Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 15 августа 2007 года № 334 "Вопросы Государственной инспекции по энергетике и газу при Министерстве промышленности, энергетики и топливных ресурсов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2007-08-15.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 15-августундагы № 334 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 30-декабрындагы № 642
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика
жана газ боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө
Жобо
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газ
боюнча мамлекеттик инспекция (мындан ары - Мамэнергоинспекция) аткаруу-
чу бийликтин электр, жылуулук энергияларын жана табигый газды
өндүрүүдө, өткөрүүдө, бөлүштүрүүдө жана керектөөдө энергетика ишканала-
ры, менчигинин түрүнө карабастан бардык керектөөчүлөр энергиялык жабду-
улардын ишенимдүүлүгүн, коопсуздугун жана үзгүлтүксүздүгүн камсыздоосун
контролдоочу жана көзөмөлдөөчү функцияларды аткаруучу, ошондой эле
энергиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча функцияларды аткаруучу атайын
ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болот.
2. Мамэнергоинспекция өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституци-
ясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Пре-
зидентинин жарлыктарына жана буйруктарына, Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн токтомдоруна жана буйруктарына, Кыргыз Республикасынын Жогор-
ку Кењешинин токтомдоруна жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик
укуктук актыларына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген
тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашууларга жана ушул Жобого тая-
нат.
3. Мамэнергоинспекция электр, жылуулук энергияларын жана табигый
газды өндүрүүдө, берүүдө жана бөлүштүрүүдө энергиянын майнаптуулугун
жогорулатуу, ошондой эле аларды керектөөдө отундун, газдын, электр жана
жылуулук энергияларынын, газдын коромжулуктарын азайтуу, авариялардын
жана өндүрүштөгү кокустоолордун алдын алуу жагындагы мамлекеттик кызык-
чылыктар сакталышын камсыздайт.
4. Мамэнергоинспекциянын өз компетенциясына берилген маселелер бо-
юнча чечимдери токтом, буйрук, нускама түрүндө кабыл алынат жана энер-
гияны жана табигый газды өндүрүүчү, өткөрүүчү, бөлүштүрүүчү жана ке-
ректөөчү бардык ишканалар үчүн менчигинин түрүнө карабастан, жана Кыр-
гыз Республикасынын аймагындагы бардык кызмат адамдары жана жарандар
үчүн аткарууга милдеттүү болот.
5. Мамэнергоинспекция юридикалык жак болот, Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана
расмий тилдерде жазылган мөөрү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына
ылайык ачылуучу алыш-бериш жана башка эсептери болот.
II. Мамэнергоинспекциянын негизги милдеттери
6. Мамэнергоинспекциянын негизги милдеттери:
- Кыргыз Республикасынын аймагында менчигинин түрүнө карабастан
ишканалардын, ошондой эле калктын электр, жылуулук эиергияларын жана
табигый газды өндурүү, ташуу, бөлүштүрүү, сарамжалдуу пайдалануу про-
цесстеринин майнаптуулугуна мамлекеггик контроль жүргүзүү;
- энергия менен жабдуучу уюмдардын менчигинии түрүнө карабастан,
электр жана жылуулук энергаяларын, табигый газды өндүрүүгө, өткөрүүгө,
бөлүштүрүүгө жана керектөөгө байланышы бар кызмат адамдарынын жана ке-
ректөөчүлөрдүн Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын,
отунду, газды, электр жана жылуулук энергияларын пайдалануу, ошондой
эле энергиялык жабдууларды коопсуз пайдалануу боюнча эрежелердин талап-
тарын сакташына мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү.
III. Мамэнергоинспекциянын функциялары
7. Мамэнергоинспекция өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык
төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- өндүрүштө, өткөрүүдө жана керектөөдө отундун, газдын, электр жа-
на жылуулук энергияларынын сарамжалдуу пайдаланылышын контролдойт;
- энергия менен жабдуучу уюмдар ишканаларды, уюмдарды, мекемелерди
жана тиричиликте керектөөчүлөрдү электр, жылуулук энергиялары жана та-
бигый газ менен үзгүлтүксүз жана сапаттуу жабдуу боюнча иш-чараларды
жүргүзүүсүн, электр, жылуулук энергияларынын сапаты, ошондой эле Кыргыз
Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдарын сакталышын
контролдойт;
- энергия менен жабдуучу уюмдар, өнөр жайлык жана башка ишканалар,
уюмдар, мекемелер жана тиричиликте керектөөчүлөр электрдик түзүлүштөрдү
орнотуу эрежесинин талаптарын, газды, электрди жана жылуулукту пайдала-
нуунун, түзүлүштөрдү техникалык эксплуатациялоонун эрежелерин, газ,
электр, жылуулук энергияларын пайдалануунун эрежелерин, техникалык та-
лаптарды жана башка нормативдик укуктук актыларды сактоосун контрол-
дойт;
- энергия менен жабдуучу уюмдар жана керектөөчүлөр энергиялык ре-
сурстардын - отундун, табигый газдын, электр, жылуулук энергияларынын
техникалык жана коммерциялык коромжулуктарын азайтуу боюнча иш-чаралар-
ды жүргүзүүсүн контролдойт;
- энергия менен жабдуучу уюмдар табигый газды, электр жана жылуу-
лук энергияларын өндүрүүсүнүн жана керектөөчүлөрдүн керектөө эсептери-
нин абалын, түзүлгөн контракттардын жана лицензиялардын шарттарына ыла-
йык отчеттордун тууралыгын контролдойт;
- энергия менен жабдуучу компаниялардын энергиялык жабдууларды
эксплуатациялоодо коопсуздуктун жана техникалык эксплуатациялоонун эре-
желерин сактоо боюнча иштерди уюштурушун, газ, электр жана жылуулук
түзүлүштөрдү эксплуатациялоодо тейлөөчү персоналдын квалификациялык та-
лаптарга ылайык келишин контролдойт;
- электр, жылуулук энергияларын жана табигый газды өндүрүү,
өткөрүү, бөлүштүрүү жана сатуу, электр энергиясын импортгоо, экспорттоо
укуктарына лицензияларды берет;
- контролунда болуучу уюмдардын персоналын (жетекчилерин) даярдоо-
нун жана энергиялык коопсуздук маселеси боюнча билимдерин текшерүүнүн
тартибин аныктайт;
- өз компетенциясындагы маселелерди кароо үчүн эксперттик жана жу-
мушчу топторду аныкталган тартипте түзөт;
- эл аралык уюмдар, чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары жана
өкмөттүк эмес уюмдары менен өз компетенциясына кирген маселелер боюнча
кызматташат, эл аралык энергетикалык уюмдардын программаларын жана дол-
боорлорун иштеп чыгууга катышат, Энергиялык Хартияда, КМШга катышкан
өлкөлөрдүн, ЕврАзЭСтин, ЦАРЭСтин, ЭКОнун, СПЕКАнын энергетика комитет-
теринде жана Кыргыз Республикасынын энергетика маселеси боюнча башка эл
аралык органдарында Кыргыз Республикасынын атынан чыгат;
- жањы жасалуучу, реконструкцияланчу, оњдолгон жана келүүчү энер-
гиялык жабдуулардын натыйжалуулук жана эксплуатациялоонун коопсуздугу
жагынан нормаларга, техникалык регламенттерге жана башка нормативдик
укуктук актыларга ылайыктыгын контролдойт, ишканалар, уюмдар жана меке-
мелер ишке киргизилчү, ошондой эле реконструкцияланган жана модерниза-
цияланган энергия сыйымдуу түзүлүштөрдү жана жабдууларды энергетикалык
сыноодон өткөрүшүн контролдойт;
- керектөөчүлөрдүн, энергиялык ишканалардын, жањы керектөөчүлөрдүн
контролдонуучу жабдууларын эксплуатациялоого уруксат берет, натыйжалуу
жана ишеничтүү эксплуатациялоонун, ошондой эле тейлөө коопсуздугунун
тапаптарына жооп бербеген электрдик жана жылуулукту пайдалануучу жабду-
уларды өндүрүштөн чыгуу тууралуу чечим кабыл алат;
- курулуп жаткан жана реконструкцияланып жаткан ишканалардын энер-
гияны өндүрүү, өткөрүү, бөлүштүрүу жана пайдалануу, энергиянын эсепте-
лишин уюштуруу жана отун-энергетика комплексиндеги жабдуулардын энерге-
тикалык коопсуздугу маселелери боюнча долбоордук документтерин ылгап
экспертизадан өткөрөт;
- ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жана башка чарбакер субъ-
екттердин энергияны үнөмдөө жана жањы техниканы киргизүү боюнча сунуш-
тарына техникалык экспертиза жүргүзөт;
энергиялык коопсуздуктун, майнаптуулуктун, энергиялык ресурстарды
эсепке алуунун талаптарына байланыштуу улуттук, ал эми зарыл болсо эл
аралык (региондук) стандарттардын, техникалык регламенттердин жана баш-
ка нормативдик укуктук документтердин долбоорлорун иштеп чыгат жана су-
нушталган долбоорлорду, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин
макулдашат, энергетика тармагындагы улуттук стандарттарды, эл аралык
(региондук) стандарттарды жана техникалык регламенттерди экспертизалоо
боюнча эксперттик комиссиялардын (топтордун) иштерине катышат;
- электротермикалык өндүрүштүк процесстерде жылытуу жана ысык суу
менен жабдуу максатында электр энергиясын пайдалануу зарылдыгы жөнүндө
чечим кабыл алат;
- электр жана жылуулук энергияларын өндүрүүдөгү, өткөрүүдөгү жана
керектөөдөгү авариялардын, кырсыктардын себептерин жана жагдайларын
аныкталган тартипте техникалык жактан изилдейт;
- электр коопсуздугу боюнча жогорулатылган талаптарга байланыштуу
жана персоналдын атайыи даярдыгын талап кылган бардык маселелер боюнча
чечим кабыл алат;
- Мамэнергоинспекциянын өкүлдөрүн төмөнкүдөй маселелерге катышуу
үчүн дайындайт:
контролдонуучу жабдууну, энергетика ишканаларынын жањы жабдууларын
жана керектөөчүлөрдүн энергия сыйымдуу жабдууларын эксплуатацияга кабыл
алуу боюнча комиссияга;
өндүрүштөгү кырсыктарды изилдөө боюнча комиссиянын ишин уюштуруу-
га, ал эми зарыл учурда ал комиссияны жетектөөгө;
авариялардын себептерин жана жагдайларын изилдөө боюнча комиссия-
га;
Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарынын жана калкынын
жаз-күз мезгилдеги жумуштарга даярдыгын баалоо боюнча комиссияга, ал
эми зарыл учурда бул комиссияны жетектейт.
Коомчулукту жана керектөөчүлөрдү жалпыга маалымдоо каражаттары ар-
кылуу өз органдарынын иштери, электр, жылуулук энергияларын жана таби-
гый газды пайдалануунун майнаптуулугу, өзү көзөмөлдөөчү объекттердеги
коопсуздук жөнүндө маалымдайт, түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, өз ишинин
жыйынтыгы жана жасалган иштер жөнүндө жылдык отчет берет;
- энергия системасынын коопсуздугун жана ишеничтүүлугүн, энергети-
ка компанияларынын жана энергия ресурстарын керектөөчүлөрдүн иштешин
камсыздоо үчүн керектуү эрежелерди, нускамаларды жана башка нормативдик
укуктук актыларды өз компетенциясынын чегинде, кызыкдар уюмдарды тартуу
менен иштеп чыгат жана бекитет;
электр жана жылуулук энергиясын үнөмдөө, коопсуздук техникасы жана
электр, жылуулук пайдалануучу түзүлүштөрдү эксплуатациялоо боюнча тех-
никалык адабияттарды жана плакаттарды белгиленген тартипте чыгарат,
ушул маселелер боюнча кењешмелерди жана көрсөтмөлөрдү өткөрөт;
өз компетенциясынын чектериндеги маселелер боюнча белгиленген тар-
типте даттанууларды, арыздарды жана сунуштарды карайт.
Даттанууларды, арыздарды жана сунуштарды кароонун жыйынтыктары бо-
юнча Мамэнергоинспекциянын чечими электр, жылуулук энергиясын жана жа-
ратылыш газын иштеп чыгууга, берүүгө жана бөлүштүрүүгө байланыштуу бар-
дык ишканалар, менчигинин түрүнө карабастан бардык керектөөчүлөр, ошон-
дой эле кызмат адамдары жана жарандар үчүн аткарууга милдеттүү болуп
саналат;
- бюджеттик керектөөчүлөргө электр жана жылуулук энергиясын, ку-
баттуулуктарды берүүнүн Кыргыз Республикасынын тийиштүү министрликтери
жана ведомстволору менен макулдашылган лимитин Кыргыз Республикасынын
Экономика жана финансы министрлигине берет;
- электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөөнүн
бөлүнгөн лимиттерин бюджеттик уюмдардын сакташына контролду камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын экономика тармактарынын жана калкынын
күзгү-кышкы мезгилге даярдыгынын жүрүшүнө жана андан өтүшүнө контрол-
дукту ишке ашырат;
- энергосистемада кубаттуулук тартыш болгон учурларда электр энер-
гиясын чектөө жана өчүрүү графигин жана аларды аткаруу мөөнөттөрүн ма-
кулдашат;
- өз компетенциясынын чектериндеги маселелерди чечүүдө мамлекеттик
башкаруу органдары жана башка уюмдар меиен биргелешип аракеттенет.
IV. Мамэнергоинспекциянын укуктары
Мамэнергоинспекция өзүнүн иш милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн
төмөнкүлөргө укуктуу:
- ведомстволук таандуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан
чарбакер субъекттердин электр жана жылуулук-газ пайдалануучу
түзүлүштөрүнө тоскоолдуксуз кирүүгө;
- бардык ишканаларга, уюмдарга, мекемелерге жана башка чарбакер
субъекттерге, алардын кызмат адамдарына, жеке адамдарга түзүлүштүн,
электр жана жылуулук-газ пайдалануучу түзүлүштөрдү эксплуатациялоо эре-
желерин, коопсуздук техника эрежелерин сактабаган учурларда жаратылыш
газын, электр жана жылуулук энергиясын өндүрүштүк эмес сарптоо учурла-
рын жоюу, энергоресурстарды эсепке алуу жана пайдалануу жөнүндө милдет-
ти аткаруу үчүн көрсөтмөлөрдү берүүгө (жиберүүгө);
- авария, өрт же болбосо адамдардын жашоосуна коркунуч келтирген
бузулуулар аныкталганда газ, электр, жылуулук колдонуучу түзүлүштөрдү
дароо өчүрүүнү ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилеринен
талап кылууга. Аларды кайталап өчүрүү Мамэнергоинспекциянын жазуу
жүзүндөгү уруксатын талап кылат;
- жањы жана реконструкциялануучу газ, электр жана жылуулук пайда-
лануучу түзүлүштөрдүн долбоорлору колдонуудагы эрежелерге ылайык кели-
шин иргеп текшерүүгө жана аныкталган бузулууларды четтетүү жөнүндө
көрсөтмөлөрдү берүүгө;
- авариялардын себептерин жана жагдайларын, өндүрүштүк жаракат
алуу учурларын белгиленген тартипте техникалык жактан текшерүү
жүргүзүүгө жана Мамэнергоинспекциянын компетенциясына таандык маселелер
боюнча чарбакер субъекттердин, кызмат адамдарынын жана жарандардын ат-
карышы үчүн милдеттүү болгон чечимдерди кабыл алууга;
- газдын, электр жана жылуулук энергиясынын сарптанышын эсепке
алуунун зарыл приборлорун, контролдоо жана жөнгө салуу системаларын ор-
нотуу жөнүндө ишканалар, уюмдар жана мекемелер үчүн милдеттүү болгон
көрсөтмөлөрдү берүүгө;
- ишканаларда, уюмдарда жана башка чарбакер субъекттерде жаратылыш
газын, электр жана жылуулук энергиясын, кубаттуулуктарды иш жүзүндөгү
пайдалануу жөнүндө берилүүчү маалыматтын тууралыгын текшерүүгө;
- электр жана жьшуулук, газ пайдалануучу түзүлүштөрдү орнотуу,
пайдалануу эрежелерин жана коопсуздук техникалык эрежелерин сактабаган
учурларда электр жана жылуулук энергиясынын туура эмес сарпталышы туу-
ралуу протоколдорду түзүүгө;
- чарбакер субъекттердин жетекчилерин, кызмат адамдарын жана жа-
рандарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык
жоопкерчиликке тартууга, эскертүүлөрдү же айыптарды колдонууга;
- өз компетенциясынын ыйгарым укуктарынын чектеринде белгиленген
тартипте менчигинин түрүнө карабастан бардык энергетикалык, өнөр жайлык
жана башка ишканалардан, ведомстволордон, уюмдардан жана юридикалык
жактар менен жеке адамдардан иш милдеттерин аткаруу үчүн зарыл маалы-
маттарды сурап алууга;
- зарыл учурларда Мамэнергоинспекция органдарынын компетенциясына
кирүүчү маселелер боюнча экспертиза жүргүзүү жаш корутундуларды берүү
үчүн илимий изилдөө жана долбоорлоо институттарынын, башка уюмдардын
адистерин алардын макулдугу менен ишке тартууга;
- чарбакер субъекттер Мамэнергоинспекция тарабынан берилген
көрсөтмөлөрдү аткарбаган учурларда зарыл материалдарды тийиштүү мамле-
кеттик органдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ча-
раларды көрүү үчүн жиберүүгө;
- менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, уюмдардын жана башка
чарбакер субъекттердин иштерине катышууга, зарыл учурларда техникалык
эксплуатациялоо эрежелери, коопсуздук техника эрежелери жана башка нор-
мативдик укуктук актыларды билүүсүн текшерүү боюнча жогорку иштерге
башчылык кылууга;
- күтүлбөгөн кырсыктардын жана өндүрүштүк жаракаттардын, авария-
лардын (белгиленген процедурага ылайык) себептерин жана жагдайларын те-
риштирүүгө, Мамэнергоинспекциянын компетенциясына кирген маселелер бо-
юнча аткарууга милдеттүү болгон чечимдерди кабыл алууга;
- ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жана башка чарбакер
түзүлүштөрдүн жањы, реконструкциялануучу газ, электр жана жылуулук пай-
далануучу түзүлүштөрүн сыноого жана пайдаланууга киргизүүгө байланыштуу
маселелерин чечүүгө;
- эл аралык дењгээлде энергетикалык көзөмөл боюнча тиешелүү орган-
дар менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө, энергонатыйжалуулук, энергия
үнөмдөө, энергия менен жабдуунун жана энергиялык коопсуздуктун ише-
нимдүүлүгүнүн маселелери боюнча иш-аракет чөйрөсүндө эл аралык уюмдар
менен союздарга кирүүгө жана эл аралык уюмдардын иштерине катышууга;
- энергетика тармагындагы мыйзамдарды бузууга, электр жана жылуу-
лук - газ пайдалануучу түзүлүштөрдү орнотуу, эксплуатациялоо эрежелерин
жана коопсуздук техника эрежелерин, электр-жылуулук энергиясын жана жа-
ратылыш газын пайдалануу эрежелерин бузууга байланыштуу иштер боюнча
доо-арыз менен сотко кайрылууга, ошондой эле иштерди сотто кароого ка-
тышууга;
- энергия үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугу, түзүлүш, эксплу-
атациялоо, коопсуздук техникасы, ишенимдүүлүк, энергоресурстарды пайда-
лануу жана эсепке алуу маселелери боюнча республиканын аймагында жай-
гашкан бардык министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык
ведомстволор, менчигинин түрүнө карабастан ишканалар жана уюмдар үчүн
аткарууга милдеттүү болгон нормативдик укуктук актыларды өз компетенци-
ясынын чектеринде иштеп чыгууга, тийиштүү тараптар менен макуддашууга
жана бекитүүтө, ошондой эле энергетика тармагындагы техникалык регла-
менттерди иштеп чыгууга катышууга;
- энергетика комплексинин керектөөчүлөру жана уюмдары токтомдорду,
буйруктарды, нускамаларды жана башка нормативдик укуктук актыларды ти-
йиштүү түрдө аткарышын контролдоого;
- өз компетенциясынын чектериндеги маселелер боюнча Кыргыз Респуб-
ликасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору
менен буйруктарын жана башка нормативдик укуктук актылардын долбоорло-
рун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүүгө;
- отун-энергетика ресурстарын сарамжалдуу пайдалануунун негиздел-
ген механизмдерин иштеп чыгууга;
- өздөрүнүн иш-аракетгери тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары
аркылуу коомчулукка маалымдоого;
- кадрлардын квалификациясын жогорулатуу максатында консультация-
лык иштерди жүргүзүүгө;
- энергетикалык уюмдар менен иш-аракеттер тууралуу макулдашууларды
түзүүгө;
- энергетикалык уюмдарда, башка ишканаларда, уюмдарда, ведомство-
лордо жана мекемелерде жумушчуларды ишке кое берүүнүн белгиленген тар-
тибин сактоону, иштин коопсуз ыкмаларына үйрөтүүнү жана инструктаж
жүргүзүүнү, ошондой эле билимдери боюнча текшерүүгө;
- өздөрүнүн иш милдеттерин жүзөгө ашыруу максатында аткаруу бийлик
органдарынан белгиленген тартипте маалымат, анын ичинде жашыруун маалы-
маттарды алууга;
- энергетика тармагындагы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды
киргизүүгө;
- энергетикалык уюмдар менен керектөөчүлөрдүн, ошондой эле энерге-
тикалык уюмдардын өздөрүнүн ортосунда келип чыккан жањжалдарды кароого
жана чечүүгө;
- адамдардын өлүмүнө алып келген аварияларды жана бөөдө кырсыктар-
ды текшерүүнүн же негизги техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдү аткар-
боонун натыйжалары боюнча коопсуздук техникасынын эрежелерин, эксплуа-
тациялоо техникасынын эрежелерин одоно бузууга жол беришкен энергоком-
паниялардын башкы дирекциясынын мүчөлөрүн кызматтан бошотуу маселесин
энергокомпаниялардын директорлор кењешинин кароосуна киргизүүгө;
- бюджеттик уюмдарга электр жана жылуулук энергиясын жана жараты-
лыш газын керектөөнүн бөлүнгөн лимитин оњдоо боюнча Кыргыз Республика-
сынын Экономика жана финансы министрлигине сунуш киргизүүгө;
- Мамэнергоинспекциянын коллегиясында өз компетенциясынын чекте-
ринде менчигинин түрүнө карабастан энергокомпаниялардын жана ке-
ректөөчүлөрдүн жетекчилеринин отчетторун жана билдирүүлөрүн угууга жана
коллегиянын чечимдери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыр-
гыз Республикасынын Премьер-министрине жана зарыл учурларда укук коргоо
органдарына маалымат берүүгө;
- энергияны жана жаратылыш газын сарамжалдуу пайдалануу, электр
станцияларынын, электр жана жылуулук тармактарынын жана ке-
ректөөчүлөрдүн электр, жылуулук жана газ пайдалануучу түзүлүштөрүнүн
жана от жагуучу жайларынын техникалык абалын текшерүү актыларын түзүү
жана энергетикалык паспортту тариздөө менен мезгилдүү текшерип турууга;
- энергетика тармагында иш-аракетгин лицензиялануучу түрлөрүнө та-
лаптардын жана Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын
техникалык талаптарын аткарууга көзөмөл жүргүзүүгө;
- чарбакер субъекттердин кышкы шарттарда иштөөгө даярдыгын тек-
шерүү боюнча комиссиялардын иштерине катышууга жана аларга баа берүүгө,
объектинин (ишкананын) күзгү-кышкы мезгилге иштөөгө даярдыгынын паспор-
тун тариздөө жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз компетенциясынын
чектериндеги башка иштерди жүргүзүүгө;
- отун-энергетика комплексинин натыйжалуулугун жакшыртууга
мүмкүндүк берүүчү илимий-техникалык программаларды практикада ишке ашы-
руу менен алардын заказчысы болуп саналууга.
V. Мамэнергоинспекциянын жоопкерчилиги
9. Мамэнергоинспекциянын кызмат адамдары аларга жүктөлгөн милдет-
терди аткарбоо жана берилген укуктарды туура эмес пайдалануу үчүн Кыр-
гыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгендей жоопкерчилик тартышат.
10. Мамэнергоинспекциянын кызмат адамдарынын иш-аракеттерине Кыр-
гыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы
мүмкүн.
VI. Мамэнергоинспекциянын ишин уюштуруу
11. Мамэнергоинспекцияга Кыргыз Республикасынын Премьер министри-
нин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайында-
луучу директор башчылык кылат.
12. Директор Мамэнергоинспекцияга жүктөлгөн милдеттердин жана
функциялардын аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат, орун басарынын жа-
на Мамэнергоинспекциянын аймактык органдарынын жетекчилеринин милдетте-
рин аныктайт, жүктөлгөн милдеттер менен функциялардын аткарылышына
алардын жоопкерчилик дењгээлин белгилейт.
13. Статс-катчы кызматка Мамлекеттик кызмат боюнча кењештин реко-
мендациясы жана Мамэнергоинспекциянын директорунун макулдугу боюнча
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалат жана бошо-
тулат.
Директордун орун басары кызматка Мамэнергоинспекциянын директору-
нун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер министри тарабынан да-
йындалат жана бошотулат.
14. Директор Мамэнергоинспекциянын кызмат орундарынын тизмесин жа-
на кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын бекитет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газ боюн-
ча мамлекеттик инспекциянын борбордук аппаратынын кызматкерлеринин жо-
горку саны (тейлөөчү кенже персоналды кошпогондо) 117 бирдикти түзөт.
15. Мамэнергоинспекциянын директору кызматы боюнча энергетикалык
көзөмөл боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкы инспектору, ал
эми орун басары - энергетикалык көзөмөл боюнча мамлекеттик башкы инс-
пектордун орун басары болуп саналат.
16. Мамэнергоинспекциянын бөлүм начальниктери, башкы адистери, ай-
мактык органдарынын жетекчилери энергетикалык көзөмөл боюнча мамлекет-
тик улук инспекторлору болуп саналышат.
17. Мамэнергоинспекциянын жетектөөчү адистери, аймактык органдар-
дын улук инспекторлору жана инспекторлору энергетикалык көзөмөл боюнча
мамлекеттик инспекторлору болуп саналышат.
18. Мамэнергоинспекциянын директору өз компетенциясынын чектерин-
де:
- приказдарды жана нускамаларды чыгарат, алардын аткарылышын конт-
ролдойт;
- Мамэнергоинспекциянын кызматтык нускамаларын бекитет;
- Мамэнергоинспекциянын иштеринин жылдык планын бекитет;
- өзгөчө айырмаланган кызматкерлерге белгиленген тартипте ардак
наамдарды ыйгарууга жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары
менен сыйлоого көрсөтөт.
19. Мамэнергоинспекцияда 5 адам курамында коллегия түзүлүп, ага
Мамэнергоинспекциянын директору башчылык кылат. Коллегиянын жеке курамы
2 директору башчылык кылат. Коллегиянын жеке курамы Кыргыз Республика-
сынын Премьер-министри тарабынан бекитилет.
Мамэнергоинспекциянын коллегиясы өзүнун заседаниелеринде:
- Мамэнергоинспекциянын ар жылдык отчетун бекитет;
- мамлекеттик көзөмөлдү өркүндөтүү маселелерин, жогорудагы орган-
дарга киргизилүүчү документтердин, ошондой эле Мамэнергоинспекциянын
токтомдору менен приказдарынын, эрежелери менен нускамаларынын долбоор-
лорун карайт;
- аймактык органдардын жетекчииеринин отчетторун угат;
- ведомстволордун өкүлдөрүнүн, көзөмөлдөнүүчү ишканалардын, жабду-
уларды даярдоочу-заводдордун жана башка уюмдардын жетекчилеринин док-
ладдарын жана билдирүүлөрүн угат;
- бөөдө кырсыктарды жана аварияларды, коопсуздук техника эрежеле-
рин жана техникалык эксплуатациялоо эрежелерин бузууларды, ошондой эле
менчигинин түрүнө карабастан ишканаларда жана уюмдарда энергияны, газды
өндүрүүдө жана керектөөдөгү башка бузууларды териштирүүнүн натыйжаларын
угат, алар боюнча чечимдерди кабыл алат жана материалдарды Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарында белгиленген чараларды көрүү үчүн тиешелүү
мамлекеттик органдарга жиберет.
20. Мамэнергоинспекциянын директору жасалган иштери тууралуу жыл
сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берип турат.
21. Мамэнергоинспекциянын коллегиясынын чечими ага коллегия
мүчөлөрүнүн кеминде үчөө добуш бергенде кабыл алынды деп эсептелет.
VII. Мамэнергоинспекциянын мүлкү жана аны каржылоо
22. Мамэнергоинспекциянын имараты, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү
мамлекеттик менчик болуп саналат.
23. Мамэнергоинспекциянын иш-аракетин каржылоо булактары шарттуу
техникалык бирдиктердин көлөмүнө жараша энергокомпаниялардан чегерилген
финансы каражаттары, ошондой эле Мамэнергоинспекция тарабынан
көрсөтүлгөн акы төлөөтүүчү кызматтарды кошо алганда Кыргыз Республика-
сынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар жана түшкөн каражаттар
болуп саналат.
Мамэнергоинспекцияны күтүүгө энергокомпаниялардан чегерүүлөрдүн
тартиби жана өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат
жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиги тарабынан белги-
ленет жана энергокомпаниялардын электр, жылуулук энергиясына жана жара-
тылыш газына тарифтеринде каралат. Акы төлөтүүчү кызматтардын өлчөмдөрү
Мамэнергоинспекциянын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Монополияга
каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиги ме-
нен макулдашылат жана белгиленген тартипте бекитилет.
24. Энергетикалык уюмдар Мамэнергоинспекцияны күтүүгө электр, жы-
луулук энергиясына жана жаратылыш газына тарифтин структурасында карал-
ган ар жылдык чегерүүлөрдү жүргүзөт. Мындан тышкары бөлүштүрүүчү энер-
гокомпаниялар Мамэнергоинспекциянын расчеттук эсебине электр энергиясын
пайдалануу эрежелерин бузуулардын жана электр энергиясын уурдоолордун
Мамэнергоинспекциянын персоналы аныктаган фактылар боюнча түшкөн акча
каражаттарынын 30 процент өлчөмүндө ай сайын чегерүүлөрдү жүргүзүшөт.
VIII. Мамэнергоинспекцияны өзгөртүп кайра
түзүү жана жоюу
27. Мамэнергоинспекцияны өзгөртүп кайра түзүү жана жоюу Кыргыз
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 642 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекцнянын маселелери…Постановление · 30.12.2005 · № 642 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 15-августундагы № 334 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Энергетика жана газ…Постановление · 15.08.2007 · № 334 · Күчүн жоготкон