Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекциянын маселелери» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 20 февраля 2012 года № 136 "О Государственной инспекции по экологической и технической безопасности при Правительстве Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-02-20.
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №136 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2007-жылдын 15-августу № 334 Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекциянын маселелери Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу боюнча уюштуруу чаралары тууралуу" 2007-жылдын 16-мартындагы № 96 Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 26-мартындагы № 86 токтомуна ылайык жана республикада электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын өндүрүүдө, берүүдө, бөлүштүрүүдө жана керектөөдө ишенимдүүлүктү, коопсуздукту жана үзгүлтүксүздүктү, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, уюмдар жана мекемелер отунду, энергияны пайдаланышынын натыйжалуулугун камсыздоого контролдоо системасын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекция (мындан ары - Мамэнергоинспекция) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекциянын укугун улантуучу болуп санала тургандыгы белгиленсин.
2. Мамэнергоинспекция жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
3. Мамэнергоинспекциянын борбордук аппаратынын кызматкерлеринин жогорку саны (кенже тейлөө персоналсыз) 117 бирдик санында белгиленсин.
4. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Мамэнергоинспекция шарттуу техникалык бирдиктердин көлөмүнө жараша энергокомпаниялардан чегерилүүчү каражаттардын эсебинен күтүлө тургандыгы;
- Мамэнергоинспекцияны күтүүгө энергокомпаниялардын чегерүүлөрүнүн тартиби жана өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги тарабынан белгилене тургандыгы, ал электр, жылуулук энергиясына жана жаратылыш газына тарифтерде энергокомпаниялардын чыгымдарын карайт;
- Мамэнергоинспекциянын компетенциясынын чектериндеги анын чечимдери электр энергиясын жана жаратылыш газын өндүрүүчү, берүүчү, бөлүштүрүүчү жана керектөөчү менчигинин түрүнө карабастан бардык ишканалар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагындагы кызмат адамдары жана жарандары үчүн аткарууга милдеттүү болуп санала тургандыгы;
- энергетика компаниялары Мамэнергоинспекцияны күтүүгө электр, жылуулук энергиясына жана жаратылыш газына тарифтин структурасында каралган ар бир айлык чегерүүлөрдү жүргүзөт.
5. "Электр станциялары", "Кыргызстандын улуттук электр тармактары", "Түндүкэлектр", "Чыгышэлектр", "Ошэлектр", "Жалалабатэлектр", "Кыргызгаз" жана "Бишкекжылуулук тармагы" ачык акционердик коомдоруна Мамэнергоинспекцияны күтүүгө акча каражаттарын которуу үчүн аны менен келишимдерди түзүү сунуш кылынсын.
6. "Электр станциялары", "Кыргызстандын улуттук электр тармактары", "Түндүкэлектр", "Чыгышэлектр", "Ошэлектр", "Жалалабатэлектр" ачык акционердик коомдоруна Мамэнергоинспекцияны күтүүгө каражаттарды чегерүү боюнча карыздарды жоюу жагынан шашылыш чараларды көрүү сунушталсын.
7. "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын алдындагы Мамлекеттик администрациялык имараттарды пайдалануу жана күтүү боюнча борбор" мамлекеттик ишканасы Мамэнергоинспекцияга Бишкек шаары, Иса Ахунбаев көчөсү, 119 дарегинде жайгашкан мамлекеттик администрациялык имараттын гараж жайын кошо алганда өндүрүштүк-лабораториялык корпусунун биринчи кабаттагы жайын ижара акысын албастан бекитип берсин.
8. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети "Түндүкэлектр", "Ошэлектр", "Жалалабатэлектр", "Чыгышэлектр" жана "Кыргызгаз" ачык акционердик коомдору менен бирдикте № 1 тиркемеге ылайык жайларды акысыз пайдаланууга Мамэнергоинспекцияга өткөрүп берүү жөнүндө маселени белгиленген тартипте чечсин.
Токтомдун № 1 тиркемеси орусча редакцияда берилген
9. "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" жана "Электр станциялары" ачык акционердик коомдоруна № 2 тиркемеге ылайык жайларды Мамэнергоинспекциянын акысыз пайдалануусу жөнүндө маселени белгиленген тартипте кароо сунуш кылынсын.
Токтомдун № 2 тиркемеси орусча редакцияда берилген
10. Мамэнергоинспекцияга электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын иштеп чыгуунун, берүүнүн, бөлүштүрүүнүн жана керектөөнүн ишенимдүүлүгүн, коопсуздугун жана үзгүлтүксүздүгүн, ошондой эле аларды пайдалануунун натыйжалуулугун камсыздоого мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду ишке ашыруу боюнча функция өткөрүп берилсин.
11. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекциянын маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 642 токтомун күчүн жоготту деп табылсын.
12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (8)
- ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 15-августундагы № 334 токтому менен бекитилген) Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине…Положение · 15.08.2007 · № 334
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 136 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 136 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 642 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекцнянын маселелери…Постановление · 30.12.2005 · № 642 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө Жобо ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 642…Положение · 30.12.2005 · № 642 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар…Постановление · 06.11.2007 · № 533 · Күчүн жоготкон
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨНӨРЖАЙ, ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ОТУН РЕСУРСТАРЫ МИНИСТРЛИГИНИН Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Энергетика…Приказ · 31.07.2008 · № 124 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-январындагы №4 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик…Постановление · 10.01.2009 · № 4 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 26-мартындагы №86 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 26.03.2007 · № 86
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 642 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекцнянын маселелери…Постановление · 30.12.2005 · № 642 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 16-мартындагы ПЖ № 96 «Кыргыз Республикасынын Өкмјтүнүн түзүмү жөнүндј» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун жүзөгө ашыруу…Указ · 16.03.2007 · № 96 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 136 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 136 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндөЗакон · 06.02.2007 · № 12 · Күчүн жоготкон