7-статья. Банктар бирликтери жана ассоциациялары
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · I бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 1 декабря 2005 года №158
7-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 7-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Кыргыз Республикасындагы банктар өз ишин координациялоо, жалпы
кызыкчылыктарды коргоо жана ага таламдаш болуу, биргелешкен долбоорлор- ду иштеп чыгуу жана башка жалпы милдеттерди чечүү үчүн чет өлкө банкта- рынын киришине да уруксат берилүүчү бирликтерди, ассоциацияларды жана башка бирикмелерди түзө алышат. Мына ушундай уюмдардын иши алардын уюш- туруу документтерине ылайык жүргүзүлөт жана Кыргыз банкынын лицензиясын талап кылбайт.
2. Банктар ушул Мыйзамдын негизинде ишин жүзөгө ашыруучу банктык
холдинг-компанияларды уюштурууга укуктуу. Бул уюмдар Кыргыз банкында катталууга жана ал тарабынан жөнгө салынууга тийиш. Банктык топко кирген компанияларды башкаруу максатында гана түзү- лүүчү банктык холдингдик компаниялар (башкаруу компаниялары) акционер- дик коом формасында түзүлүүгө тийиш. 2-1. Союздар, ассоциациялар жана банктардын башка бирикмелери мам- лекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып беш жумуш күнүнүн ичинде өздө- рүнүн түзүлгөндүгү тууралу Кыргыз банкына билдирүүгө тийиш.
3. Банктарга банк ишинде атаандаштыкты чектөөгө жана проценттик
ставкаларды жана далдалчылык акы өлчөмдөрүн белгилөө маселелеринде банк иштеринин рыногун монополиялаштырууга, ошондой эле банктын кардарларына зыян келтирүүчү шарттарды камтыган келишимге жетишүү үчүн өз бирликте- рин, ассоциацияларын жана башка бирикмелерин (анын ичинде холдинг-ком- панияларды) пайдаланууга тыюу салынат.
4. Банктарга жана ушул Мыйзамга ылайык ал аркылуу жөнгө салынуучу
башка финансы мекемелерине карата монополияга каршы мыйзамдын сакталышы Кыргыз банкы тарабынан контролдукка алынат. Кыргыз банкы мына ушул мак- саттарда милдеттүү аткарылууга тийиш болгон нормативдик актыларды жана көрсөтмөлөрдү чыгарышы мүмкүн.
5. Банктар капитал рыногунда, монополияга каршы мыйзамдарга ылайык
аныкталган акча жана валюта рынокторунда алардын жеке өзүнө же башка жактар менен бирдикте үстөмдүк кылуучу абалды камсыз кылган бүтүмдөргө келишүүгө же ошондой иштерди жүзөгө ашырууга тийиш эмес жана алар үчүн же үчүнчү жактар үчүн адилетсиз артыкчылыктарды камсыз кылышы мүмкүн болгон операциялардын жана иштердин ар кандай түрлөрүнө катышууга тийиш эмес. (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63, 2005-жыл- дын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 1 декабря 2005 года №158 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 марта 2003 года № 63 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике".Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармалыгынын 2012-жылдын 18-майы № 19/6 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алып, иши ал тарабынан жөнгө салынган банктардын…Постановление · 18.05.2012 · № 19/6
- Постановление Правления Нацбанка КР от 21 июля 2004 года № 18/2 "Об утверждении новой редакции Инструкции по определению стандартов адекватности капитала коммерческих банков…Постановление · 21.07.2004 · № 18/2
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармалыгынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/9 "Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 18-майындагы № 19/6 "Кыргыз Республикасынын Улуттук…Постановление · 31.10.2012 · № 41/9
- Постановление Правительства КР от 31 июля 2001 года №401 "О работе Государственной комиссии при Правительстве Кыргызской Республики по антимонопольной политике по демонополизации…Постановление · 31.07.2001 · № 401 · Күчүн жоготкон
- О требованиях к банкам и иным финансово-кредитным организациям, лицензируемым и регулируемым Национальным банком Кыргызской Республики, при выдаче кредитов клиентам-физическим…Постановление · 18.05.2012 · № 41/9
- О требованиях к банкам и иным финансово-кредитным организациям, лицензируемым и регулируемым Национальным банком Кыргызской Республики, при выдаче кредитов клиентам-физическим…Постановление · 18.05.2012 · № 41/9
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/560/st-7" title="7-статья - Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>