…айып төлөмдөрдү (айыптарды, туум-айыптарды) жана пайыздарды эсептөө алынып салынды: токтоту-
лат;
кошулду: токтотулат;
3) банкроттук процесси башталганда эсептелген айып төлөмдөрдү (айып, … мүнөздөгү болбосо, коммерциялык жашыруун сыр болуп эсептелген алынып салынды: маалымат-
тардын кошулду: маалыматтардын катарына кириши токтотулбайт, алынып салынды: банктардагы жана башка финан-
сы-кредиттик мекемелердеги юридикалык жана/же жеке жактардын банк эсеп-
тери менен салымдары боюнча кошулду: банктык сырды түзүүчү маалыматтарды кошпогондо;
5) карыз тараптын мүлкүн ээликтен … берилет;
6) карыз тараптын карыздарын төлөө боюнча соттук жана башка алынып салынды: чечим-
дерди кошулду: чечимдерди аткарууга жана анын активдерин камакка алууга, ошондой эле карыз тараптын милдеттенмелерин аткарууга мажбур кылууга багытталган алынып салынды: иш-ара-
кеттер кошулду: иш-аракеттер токтотулат;
7) банкроттук процессинин чегинде гана карыз тарапка … мүмкүн;
8) күрөө менен камсыз болгон кредитор, ушул Мыйзамга ылайык алынып салынды: адми-
нистраторго кошулду: администраторго өз талабын коюуга жана талаптарынан канааттандыруу алууга укуктуу.
2. … тарап кредиторлор менен биргелешкен чечим боюнча өзүнүн банкроттугу алынып салынды: ту-
уралу кошулду: тууралу жарыялоодо ушул статьянын 1-пунктунун эрежелери колдонулат.
алынып салынды: (Кыргыз Республикасынын кошулду: (КР 1998-жылдын 30-декабрындагы алынып салынды: N 160 Мыйзамы-
нын, кошулду: № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы алынып салынды: N 102 Мыйзамынын, кошулду: № 102, 2002-жылдын алынып салынды: 17-июнунда-
гы N 103 Мыйзамынын кошулду: 17-июнундагы № 103, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/574/st-22" title="22-статья - Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>