Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
551-статья. Атайын администрациялоо жол-жобосунун аякташы
Күчүндө · 29.10.2025 редакциясы · 2-ГЛАВА
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 17 июня 2002 года №102
1. Эгерде:
1) атайын администратор атайын администрациялоо процессин өткөрүү мезгилинде анын пикири боюнча чогултууга же алууга боло турган карыз тараптын бардык активдерин чогултса (алар үчүн акы алса);
2) атайын администрациялоо процессин өткөрүү мезгилинде ылайыктуу рынок баасында сатылууга тийиш болгон бардык активдерди саттым деген жыйынтыкка келсе (тактап айтканда сатууга байланыштуу чыгымдар жок дегенде ага кеткен чыгымдардан ашса);
3) ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык рынок баасы боюнча сата албай калган бардык активдерди бөлүштүрсө;
4) бардык активдерди аны алууга укуктуу болгон, ушул Мыйзамдын 21-статьясынын 8-пунктунда саналган адамдардын ээлигине өткөрүп берсе;
5) атайын администрациялоо жол-жобосу аяктагандан кийин карыз тарап алышы мүмкүн болгон жана атайын администраторго, банкроттук жөнүндө иш боюнча мамлекеттик органга белгисиз болгон карыз тараптын бардык активдерине укукту талап кылуу укугуна жол берүү менен өткөрүп берсе, атайын администратор атайын администрациялоо жол-жобосунун аякташы жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Талап кылуу укугуна жол берүү граждандык мыйзамдуулуктун талаптарына ылайыктуу жүргүзүлөт;
6) банкроттук процессинде өндүрүлгөн жана активдерди сатуудан түшкөн каражаттардан, ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык банкроттук процессинин бардык чыгымдарынын ордун толтурса (төлөп берсе);
7) банкроттук процессинде өндүрүлгөн жана активдерди сатуудан түшкөн каражаттардан, ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык кредиторлордун койгон талаптарын төлөп берсе;
8) ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык сотко, банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органга же кредиторлордун чогулушуна отчет даярдаса жана берсе;
9) "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык архивдик документтердин өткөрүп берилишин уюштурган;
10) банкроттук боюнча башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Мыйзамдын башка талаптарын аткарса, атайын администратор атайын администрациялоо жол-жобосунун аякташы жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
2. Эгерде келишимдин негизинде карыз тараптын активдери үчүнчү бир башка адамда турса жана атайын администратор аларды белгиленген тартипте сата албаса (ижара мөөнөтү атайын администрациялоо мезгили аяктагандан кийин бүтө турган, үчүнчү жакка ижарага берилген активдерди кошкондо) атайын администратор бул активдерди үчүнчү жакка ылайыктуу рынок баасында сатууга укуктуу.
3. Эгерде атайын администратор карыз тараптын активдерин белгиленген тартипте ылайыктуу рыноктук баада сата албаса, ал бул активдерди төмөнкүдөй кезектүүлүктү сактоо менен:
1) ар кандай кредитордун талаптарын эске алуу менен аларга сатууга;
2) ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн башка жактарга.
4. Эгерде атайын администратор ушул статьянын 3-пунктунда белгиленген карыз тараптын активдерин келишимдик баада сата албаса, анда ал аларды жергиликтүү мамлекеттик администрация органдарына акысыз, ал эми алар баш тартса - банкроттук жөнүндө иш боюнча мамлекеттик органга өткөрүп берүүгө укуктуу.
5. Эгерде атайын администратор ушул статьянын 2-4-пункттарында көрсөтүлгөн адамдарга активдерди ылайыктуу рынок баасында сата албаса, анда мындай активдер ээси жок деп эсептелет жана атайын администратор аларды граждандык кодекстин талаптарына ылайык бөлүштүрүүгө тийиш. Кыймылдуу чарбасыз буюмдарды атайын администратор ыргытып жиберүүгө же башкача түрдө жок кылууга укуктуу.
6. Ушул статьянын 2-4-пункттарына ылайык карыз тараптын активдерин кабыл алуучу адам бул активдерге карыз тараптай эле көлөмдөгү укукка ээ болушат.
7. Калкка потенциалдуу коркунуч келтирүүчү активдер, ушул статьянын 2-4-пункттарында каралган тартипте башка адамдарга өткөрүлүп берилбесе, атайын администратор аларды өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик органдын карамагына берет, болбосо ал ушул Мыйзамдын 71-статьясынын 3-пунктунун жоболоруна ылайык чараларды көрүүгө укуктуу.
8. Эгерде активдерди үчүнчү адамдан карыз тарап алууга тийиш болсо (келишим боюнча милдеттенмени аткаруу мөөнөтү атайын администрациялоо жол-жобосу аяктагандан кийин жетсе) жана бул тууралу атайын администраторго белгилүү болсо, анда атайын администратор мындай активдерге болгон укукту ушул Мыйзамда белгиленген тартипте сатууга тийиш.
9. Атайын администрациялоо жол-жобосу аяктагандан кийин талап кылуу укугуна жол берүү жөнүндө келишимдин күчүнө ылайык атайын администраторго белгисиз болгон активдерге укук банкроттук жөнүндө иш боюнча мамлекеттик органга өтөт.
10. Ушул статьянын 9-пунктунда саналган активдерге карата банкроттук жөнүндө иш боюнча мамлекеттик органда, ушул Мыйзамда белгиленген кезектүүлүккө ылайык активдерди сатуу жана бөлүштүрүү боюнча атайын администратордун укугу жана милдети жүктөлөт.
Банкроттук жөнүндө иш боюнча мамлекеттик органдын чыгымдарын чыгарып салгандан кийинки активдер белгиленген тартипте атайын администратордун отчетунда көрсөтүлгөн кредиторлорго бөлүштүрүлөт, ошондой эле атайын администрациялоо жол-жобосу аяктагандан кийин тиешелүү арыз (доомат) менен кайрылган кредиторлордун негизги талаптарын канааттандырат. Банкроттук жөнүндө иш боюнча мамлекеттик орган бул активдерди сатуудан түшкөн каражатты бөлүштүрүү тууралу ниети же активдерди алуу фактысы же талаптары канааттандырылган башка кредиторлорду издөө же кредиторлордун чогулушун чакыруу жөнүндө жарыя берүүгө милдеттүү эмес. (КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 17 июня 2002 года №102 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/574/st-551" title="551-статья - Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>