59-статья. Бир нече кылмыш жасагандыгы үчүн жаза белгилөө
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 10-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 21 сентября 1998 года № 124
(1) Кылмыштар жыйындысы боюнча сот ар бир кылмыш боюнча өзүнчө жаза белгилеп, ушул Кодекстин 49-статьясында белгиленген чектерде толук же жарым-жартылай кошуу жолу менен жазаны биротоло белгилейт. (2) Сот негизги жазага, адам жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган кылмыштар үчүн белгиленген кошумча жазаларды кошуп кое алат. (3) Эгерде кылмыштар жыйындысына кирген, аларга карата ушул Кодексте алмаштыруу (эсепке алуу) мүмкүнчүлүгү каралбаган кылмыштар үчүн ар кандай түрдөгү жазалар белгиленсе, алар өз алдынча аткарылат. (4) Эгерде иш боюнча өкүм чыгарылгандан кийин соттолгон адамдын, биринчи иш боюнча өкүм чыкканга чейин ал тарабынан жасалган башка кылмыш үчүн күнөөлүү экендиги айкындалса, жаза ушул эле эрежелер боюнча дайындалат. Мындай учурда жаза мөөнөтүнө биринчи өкүм боюнча өтөлгөн жаза кошулуп эсептелет. (КР 1998-жылдын 21-сентябрындагы № 124 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
59-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-59" title="59-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>