Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн « Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекцнянын маселелери жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 15 августа 2007 года № 334 "Вопросы Государственной инспекции по энергетике и газу при Министерстве промышленности, энергетики и топливных ресурсов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2007-08-15.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 15-августундагы № 334 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 30-декабрындагы № 642
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика
жана газ боюнча мамлекеттик инспекцнянын маселелери
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын мам-
лекетгик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" 2005-жылдын
30-ноябрындагы № 607 Жарлыгын аткаруу жана республикада электр, жылуу-
лук энергиясын жана жаратылыш газын өндүрүүдө, берүүдө, бөлүштүрүүдө
жана керектөөдө ишенимдүүлүктү, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз-
доо, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан, ишканалар, уюмдар жана
мекемелер отунду жана энергияны натыйжалуу пайдаланышын контролдоо сис-
темасын өркүндөтүү максатында Кыргаз Республикасынын Өкмөтү токтом кы-
лат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газ
боюнча мамлекеттик инспекция (мындан ары - Мамэнергоинспекция) Кыргыз
Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү
боюнча улуттук агенттигинин алдындагы Энергетика жана газ боюнча мамле-
кеттик инспекциянын укугун улашуучу болуп санала тургандыгы белгилен-
син.
2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газ бо-
юнча мамлекеттик инспекция жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газ бо-
юнча мамлекеттик инспекциянын структурасы.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газ
боюнча мамлекеттик инспекциянын борбордук аппаратынын кызматкерлеринин
жогорку саны 117 адамдан (тейлөөчү кенже персоналды кошпогондо) турары
белгиленсин.
4. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Мамэнергоинспекция шарттуу техникалык бирдиктердин көлөмүнө жа-
раша энергокомпаниялардан чегерилүүчү каражаттардын, ошондой эле Мамэ-
нергоинспекция көрсөткөн акы төлөтүүчү кызматтарды кошо алганда Кыргыз
Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка
булактардын жана түшкөн каражаттардын эсебинен күтүлө тургандыгы;
- Мамэнергоинспекцияны күтүүгө энергокомпаниялардан чегерүүлөрдөн
өлчөмдөрү электр жылуулук энергиясына жана газга тарифтерде энергоком-
паниялардын чыгымдарын кароочу Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы
саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиги тарабынан
белгилене тургандыгы;
- акы төлөтүүчө кызматтардын өлчөмдөрү Мамэнергоинспекциянын суну-
шу боюнча Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаан-
даштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиги менен макулдашьшып жана
белгиленген тартипте бекитиле тургандыгы.
5. "Кыргызстандын улуттук электр тармактары", "Электр станцияла-
ры", "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалалабат электр",
"Кыргызгаз", "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коомдоруна Мамэ-
нергоинспекцияны күтүүгө акча каражаттарын которууга Мамэнергоинспекция
менен келишимдерди түзүү сунуш кылынсын.
6. "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын алдын-
дагы мамлекеттик администрациялык имараттарды пайдалануу жана күтүү бо-
юнча борбор" мамлекеттик ишканасы Мамэнергоинспекцияга Бишкек шаары,
Иса Ахунбаев көчөсү, 119 дарегинде жайгашкан мамлекетгик администрация-
лык имараттын гаражынын жайын кошо алганда өндүрүштүк-лабораториялык
корпустун биринчи кабатындагы жайларды ижара акысын албастан бекитип
берсин.
7. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-
лекеттик комитети "Түндүк электр", "Ош электр", "Жалалабат электр",
"Чыгыш электр" жана "Кыргызгаз" ачык акционердик коомдору менен бирдик-
те № 1 тиркемеге ылайык жайларды ижара акысын албастан Мамэнергоинспек-
циянын пайдалануусуна өткөрүп берүү жөнүндө маселени белгиленген тар-
типте чечсин.
8. "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" жана "Электр станция-
лары" ачык акционердик коомдоруна № 2 тиркемеге ылайык жайларды Мамэ-
нергоинспекцияга ижара акысын албастан мөөнөтсүз ижара шарттарында бе-
китип берүү сунуш кылынсын.
9. "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-стать-
ясына, "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
8-статьясына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Конституциялык мыйзамына ылайык электр, жылуулук энергия-
сын жана жаратылыш газын өндүрүүнүн, берүүнүн, бөлүштүрүүнүн жана ке-
ректөөнүн ишенимдүүлүгүн, коопсуздугун жана туруктуулугун камсыздоо,
ошондой эле аларды натыйжалуу пайдаланууну контролдоону ишке ашыруу
функциясы Мамэнергоинспекцияга берилсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казып
алуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 15-августундагы № 334 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Энергетика жана газ…Постановление · 15.08.2007 · № 334 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө Жобо ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 642…Положение · 30.12.2005 · № 642 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Энергетика жөнүндөЗакон · 30.10.1996 · № 56
- КР Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы ПЖ № 607 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" буйругуУказ · 30.11.2005 · № 607 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 15-августундагы № 334 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Энергетика жана газ…Постановление · 15.08.2007 · № 334 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Энергияны үнөмдөө жөнүндөЗакон · 07.07.1998 · № 88
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон