Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолор жана озгортуулор киргизуу жонундо» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-01-24.
КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ
Бишкек шаары 2009-жылдын 20-февралы № 58
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолор жана озгортуулор киргизуу жонундо
2008-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасы- нын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1998-ж., N 7, 229-ст.) төмөнкүдөй толук- тоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 150-статьяда:
1-бөлүктө: биринчи абзац "же чектеш укуктардын объекттерин мыйзамсыз пайдала- нуу" деген сөздөрдөн кийин "ошого тете эле, сатуу максатында чыгарма- лардын же (жана) фонограммалардын, ЭЭМ үчүн программалардын контрафакт- тык нускаларын сатып алуу, сактоо, ордун которуу же жасоо" деген сөздөр менен толукталсын; экинчи абзацтагы "элүүдөн жүзгө чейинки" деген сөздөр "жети жүздөн бир мињ беш жүзгө чейинки" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 2-бөлүктүн экинчи абзацындагы "үч жүздөн жети жүзгө чейинки" деген сөздөр "бир мињ беш жүздөн үч мињге чейинки" деген сөздөр менен алмаш- тырылсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын: "Эскертүү. Ушул беренеде каралган жосундар, эгерде зыяндын же пай- данын өлчөмү же болбосо пайдалардын суммасы эсептик көрсөткүчтөн беш жүз эсе ашып кетсе, ири зыян келтирүү менен же ири өлчөмдөгү пайда та- буу максатында жасалган болуп таанылат, ал эми жосундар, эгерде зыяндын же пайданын өлчөмү же пайдалардын суммасы, кылмыш жасалган күнгө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн мињ эсе ашып кетсе, өзгөчө ири зыян келтирүү же өзгөчө ири өлчөмдөгү пайда табуу максатында жасалган болуп таанылат.".
2. 178-статьяда:
1-бөлүктүн биринчи абзацы "каттоодон мыйзамга ылайыксыз баш тартуу же аларды" деген сөздөрдөн кийин "мыйзамда белгиленген мөөнөттө" деген сөздөр менен толукталсын; эскертүүдөгү "187," деген цифралар алып салынсын.
3. 184-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "184-статья. Мыйзамсыз кредит берүү жана алуу"; статья төмөнкү мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын: "(3) Менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын кызмат адамдары жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик максаттуу кредитти мыйзамсыз бер- генде, же болбосо аларга кредит берүүнүн жењилдетилген шарттарын мый- замсыз бергенде - эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн мињге чейинки өлчөмүндөгү айыпка же белгилүү бир кызматты ээлөө, же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан беш жылга чейин ажыратууга, же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөө- нөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
4. 186-статья алып салынсын.
5. 213-статьяга эскертүү төмөнкү мазмундагы абзац менен толуктал-
сын: "Салык карызынын бүткүл суммасы, анын ичинде айыптар жана туумдар ыктыярдуу түрдө жоюлган учурда жакты жазыктык куугунтуктоо жазык про- цессинин ар кандай стадиясында токтотулууга тийиш. Бул бөлүмдүн жоболо- ру ушул Кодекстин 210-213-статьяларына жайылтылат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 24.01.2017 · № 10
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 24.01.2017 · № 10
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон