Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-01-24.
КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 8-майы № 150 Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене. "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-жыл, № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 55-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 17-пункт менен толукталсын:
"17) мамлекеттик органдын кызмат адамынын мыйзамдуу ишкердик жүргүзүүгө кийлигишүү менен экономикалык чыгымдарды келтирүүсү.".
2. 178-статьянын:
1-бөлүгүндөгү:
- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"(1) Жеке ишкердик кылуучуну же юридикалык жакты каттоодон мыйзамга ылайыксыз баш тартуу же аларды каттоодон четтөө, белгилүү ишти жүзөгө ашырууга атайын уруксат (лицензия) берүүдөн укукка ылайыксыз баш тартуу, болбосо аны берүүдөн четтөө, жеке ишкердик кылуучунун же юридикалык жактын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын ошого тете алардын өз алдынчалыгын чектөө, ишкердикти жана башка иштерди жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылып жаткан жайларды карап чыгуу болбосо жеке ишкердик кылуучунун же юридикалык жактын ишине мыйзамсыз түрдө башкача кийлигишүү, эгерде бул жосундар кызмат адамы тарабынан өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен жасалса, -"; экинчи абзацындагы "жүз өлчөмүнөн эки жүз өлчөмүнө" деген сөздөр "элүү өлчөмүнөн жүз өлчөмүнө" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "же жүз элүүдөн эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге"деген сөздөр алып салынсын; 2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "эки жүз өлчөмүнөн беш жүз өлчөмүнө" деген сөздөр "жүз өлчөмүнөн эки жүз өлчөмүнө" деген сөздөр менен алмаштырылсын; эскертүүдөгү биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда толукталсын: "Ушул статьяда жай деп менчигинин түрүнө карабастан ишкерлик жана башка ишти жүзөгө ашыруу үчүн ылайыкташтырылган офис, өндүрүштүк цех, кампа жана башка жайлар түшүнүлөт.".
3. 182-статьянын биринчи абзацындагы "коммерциялык уюм" деген сөздөр "юридикалык жак" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 305-статьянын 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "уюмдар" деген сөз "юридикалык жактын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 307-статьяда:
статьянын аталышындагы "лицензиялык" деген сөз "лицензиялык-уруксат берилген" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "лицензиясы" деген сөздөн кийин "белгилүү иш жүргүзүүгө атайын уруксаты, квалификациялык аттестаты (күбөлүгү)" деген сөздөр менен толукталсын;".
6. 315-статьянын экинчи абзацындагы "жүздөн" деген сөз алып салынсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К. Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 24.01.2017 · № 10
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 24.01.2017 · № 10
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон